Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 17-августу № 345 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Жалалабат облусундагы Аксы районунун калктуу конуштарынын аймактарын кењейтүү үчүн жер берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жалалабат облусундагы Аксы районунун тур-гундарынын социалдык маселелерин чечүү максатында, Кыргыз Республикасы-нын Жер кодексинин 4 жана 20-статьяларына ылайык Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Жалалабат облусунун мамлекеттик адми-нистрациясынын Жер бөлүп берүү менен байланышкан маселелер боюнча рес-публикалык комиссия менен макулдашылган, Жалалабат облусундагы Аксы ра-йонунун калктуу конуштарынын аймактарын кењейтүү үчүн Айыл чарба жерле-рин кайра бөлүштүрүү фондунун 363,4 га жерин берүү жөнүндө сунушу кабылалынсын, анын ичинде: - Кербен шаарынын - 114,4 га, анын ичинен 36,4 га - сугат айдоо,50,0 га - кайрак айдоо жана 28,0 га - кысыр ањыз; - Кошдөбө айылдык кењешинин - 129,0 га, анын ичинен 127,0 га - су-гат айдоо, 2,0 га - кайрак айдоо; - Үчкоргон айылдык кењешинин - 120,0 га анын ичинен 100,0 га - су-гат айдоо, 15,0 га - кысыр ањыз жана 5,0 га - жайыт. 2. Бул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлер "Айыл чарба багытында-гы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясынакоротулсун. 3. Кыргыз Республикасынын Жалалабат облусунун мамлекеттик адми-нистрациясы: - жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргиз-син; - бул токтомдун 1-пунктунда аталган жер участкаларына жалпы пайда-лануудагы автожолдорду бөлүү тилкесинин чегинен сыртта, жанындагы калк-туу конуштардын шаар куруу чечимдерин, социалдык-маданий багыттагы объ-ектилерди жана инженердик коммуникацияларды жайгаштырууну эске алуу ме-нен курулуш курууга шаар куруу документтерин иштеп чыксын; - жер участкаларына укук берүү жана жер участкаларын бөлүүнү бел-гиленген тартипте шаар куруу документтери бекитилгенден кийинжүргүзсүн. 4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануубөлүмүнө жүктөлсүн. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Атамбаев