Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 17-августу № 342 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Ысык-Ата районунун мурдагы мамлекеттик администрациясынын администрациялык имаратын Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Ивановка айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүү жөнүндө Мамлекеттик менчикти натыйжалуу башкаруу жана муниципалдык менчик-ке өткөрүлчү обьекттердин тизмесин тартипке келтирүү максатында КыргызРеспубликасынын Өкмөтү токтом кылат: 1 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 11-ноябрындагы №531 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү жамааттарынын обьекттерин ком-муналдык менчикке өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна толуктоолорду кир-гизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 6-ноябрын-дагы № 646 токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин: - аталган токтомдун № 6 тиркемесинин "Ивановка айыл өкмөтү" дегенбөлүмү төмөнкүдөй мазмундагы позиция менен толукталсын."-----------------------------------------------------------------------Ысык-Ата районунун мурдагы | |мамлекеттик администрациясынын | 1 | 4250,3администрациялык имараты | |----------------------------------------------------------------------- ". 2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынМамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетине жана КыргызРеспубликасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттукагенттигине жүктөлсүн. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А. Атамбаев