Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 23-августу № 361
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Талды-Булак Сол жээк" долбоорун ишке ашыруу
боюнча кошумча чаралар жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2007-жылдын 30-августундагы № 381 токтомунун
редакциясына ылайык)
"Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун (мындан ары -"Кыргызалтын"
ААК) жана "Summer Gold" ("Саммер Голд") жоопкерчилиги чектелген коом-
доштуктун (мындан ары - "Sammer Gold" ЖЧК) ортосунда "Талды-Булак Сол
жээк" долбоорун ишке ашыруу боюнча биргелешкен иш-аракет жөнүндө макул-
дашууга 2006-жылдын 10-мартында кол коюлган.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык
ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик (мындан ары - Мамгеоагенттик) та-
рабынан "Алтынкен" жоопкерчилиги чектелген коомуна (мындан ары - "Ал-
тынкен" ЖЧК) "Талды-Булак Сол жээк" кенин иштетүү максатында жер казна-
сын пайдалануу укугуна 2006-жылдын 7-апрелинде лицензия берилген.
Көрсөтүлгөн токтомду ишке ашыруунун кечиктирилишине тынчсызданган
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2007-жылдын 11-апрелинде "Талды-Булак Сол
жээк" алтын кени жөнүндө" № 114 токтом кабыл алып, анда Мамгеоагенттик-
ке эгерде "Алтынкен" ЖЧК 2007-жылдын 30-апрелине чейинки мөөнөттө кен-
дин курулушунун тиешелүү техникалык долбоорлорун бербесе, лицензияны
жокко чыгаруу тапшырылган.
Өз кезегинде "Алтынкен" ЖЧК Бишкек райондор аралык сотуна аталган
долбоорго карата мамлекеттик бийлик органдарынын аракетсиздиги жөнүндө
арыз менен кайрылган.
Көрсөтүлгөн алтын кенин өздөштүрүү Кыргыз Республикасынын экономи-
касы үчүн өзгөчө маанилүү экендигин, ал эми соттук териштирүү аны ишке
ашыра баштоо мөөнөтүн белгисиз убакытка чейин кийинкиге жылдырып кое
тургандыгын көњүлгө алуу менен Тараптар сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүп, тие-
шелүү Тынчтык келишимин түзүү жана "Кыргызалтын" ААКы менен "Sammer
Gold" ЖЧКсынын ортосундагы биргелешкен иш-аракет жөнүндө макулдашууга
өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө өз ара түшүнүшүүгө
келишкен.
Жогоруда баяндалгандарга байланыштуу, "Талды-Булак Сол жээк" алтын
кенин өздөштүрүүнү тездетүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
токтом кылат:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- бир тараптан "Алтынкен" ЖЧКсынын жана экинчи тараптан Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар
боюнча мамлекеттик агенттиктин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караш-
туу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик
агенттиктин, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин
алдындагы Өнөр жайлык коопсуздукка көзөмөл жана кен көзөмөлү боюнча
мамлекеттик инспекциянын ортосунда Тынчтык макулдашуусунун долбоору;
- 2006-жылдын 10-мартында тараптар кол койгон, "Кыргызалтын" ААКы-
нын жана "Sammer Gold" ЖЧКсынын ортосунда биргелешкен иш-аракет жөнүндө
Макулдашуунун долбоору.
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мам-
лекеттик комитети "Кыргызалтын" ААКынын акционерлеринин кезексиз жалпы
чогулушунда "Кыргызалтын" ААКынын жана "Sammer Gold" ЖЧКсынын биргелеш-
кен иш-аракети жөнүндө Макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду
киргизүү тууралуу Макулдашууга кол коюу жөнүндө, ага кол коюуга "Кыргы-
залтын" ААКнын башкармасынын төрагасына ыйгарым укук берүү жөнүндө,
ошондой эле "Алтынкен" ЖЧКсынын уюштуруу жана башка документтерине тие-
шелүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө маселелерди ка-
расын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минерал-
дык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик "Кыргызалтын" ААКынын жана
"Sammer Gold" ЖЧКсынын ортосунда биргелешкен иш-аракет жөнүндө Макулда-
шууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Макулдашуудан
келип чыгуучу шарттарды "Sammer Gold" ЖЧКы жана "Алтынкен" ЖЧКы аткар-
ган учурда кен-байытуучу комбинат курууга жана "Талды-Булак Сол жээк" кенинин запастарын иштетүүнүн ТЭНинин жоболорун, "Талды-Булак Сол жээк" кенинин жер алдындагы руднигинин казылуучу комплексинин Техникалык долбоорун жана алар боюнча эксперттик корутундуларды эске алуу менен "Талды-Булак Сол жээк" кенин иштетүүгө №2 Лицензиялык макулдашууну 15
күндүк мөөнөттө түзсүн.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 30-августундагы №
381 токтомунун редакциясына ылайык)
4. "Талды-Булак Сол жээк" алтын кени жөнүндө" Кыргыз Республикасы-
нын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 11-апрелиндеги № 114 токтому күчүн жоготту
деп табылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын энергетика жана минералдык ресурстар бөлүмүнө
жүктөлсүн.
Премьер-министр А.Атамбаев