Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 20-августу № 349 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомунун чет өлкөлүк кредиттери боюнча милдеттенмелерин реструктуралаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 8-ноябрындагы № 769 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомунункарыздарын реструктуралаштыруунун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн2006-жылдын 8-ноябрындагы № 769 токтому менен аныкталган шарттарын бе-рилген заемдук каражаттар үчүн акы төлөөнүн шарттарын сактоо жагындатактоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ачык акционердик коому-нун чет өлкөлүк кредиттери боюнча милдеттенмелерин реструктуралаштыруужөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 8-ноябрындагы №769 токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: - 1-пунктунун онунчу-он экинчи абзацтары төмөнкүдөй редакцияда ба-яндалсын: "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомунун2006-жылдын 30-июнуна карата 26124198,61 АКШ доллары (негизги сумма),348779,28 АКШ доллары (капиталдаштырылган проценттер) суммасындагы мөө-нөтү кечиккен карызы жана 2006-жылдын 1-июлунан 2009-жылдын 15-январыначейин салынган 2659658,14 АКШ доллары суммасындагы проценттери төмөнкү-дөй шартта капиталдаштырылсын жана өзүнчө карыздык милдеттенме менентаризделсин: проценттик ставка - жылдык 4 процент; мөөнөтүнөн өткөн төлөмдөр үчүн проценттер - жылдык 8 процент"; 1-пунктунун он төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "кредиттин негизги суммасы жана проценттерге карата карызды жоюубоюнча 2,5 жылга, негизги сумманын жана проценттердин баштапкы төлөпберүү күнү 2009-жылдын 15-январынан тартып белгилөө менен кийинкигекалтырылсын. 2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Фи-нансы министрлигине жүктөлсүн. Премьер-министр А.Атамбаев