Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 23-августу № 359
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Табигый кырсыктан жабыркаган калкты
турак жай менен камсыздоо, Кыргыз
Республикасынын аймагында табигый
кырсыктардын алдын алуу жана
локалдаштыруу боюнча
кечиктирилгис чаралар
жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кийинки жылдарда Кыргыз Республика-
сынын жарандарынын үйлөрү табигый мүнөздөгү кырсыктардын кесепетинен
бузулганы (зак кеткени) көбөйгөнүн белгилейт. Анын себептери жергилик-
түү бийлик органдары жер участокторду чектеп берүүдө инженердик-геоло-
гиялык, шаар куруу талаптарын этибар албаганында, ошондой эле турак үй-
лөрдүн колдонуудагы нормативдик укуктук актыларды бузуу менен курулга-
нында.
"Жеке менчик турак жай курулушу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамынын 25-статьясына ылайык, жер титирөөдөн жана табигый кырсыктар-
дан келген зыяндын ордун толтуруу имараттын долбоорго жана жер ти-
тирөөгө туруктуу курулуштун талаптарын сактоо менен курулгандык фактысы
аныкталганда гана ишке ашырылат ал эми аталган Мыйзамды бузуу менен ку-
рулган турак үйлөр жабыркагандардын өздөрүнүн эсебинен калыбына келти-
рилүүгө тийиш.
Бирок, жабыркагандардын материалдык оор абалдарын эске алуу менен
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аларга болушунча жардам берип жатат.
2002-жылдан 2006-жылга чейинки мезгилде бул максатка 400 млн. сом
бөлүнүп, 3208 үй-бүлө турак жай менен камсыздалган, 520 үй-бүлө турак
үй курууга узак мөөнөттүү жењилдиктүү ссуданын биринчи траншын алышты.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн табигый кырсыктан жабыркаган
калкты турак жай менен камсыздоо боюнча жүргүзүп жаткан иштерине кара-
бастан, жабыркаган үй-бүлөлөрдүн саны жылдан жылга көбөйүүдө.
Эгер 1994-жылдан 2001-жылга чейин 1012 үй-бүлө ссуда менен камсыз-
далбаса, 1994-жылдан 2007-жылга чейин алардын саны 5710 үй-бүлө болду,
анын ичинен 1232 үй-бүлө жер көчкү коркунучтуу зоналарда, таштар кулоо-
чу жана жээк эрозияланган зоналарда жашайт.
Турак үйүн 2006-жылы кура баштаган 520 жабыркаган үй-бүлөгө ушул
жылдын августунда 56 млн. сом бөлүнгөн. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө
караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттик турак
үйлөрдүн курулушун бүтүрүүгө кийинки транштарды берүүнү баштады.
Жер титирөөдөн жабыркаган 3037 үй-бүлөгө 70,8 млн. сом суммада
жардам берилди.
Табигый кырсыктардын кесепетинен жабыркаган үй-бүлөлөргө жардам
берүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин орган-
дары тарабынан 1994-2007-жылдарда кечүүгө көрсөтмө берилген, анын ичин-
де сел каптоолордун, кыртыш астындагы суулардын көтөрүлүшүнүн натыйжа-
сында жабыркаган үй-бүлөлөрдүн турак үйлөрүнүн бузулушу бузулуунун
4-даражасына киргизилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- "Кыргыз Республикасынын 2007-жылга республикалык бюджети
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилгенге че-
йин табигый кырсыктарга байланыштуу чыгымдарды 1994-2007-жылдарда жа-
быркаган калкка акча каражаттарын берүүнү камсыздоо менен каржылоого
уруксат берилсин;
- табигый кырсыктардан жабыркагандарга берилген мамлекеттик ипоте-
калык сертификаттарды жоюу үчүн зарыл каражаттар көбөйгөнүн эске алуу
менен "Кыргыз Республикасынын 2007-жылга республикалык бюджети жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду кир-
гизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун аныкталган
тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин;
2007-жылдын аягына чейин мамлекеттик ипотекалык сертификаттарды
берүүнү бүтүрсүн жана 1994-2007-жылдарда табигый кырсыктардан жабырка-
гандарга мамлекеттик жардам көрсөтүү үчүн зарыл акча каражат тапсын;
- "Кыргыз Республикасынын 2008-жылга республикалык бюджети
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунда көчүрүлчү турак
жайлардын курулушун тењ каржылоого каражат караштырсын жана 2008- жыл-
дын I кварталынан баштап турак үйлөрдү курууга каражат бөлүүнү камсыз-
дасын;
- үй-бүлөлөрдү көчүрүү үчүн аныкталган калктуу конуштардын башкы
пландарын түзүү боюнча жумуштарды каржылоону камсыз кылсын.
3. Райондордун мамлекеттик администрациялары:
- потенциалдуу коркунучтуу участоктордо жашаган үй-бүлөлөрдү
көчүрүүчү үчүн орундарды 2007-жылдын 1-сентябрына чейин аныкташсын;
- 2008-жылдын 1-мартына чейин жергиликтүү өз алдынча башкаруу ор-
гандары менен бирдикте турак үйлөрдү куруу үчүн жер участокторду
бөлүүнү аякташсын;
- жер көчкү коркунучтуу зоналарда, таш кулоо зоналарында жана жээк
эрозияга дуушарланган зоналарда жайгашкан турак үйлөрдү бузуу боюнча
чара көрүшсүн;
- калктуу конуштардын бекитилген башкы пландарына ылайык инженер-
дик инфраструктураны куруу маселесин чечишсин.
4. Республиканын калктуу конуштарындагы турак жайлык фондду сактоо
максатында Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү
өнөр жай министрлиги Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар минист-
рлиги менен бирдикте 2007-жылдын 1-октябрына чейин кыртыш астындагы су-
улардын дењгээлин төмөндөтүү, жээкти чыњдоочу жана селден сактоочу ку-
рулуштарды калыбына келтирүү боюнча иштердин планын иштеп чыксын жана
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө бекитүүгө берсин.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана куру-
луш боюнча мамлекеттик агенттик:
- 2008-жылдын 1-январына чейин жергиликтүү өз алдынча башкаруу ор-
гандарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын катышуусу
менен үй-бүлөлөрдү көчүрүү үчүн аныкталган калктуу конуштардын башкы
пландарынын иштеп чыксын;
- жабыркаган үй-бүлөлөрдүн ушул токтомдун 1-пунктуна ылайык
түзүлгөн тизмесин 2007-жылдын 1-сентябрына чейин Кыргыз Республикасынын
Финансы министрлигине аныкталган тартипте берсин (2007-жылдын 1-сентяб-
рына карата).
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 8-майындагы № 155
"Кыргыз Республикасынын аймагында болгон табигый кырсыктардан жабырка-
ган адамдардын жеке менчик турак үй куруусуна жана реконструкциялашына
мамлекеттик субсидияларды берүү үчүн мамлекеттик ипотекалык сертификат-
тарды чыгаруунун жана берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу"
токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында болгон таби-
гый кырсыктардан жабыркаган адамдардын жеке менчик турак үй куруусуна
жана реконструкциялашына мамлекеттик субсидияларды берүү үчүн мамлекет-
тик ипотекалык сертификаттарды чыгаруунун жана берүүнүн тартиби жөнүндө
жобого төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
9-пунктунун төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- жабыркаган адам 200 мињ сом төлөөгө макул болсо, турак үйдүн
каркасын (фундаментин, тирөөч дубалын, чатырын) бекитилген типтүү дол-
боор боюнча курууда 200 мињ сомго чейин. Жабыркаган тараптан кошо кар-
жылоо катары анын эсебинен сапаты боюнча ылайыктуу курулуш материалдар-
дын, буюмдардын жана конструкциялардын берилиши, ошондой эле Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мам-
лекеттик агенттик менен жабыркаган адамдын ортосунда түзүлчү келишим
боюнча техникалык көзөмөлдүн астында жабыркаган адам тараптан аткарылчу
жумуштар эсепке алынышы мүмкүн. Жабыркаган адам турак үйдүн каркасын
кошо төлөөдөн баш тарткан учурда 50 мињ сом өлчөмдө акысыз жардам бери-
лет.".
7. Күчүн жоготту деп эсептелсин:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-июнундагы № 229
"Кыргыз Республикасынын аймагында болгон табигый кырсыктардан жабырка-
ган адамдардын жеке менчик турак үй куруусуна жана реконструкциялашына
мамлекеттик субсидияларды берүү үчүн мамлекеттик ипотекалык сертификат-
тарды чыгаруунун жана берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу"
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 8-майындагы № 155 токтому-
на өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пунктунун үчүнчү жана
төртүнчү абзацтары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 30-июнундагы №
240-б буйругу.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын тийиштүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Атамбаев