Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 21-августу № 353 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Ысыккөл облусунун Түп районундагы Чоњташ айылдык кењешинин аймагына "Сүт-Булак" жабык акционердик коомуна жер участокторун берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын экономикасына тике инвестицияларды тартуумаксатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 233-6,284-статьяларына жана 27-главасына, Кыргыз Республикасынын Жер кодекси-нин 4, 5, 20 жана 32-статьяларына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүтоктом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Ысыккөл облусунун мамлекеттик админист-рациясынын Жер бөлүп берүү менен байланышкан маселелер боюнча республи-калык комиссия менен макулдашылган, Ысыккөл облусунун Түп районундагыЧоњташ айылдык кењешинин аймагындагы 1,07 га жерин "Сүт-Булак" жабыкакционердик коомуна ижара шартында 49 жылдык мөөнөткө убактылуу пайда-ланууга берүү жөнүндө сунушу кабыл алынсын, анын ичинде: - өндүрүштүк аймакты кењейтүү үчүн - 0,84 га сугат айдоо; - тазалоочу жайларды куруу үчүн 0,23 га жерлер, анын ичинен 0,1 гакайрак айдоо жана 0,13 га - жайыттар. 2. Бул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлер "Айыл чарба багытында-гы жерлер" категориясынан "Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргонуу жанабашка багыттагы жерлер" категориясына которулсун. 3. Кыргыз Республикасынын Ысыккөл облусунун мамлекеттик админист-рациясы: - төмөнкүлөрдү камсыз кылсын: "Айыл чарба жерлерин айыл чарбалык эмес муктаждыктар үчүн алып ко-юуга байланыштуу айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруу-нун наркынын убактылуу нормативдерин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республи-касынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 14-февралындагы N 66 токтому менен белги-ленген нормативдерге ылайык айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жанаалынбай калган пайданын ордун толтуруу наркынын суммасын "Сүт-Булак"жабык акционердик коомунун төлөшүн; Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык "Сүт-Булак" жабык акци-онердик коомунун Кыргыз Республикасынын Ысыккөл облусунун Түп районун-дагы Чоњташ айыл өкмөтү менен жер участогуна ижара келишимин түзүүсүн; - жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргиз-син. 4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануубөлүмүнө жүктөлсүн. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Атамбаев