Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 15-августундагы № 335 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигине караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик департамент жөнүндө ЖОБО I. Жалпы жоболор 1. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурста-ры министрлигине караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу бо-юнча мамлекеттик департамент (мындан ары - Мамдепартамент) Кыргыз Рес-публикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигининотун-энергетика комплекси тармагындагы уюмдарда Кыргыз Республикасынынмыйзамдарына ылайык жөнгө салуу, товардык рынокторду жана атаандаштыктыөнүктүрүү, монополиялык ишмердикти чектөө жана кара ниет атаандаштыктыболтурбоо боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашырууга ыйгарым укук берил-ген ведомстволук подразделениеси болуп эсептелет. 2. "Кыргыз Республикасындагы табигый жана уруксат берилген монопо-лиялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-статьясына ылайыкМамдепартамент Кыргыз Республикасынын аймагында керектөөчүлөргө электр,жылуулук энергияларын, табигый газды жана отун ресурстарын экономикалыкжактан негизделген баада берүү максатында өндүрүштүк-чарбалык иш жүр-гүзгөн ОЭК уюмдарынын иштерин менчигинин формасына карабастан жөнгө са-лат жана контролдойт. 3. Мамдепартамент өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын,Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарын, Кыргыз Республикасы-нын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республи-касынын Өкмөтүнүн нормативдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынынбашка нормативдик укуктук актыларын, ошондой эле Кыргыз Республикасынынмыйзамдарында белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык макулдашуу-ларды жана ушул Жобону жетекчиликке алат. 4. Мамдепартаменттин чечимдери токтом, буйрук, көрсөтмө формасындакабыл алынат. 5. Мамдепартамент юридикалык жак болуп эсептелет, Кыргыз Республи-касынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн жана өзүнүн аталышы мам-лекеттик жана расмий тилдерде жазылган мөөрү, Кыргыз РеспубликасынынФинансы министрлигинин Борбордук казыналыгында алыш-бериш эсеби болот. 6. Мамдепартамент ОЭКтеги уюмдарда монополияга каршы саясат, ата-андаштыкты өнүктүрүү, коргоо жана керектөөчүлөрдүн укугун коргоо масе-леси боюнча жөнгө салуу функцияларын аткарат. 7. Мамдепартамент өз ишин төмөндөгү принциптер боюнча жүргүзөт: - ОЭКтеги уюмдардын монополиялык ишмердигинин кесепеттерин болтур-боо, энергетикалык уюмдардын финансылык чыгымдарын азайтууну жана көр-сөтүлүп жаткан кызматтын сапатын жогорулатууну камсыздоо; - ОЭК уюмдарынын рыногун өнүктүрүүгө жана энергиялык ресурстардыатаандаш өндүрүүчүлөрдүн жана жеткирүүчүлөрдүн пайда болушуна дем бе-рүү. II. Мамдепартаменттнн негизги милдеттери 8. Мамдепартаменттин негизги милдеттери болуп төмөндөгүлөр эсепте-лет: - ОЭК тармагында иштеп жаткан уюмдар энергия ресурстарын керектөө-чүлөргө көрсөтүүчү кызматтарды колдоо жана анын сапатын жогорулатуу; - ОЭК уюмдарынын ишинин экономикалык натыйжалуулугун жана ишенич-түүлүгүн жогорулатуучу шарттарды түзүү; - ОЭК уюмдарында монополияга каршы жөнгө салуу жана Кыргыз Респуб-ликасындагы энергоресурс керектөөчүлөрүнүн укугун коргоо тармагындамамлекеттик саясатты ишке ашыруу; - Кыргыз Республикасынын аймагында электр, жылуулук энергияларыжана табигый газ менен экономикалык жактан негиздүү, дискриминациясызбаада камсыз кылуу максатында мамлекеттик жөнгө салууну жүзөгө ашыруу; - керектөөчүлөрдүн (абоненттердин), ОЭК уюмдарынын табигый жанауруксат берилген монополия субъекттеринин кызыкчылыктарынын балансынкамсыздоо; - жарандардын жана башка керектөөчүлөрдүн мыйзамдуу кызыкчылыкта-рын ОЭК уюмдарындагы монополизм көрүнүштөрүнөн жана кара ниет атаандаш-тыктан коргоо; - ОЭК тармагында монополияга каршы жөнгө салуунун жана демонополи-зациянын, атаандаштыкты коргоонун жана өнүктүрүүнүн, ОЭК тармагында иш-кердикти өнүктүрүү үчүн ыњгайлуу шарттарды түзүүнүн негизинде рыноктукмамилелердин калыптанышына шарт түзүү. III. Мамдепартаменттин функциялары 9. Мамдепартамент төмөнкүдөй функцияларды ишке ашырат: 9.1. Тармактык саясат функциялары: - ОЭК уюмдарында монополияга каршы саясатты жүргүзөт; - демонополизация боюнча чараларды иштеп чыгат жана ОЭК уюмдарындаишке ашырат; - ОЭК уюмдарынын ишин мамлекеттик жөнгө салуу жана контролдоо ар-кылуу энергоресурстарды керектөөчүлөрдүн (абоненттердин), ОЭК уюмдарын-дагы табигый жана уруксат берилген монополиялардын субъекттеринин кы-зыкчылыктарынын балансын камсыз кылат: - зарыл учурларда өз компетенциясына тиешелүү маселелер боюнчамыйзамдардын долбоорлору жана башка ченемдик укуктук актылар боюнча ко-рутундуларды берет; - аткаруу бийлигинин органдары, жергиликтүү өз алдынча башкарууоргандары, жеке жана юридикалык жактар үчүн ОЭК ишканаларында атаандаш-тыкты коргоого жана өнүктүрүүгө, энергиялык ресурстардын керектөөчүлө-рүнүн укуктарын коргоого, ошондой эле ОЭК уюмдарын өнүктүрүүгө багыт-талган иш-чараларды жүргүзүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат; - ОЭК тармагында чарбакер субъекттерди түзүү, өзгөртүп түзүү, жо-юу, ОЭК тармагындагы табигый жана уруксат берилген монополиялардынсубъекттеринин бүтүмдөрдү түзүү жана инвестицияларды тартуу маселелерибоюнча мамлекеттик монополияга каршы экспертизаларды жасайт; - энергиялык ресурстарды экспорттоонун жана импорттоонун механизм-дерин иштеп чыгат; - өз компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасы-нын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигине мамлекеттераралык макулдашууларды түзүү, эл аралык долбоорлорду жана программалар-ды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, ошондой эле чет мамлекеттердин мамле-кеттик органдары жана коомдук уюмдары жана эл аралык уюмдар менен кыз-матташуу жөнүндө сунуштарды киргизет; - Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстарыминистрлиги менен макулдашуу боюнча ОЭК тармагында монополияга каршысаясат, керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жапа жонго салуу тармагындагыинтеграцияны терењдетүү боюнча мамлекеттер аралык байланыштарды жүргү-зүү чараларын жүзөгө ашырат; - ОЭК ишканаларында жөнгө салуу маселелери боюнча төмөндөгү уюмдарменен эл аралык кызматташууну ишке ашырат: Борбордук Азиялык кызматташ-тык уюму, Экономикалык кызматташтык уюму, Көз карандысыз МамлекеттерШериктештигинин Электр энергетикалык кењеши, ЕврАзЭСтин Энергетикалыксаясат боюнча кењеши, Европанын энергетикалык хартия келишиминин Секре-тариаты, АКШнын эл аралык өнүктүрүү агенттиги, чыгыш Европа жана Көзкарандысыз Мамлекеттер Шериктештигиндеги өлкөлөрдүн Жөнгө салуучуларассоциациясы, Коммуналдык ишканаларды жөнгө салуу боюнча комиссиялардынмүчөлөрүнүн улуттук ассоциациясы жана башка эл аралык уюмдар. 9.2. Жөнгө салуу функциялары: - өз компетенциясынын чегинде, анын ичинде керектөөчүлөрдүн укугункоргоо боюнча маселеси боюнча эрежелерди, нускамаларды иштеп чыгуугакатышат; - табигый жана уруксат берилген монополиялардын, жана жөнгө салы-нуучу субъектилеринин ишмердүүлүгү чөйрөсүндө кабыл алынган тартиптемамлекеттик жөнгө салууну ишке ашырат; - монополияга каршы мыйзамдарды, керектөөчүлөрдүн укугун коргоомыйзамдарын, ошондой эле, ОЭК тармагындагы тариф саясатын жана энергиякомпанияларынын аны колдонуу практикасын өркүндөтүү боюнча ченемдикукуктук актыларды иштеп чыгууга катышат; ишкердиктин төмөнкүдөй түрлөрүнө лицензия берет: электр, жылуулук энергиясын жана табигый газды өндүрүүгө, берүүгө,бөлүштүрүүгө жана сатууга; нефтини жана табигый газды иштетүүгө; электр станцияларын, подстанцияларды жана электр өткөргүч линияла-рын курууга; электр энергиясын импорттоого жана экспорттоого; көмүр кендерин иштетүү боюнча ишкердик жүргүзүүгө; - ОЭКтеги уюмдардын жана керектөөчүлөрдүн даттанууларын, арыздарынөз компетенциясынын чегинде аныкталган тартипте карайт; - ОЭК уюмдарынын товарларына (жумуштарына, кызмат көрсөтүүлөрүнө)баа жана тарифтерди коюу механизмдерин иштеп чыгат жана белгилейт; - электр, жылуулук энергияларына, табигый газга жана отун ресурс-тарына тарифтерди бекитет, ОЭК уюмдарында табигый жана уруксат берилгенмонополиялардын реестрине киргизилген лицензиаттар жана (же) уюмдар та-рабынан көрсөтүлчү кызматтарга бааларды аныктайт; - энергия менен камсыздоодо бөлүштүрүүчү уюмдардын жана керектөө-чүлөрдүн укуктарын жана милдеттерин регламенттөөчү типтүү контракттар-ды, ошондой эле энергия ресурстарынын рыногунун катышуучуларынын орто-сундагы контракттарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленгентартипте иштеп чыгат жана жарыялайт; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, энергетикалык ресур-старды керектөөчүлөргө кызмат көрсөтүү жана алардын сапатын жогорулатуумаселеси боюнча стандарттарды жана ченемдик документтерди иштеп чыгатжана киргизүүнү камсыз кылат; - чарбакер субъекттердин товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүү-лөрдү) сатып алуусу боюнча тендердик комиссиялардын ишине катышат; - энергиялык системанын сапатын жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылуугазарыл болгон техникалык регламенттерди иштеп чыгууга катышат жана ма-кулдашат; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитүүчү электр энергиясынын ры-ногунун эрежелеринин негизинде электр энергетика рыногунун контрактта-рын каттоочуну анын ролун, ыйгарым укуктарын жана милдеттерин аныктооменен дайындайт; - ОЭК уюмдарында табигый жана уруксат берилген монополиялардынсубъекттеринин мамлекеттик реестрин түзөт жана жүргүзөт. 9.3. Координация, мониторинг жана көзөмөл функциялары: - Мамдепартаменттин компетенциясына кирген маселелер боюнча эларалык уюмдардын, чет мамлекеттердин өкмөттүк эмес уюмдарынын ишине ка-тышат; - ОЭК уюмдарында электр, жылуулук энергияларынын, табигый газдын,отун ресурстарынын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн баасына жана тарифтеринемониторинг жүргүзөт; - керектөөчүлөрдүн укугун коргоо маселеси боюнча өз компетенциясы-нын чегинде коомдук уюмдар (ассоциациялар) менен байланышта иштешүүнүкамсыз кылат; - ОЭК тармагында жана энергиялык ресурс рыногунда атаандаштык чөй-рөнүн абалына анализ жүргүзөт; - ОЭК уюмдарындагы табигый монополиялардын субъекттеринин жана ке-ректөөчүлөрдүн ортосундагы келишимдерди жөнгө салат; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ОЭК уюмдарынын балан-стык отчетторун алат. 9.4. Кызмат көрсөтүү функциялары: - Мамдепартамент тарабынан белгиленчү баалар жана тарифтер туура-луу лицензиаттар жана керектөөчүлөр сураган жашыруун эмес маалыматтардыберет; - Мамдепартаменттин компетенциясына кирген маселелер боюнча юриди-калык жактардын жана жеке адамдардын даттанууларын, арыздарын жана су-нуштарын карайт; - өзүнүн иштери жана Мамдепартаменттин кабыл алган чечимдери жө-нүндө жалпыга маалымдоо каражаттары жана Веб-сайт аркылуу коомчулуккамаалымдайт; 9.5. Колдоо функциялары: - ички рыноктогу атаандаш чөйрөнүн абалын эске алуу менен ОЭК уюм-дарында тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуунун (анын ичинде бажытарифтеринин наркын өзгөртүү боюнча) тиешелүү методдорун жана чараларынколдонуу боюнча сунуштарды иштеп чыгат; - өзүнүн чечимдерин жана көрсөтмөлөрүн лицензиат керектөөчүлөргөчечмелөө максатында конференцияларды, семинарларды, "тегерек столдорду"(анын ичинде эл аралык институттардын катышуусу менен) уюштурат, аныничинде массалык маалымат каражаттары аркылуу уюштурат; - Мамдепартаменттин кадрларынын квалификациясын жогорулатууга жанакайра даярдоого шарт түзөт; - энергетикалык секторду колдоо үчүн Мамдепартаменттин башка өлкө-лөрдүн тиешелүү мекемелери (жөнгө салуучулары) менен өз ара байланыштаиштешүүсүн камсыз кылат; - фундаменталдык жана прикладдык илимдерди өнүктүрүү, энергиялыкресурстар өндүрүшүн жана энергиялык камсыздоо системасын өнүктүрүү,ошондой эле энергиянын кайра калыбына келчү булактарын өнүктүрүү макса-тында энергетика тармагында жањы технологиялардын, энергетикадагы"ноу-хауну" иштеп чыгууга көмөк көрсөтөт; - ОЭК тармагындагы өндүрүштүн потенциалын жогорулатууга багыттал-ган изилдөөлөрдүн натыйжаларын жайылтуу боюнча Кыргыз РеспубликасынынӨнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигине сунуштарды кир-гизет; - энергиянын кайра калыбына келчү булактарын (ЭККБ) өнүктүрүү үчүныњгайлуу климатты түзүүгө көмөк көрсөтөт, ошондой эле энергиянын кайракалыбына келчү булактары боюнча конкреттүү сунуштарды киргизет. IV. Мамдепартаменттин укуктары 10. Өз функцияларын ишке ашыруу үчүн Мамдепартамент төмөндөгүлөргөукуктуу: - Мамдепартаменттин компетенциясына кирген маселелер боюнча атка-руу бийлигинин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдарына,менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактарга жана жеке адамдаргаэреже бузууларды токтотуу жана алардын кесепетин жоюу жөнүндө аткаруугамилдеттүү болгон көрсөтмөлөрдү берүүгө; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандыгы үчүн аткаруу бий-лигинин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдарына жана алар-дын кызмат адамдарына, уюмдар менен мекемелерге жана алардын жетекчиле-рине, жеке адамдарга айып жана экономикалык санкция салуу жөнүндө анык-талган тартипте чечим (токтом) чыгарууга; - чарбакер субъекттердин монополияга каршы мыйзамдарды жана ОЭКтармагындагы мыйзамдарды сактоо маселелери, ошондой эле чарбакер субъ-екттердин бааларды (тарифтерди) туура белгилөөсү жана колдонуусу боюнчатекшерүүлөрдү жүргүзүүгө жана зарыл болгон документтерди, маалыматтардыжана түшүндүрмөлөрдү кагаз жана оозеки түрүндө алууга; - зарыл болгон учурларда укук коргоо органдарына Кыргыз Республи-касынын мыйзамдарын бузгандык боюнча иш козгоо маселесин чечүү үчүн ма-териалдарды берүүгө; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандык боюнча иштерди ка-роо, текшерүү жана экспертиза жүргүзүү үчүн адистерди, эксперттерди,илимий жана башка уюмдарды тартууга, эксперттик жумушчу топторду түзүү-гө; - Аткаруу кењешинин жыйынында мамлекеттик башкаруу, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарын, чарбакер субъекттердин,уюмдардын жана мекемелердин жетекчилерин Мамдепартаменттин компетенция-сына кирген маселелер боюнча угууга; - чарбакер субъекттердин кошулуу, өзгөртүп уюштуруу, жоюлуу, ком-мерциялык уюмдардын уставдык капиталындагы акцияларды (үлүштөрдү) алуу,монополияга каршы мыйзамда каралган башка иштерди жүзөгө ашыруу жөнүндөрасмий өтүнүч/билдирүүлөрүн кароого жана алар боюнча тиешелүү чечимдер-ди кабыл алууга; - сот органдарына арыз менен кайрылууга жана сот ишине катышууга; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укук-тарды ишке ашырууга; 11. Бардык энергетикалык, өнөр жайлык ишканалардан, ведомстволор-дон, менчигинин түрүнө карабастан уюмдардан, юридикалык жактардан жанажеке адамдардан, ошондой эле статистика органдарынан өз милдеттерин ат-каруу үчүн зарыл болгон маалыматты, анын ичинде жашыруун жана/же ком-мерциялык сырды камтыган маалыматты ыйгарым укуктарынын чегинде анык-талган тартипте суроого жана алууга. V. Мамдепартаменттин ишин уюштуруу 12. Мамдепартаментти Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетикажана отун ресурстары министринин сунушу менен Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министри тарабынан кызматка дайындалуучу жана бошотулуучу ди-ректор башкарат. Директордо Мамдепартаменттин директорунун сунушу менен Кыргыз Рес-публикасынын өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министри тарабы-нан кызматка дайындалуучу жана бошотулуучу орун басары болот. Мамдепартаменттин директору: - Мамдепартаментке жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын атка-рылышы үчүн жеке жоопкерчиликте болот; - Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана отун ресурста-рынын министрине Мамдепартаменттин түзүмүн, штаттык санын бекитүүгө бе-рет; - Мамдепартаменттин аппаратынын кызматкерлерин кызматка дайындайтжана бошотот, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аларга сыйлоожана тартиптик жаза чараларын колдонот; - өз компетенциясынын чегинде Аткаруу кењешинин токтомдорун атка-рууну камсыз кылуу боюнча буйруктарды чыгарат жана чечимдерди кабылалат; - өз компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын Өнөр жай,энергетика жана отун ресурстары министрлиги жана Тышкы иштер министрли-ги менен макулдашуу боюнча эл аралык келишимдерди түзөт, чет өлкөлөрдүнтиешелүү мекемелери, эл аралык уюмдар жана юридикалык жактар менен сүй-лөшүүлөрдү жүргүзөт жана макулдашууларга кол коет; - жыл сайын Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отунресурстары министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Мамдепар-таменттин аткарган иштери боюнча отчет берет; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык Мам-департаменттин ишин жетектөө боюнча башка ыйгарым укуктарды жана функ-цияларды ишке ашырат. 13. Мамдепартаменттин түзүмүндө Аткаруу кењеши иштейт, ал КыргызРеспубликасынын өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министринен,Мамдепартаменттин директорунан жана Кыргыз Республикасынын экономикалыкөнүктүрүү жана соода министринин орун басарынан турат. Аткаруу кењеши өз жыйындарында төмөнкүдөй маселелерди карайт жанаалар боюнча чечимдерди чыгарат: - ОЭК уюмдарындагы бааларды жана тарифтерди аныктоо; электр, жылуулук энергияларын жана табигый газды өндүрүүгө, берүү-гө, бөлүштүрүүгө жана сатууга; нефтини жана табигый газды иштетүүгө; электр станцияларын, подстанцияларды жана электр өткөргүч линияла-рын курууга; электр энергиясын импорттоого жана экспорттоого; көмүр кендерин иштетүү боюнча ишкердик жүргүзүүгө Кыргыз Республи-касынын мыйзамдарына ылайык лицензияларды берүү; - контракттардын каттоочуларын дайындоо; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, ошондой эле лицензиялардынбелгиленген шарттарын сактабаган жана ОЭК уюмдарындагы иш жүргүзүүнүншарттарын аткарбаган учурларда экономикалык санкцияларды колдонуу; - Аткаруу кењешинин иш пландарын бекитүү; - Мамэнергоинспекциянын директору тарабынан берилген Кыргыз Рес-публикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигинекараштуу Энергетика жана газ боюнча мамлекеттик инспекциянын (Мамэнер-гоинспекция) чыгымдарынын сметасын макулдашуу; - Мамдепартаменттин компетенциясына кирген башка маселелер. 14. Аткаруу кењешинин регламенти Мамдепартаменттин директорунунсунушу боюнча Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана отун ре-сурстары министри тарабынан бекитилет. VI. Мамдепартаменттин мүлкү жана каржылоо 15. Мамдепартаменттин карамагындагы ага мүлк оперативдүү башкарууукугунда таандык болот. 16. Мамдепартаментти кармоого кеткен чыгымдар республикалык бюд-жеттин эсебинен каржыланат. VII. Мамдепартаменттин өзгөртүп уюшулушу жана жоюлушу 17. Мамдепартаменттин өзгөртүп уюшулушу жана жоюлушу Кыргыз Рес-публикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте ишке ашырылат.