Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 24-августу № 362 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "КАТАСУЛ" жоопкерчилиги чектелген коомуна кыш жана черепица заводун куруу үчүн жер участогун берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 4, 20-статьяларына ылайык,курулуш материалдарынын өнөржайлык өндүрүшүн өнүктүрүүгө тике инвести-цияларды тартуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун мамлекеттик администрация-сынын Жер бөлүп берүү менен байланышкан маселелер боюнча республикалыккомиссия менен макулдашылган, Ош облусунун Карасуу районундагы Каш-кар-Кыштак айылдык кењешинин Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фон-дунун жалпы аянты 1,6 га жер участогунун, анын ичинде 0,8 га сугат жана0,8 га кайрак айдоолорун "КАТАСУЛ" жоопкерчилиги чектелген коомуна кышжана черепица заводун куруу үчүн ижара шартында 49 жылдык мөөнөт мененубактылуу пайдаланууга берүү жөнүндө сунушу кабыл алынсын. 2. Бул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлер "Айыл чарба багытында-гы жерлер" категориясынан "Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргонуу жанабашка багыттагы жерлер" категориясына которулсун. 3. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун мамлекеттик администрация-сы: - төмөнкүлөрдү камсыз кылсын: "Айыл чарба жерлерин айыл чарбалык эмес муктаждыктар үчүн алып ко-юуга байланыштуу айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруу-нун наркынын убактылуу нормативдерин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республи-касынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 14-февралындагы N 66 токтому менен белги-ленген нормативдерге ылайык айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жанаалынбай калган пайданын ордун толтуруунун наркынын суммасын "КАТАСУЛ"жоопкерчилиги чектелген коомунун төлөшүн; Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык "КАТАСУЛ" жоопкерчилигичектелген коомунун Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Карасуу районун-дагы Кашкар-Кыштак айыл өкмөтү менен жер участогуна ижара келишимин тү-зүүсүн; - жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргиз-син. 4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-мөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануубөлүмүнө жүктөлсүн. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Атамбаев