Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 24-августу № 369 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу "Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоокиргизүү тууралуу" 2007-жылдын 28 апрелиндеги № 45 Кыргыз Республикасы-нын
Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 25-февралындагы №103 "Аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык бөлүкчөлөрү та-рабынан берилүүчү Уруксат берүүчү документтердин
реестрин бекитүү жө-нүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: - "Өнөр жайлык коопсуздукка көзөмөл жана тоо-кен көзөмөлү боюнчамамлекеттик инспекция (Мамкентехкөзөмөл)" бөлүмүндөгү 1 жана 4-пункттаралып салынсын. 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 15-мартындагы №166 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштууӨнөр жай коопсуздугу жана кен көзөмөлү боюнча мамлекеттик инспекциянынмаселелери" жөнүндө
токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өз-гөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өнөр жай коопсуздугу жана кенкөзөмөлү боюнча мамлекеттик инспекция жөнүндө
жобого төмөнкүдөй өзгөр-түүлөр жана толуктоолор киргизилсин: - 7-пунктунда: жыйырма бешинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "опурталдуу өндүрүштүк объектилерди долбоорлоого, курууга (тургу-зууга) жана иштетүүгө аныкталган тартипте лицензияларды берет, өнөржайлык коопсуздукту экспертизалоо укугуна уруксаттарды, жардыруу жумуш-тарын жүргүзүү укугуна уруксаттарды жана жардыргыч материалдарды алуужана сактоо укугуна күбөлүктөрдү акысыз берет;"; Отуз жетинчи абзацтагы ", курамын, санын, постторду жайгаштыруунужана кампаларды кайтаруу тартибин" деген сөздөр алып салынсын; отуз сегизинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "өнөр жайлык арналыштагы жарылгыч материалдарды жана күчтүү таасирэтүүчү уулуу заттарды Кыргыз Республикасынан алып чыгуунун (алып келүү-нүн) тартибин макулдашат;"; - 8-пункттун он биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "- уруксатты колдонуунун шарттарын аткарбаган же технологиялык,техникалык жана өнөр жайлык коопсуздуктун нормалары одоно бузулганучурлар аныкталса, эгер бул кылмыштык жоопкерчиликке кириптер кылбаса,анда опурталдуу өндүрүштүк объектилерди долбоорлоого, курууга (тургу-зууга) жана иштетүүгө лицензиялардын жарактуулугун аныкталган тартиптеубактылуу токтотууга жана кайра алып коюуга, ошондой эле жардыруу жу-муштарын жүргүзүү укугуна, өнөр жайлык коопсуздукту экспертизалоо уку-гуна уруксаттардын жана адамдарга жарылгыч заттарды жүгүртүүгө байла-нышкан ишмердикке уруксаттардын жарактуулугун токтотуп турууга". 3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Атамбаев