Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин

2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 24-августу № 367                КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ          "Кыргыз Республикасынын Администрациялык-жоопкерчилик          жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу"          Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө      Кыргыз Республикасынын  Конституциясынын 64-статьясына ылайык Кыр-гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:     1. "Кыргыз  Республикасынын  Администрациялык жоопкерчилик жөнүндөкодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын  Мый-замынын долбоору жактырылсын.     2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинежиберилсин.     3. Кыргыз Республикасынын ички иштер министри аталган мыйзам  дол-боору  Кыргыз  Республикасынын Жогорку Кењешинде каралганда Кыргыз Рес-публикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.      Кыргыз Республикасынын Премьер-министри           А.Атамбаев                                                                  Долбоор                     КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ          Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик              жөнүндө кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу      1-статья.      Кыргыз Республикасынын  Администрациялык  жоопкерчилик жөнүндө ко-дексине (Кыргыз   Республикасынын   Жогорку   Кењешинин   Ведомосттору,1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:     - 383-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:     "383-статья. Жарылгыч материалдарды жана пиротехникалык буюмдарды                  эсепке алуу, сатуу, ташуу, сактоо, алып келүү, алып                  чыгуу жана пайдалануу боюнча эрежелерди, нормаларды                  жана нускамаларды бузгандык      Өнөр жай тармактарында жана мамлекеттик көзөмөлдөө органдары конт-ролдоочу объекттерде  жарылгыч  материалдарды жана пиротехникалык буюм-дарды эсепке алуу, сатуу, ташуу, сактоо, алып келүү, алып чыгуу, пайда-лануу жана  жок  кылуу  боюнча эрежелерди, нормаларды жана нускамалардыбузгандык, эгер анда кылмыш-жазык иштин белгилери жок болсо, -     жеке адамдарга  жыйырмага чейин, кызмат адамдарына жана юридикалыкжактарга жыйырмадан жүзгө чейин эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө айып са-лууга кириптер кылат.".       2-статья.      Бул Мыйзам жарыялангандан үч айдан кийин күчүнө кирет.      Кыргыз Республикасынын Президенти