Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 24-августу № 366 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Түркмөнстандагы Элчилигин жайгаштыруу үчүн Ашгабат шаарында имарат сатып алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Түркмөнстандагы Элчилигин менчик имарат ме-нен камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине Кыргыз Респуб-ликасынын Түркмөнстандагы Элчилигин жайгаштыруу үчүн Ашгабат шаарындаимарат сатып алууга уруксат берилсин. 2. Имаратты сатып алууга жана тариздөөгө байланыштуу чыгашаларКыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин жана Кыргыз Республи-касынын чет өлкөлүк мекемелеринин консулдук жана башка кызмат көрсөтүү-лөрдөн түшкөн каражаттарынын эсебинен төлөнсүн. 3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мам-лекеттик комитети имарат сатып алынгандан кийин сатып алынган кыймылсызмүлктү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик менчиги катары каттасын. 4. Кыргыз Республикасынын Түркмөнстандагы Атайын жана Ыйгарымукуктуу Элчисине сатып алуучунун атынан имаратты сатып алуу-сатуу кели-шимине кол коюуга ыйгарым укук берилсин. 5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынТышкы иштер министрлигине жүктөлсүн. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Атамбаев