Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 17-августундагы N 338 токтому менен бекитилген Минск шаары2006-жылдын 27-ноябры Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Беларусь Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы өнөр жай менчигин коргоо тармагындагы кызматташтык жөнүндө МАКУЛДАШУУ Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жа-на Беларусь Республикасынын Өкмөтү, эки мамлекеттин ортосунда түзүлгөн тарыхый достук мамилелерди эскеалышып, соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташууну өнүктүрүү-нү каалашып, мындай кызматташууну өнүктүрүүнүн зарыл шарты өнөр жай менчигиннатыйжалуу жана тийиштүү түрдө коргоо болуп эсептелерин моюнга алышып, төмөндөгүлөр жөнүндө макулдашты: 1-статья. Ушул Макулдашуунун максаттары үчүн "өнөр жай менчиги" түшүнүгүнӨнөр жай менчигин коргоо боюнча 1883-жылдын 20-мартындагы, Стокгольмдо1967-жылы 14-июлда кайтадан каралып чыккан, 1979-жылы 28-сентябрдаөзгөртүүлөр киргизилген Париж конвенциясынын (мындан ары - Париж кон-венциясы) 1-статьясында көрсөтүлгөн мааниде түшүнүү керек. 2-статья. Тараптар өнөр жай менчигин коргоо тармагында кызматташууну ушулМакулдашууга жана алар катышуучусу болгон же келечекте катышуучусу болотурган башка эл аралык келишимдерге ылайык өз ара пайдалуулуктун жанатењ укуктуулуктун негизинде ишке ашырышат жана өнүктүрүшөт. Тараптардын кызматташуусу: өнөр жай менчик объектилерине карата укуктарды коргоого жана пай-даланууга байланышкан маселелерди жөнгө салууга; өнөр жай менчигин коргоо тармагында Тараптардын мамлекеттерининулуттук мыйзамдарын шайкеш келтирүүгө; өнөр жай менчигин коргоо тармагында маалыматтарды, ченемдик жанабашка документтерди, ошондой эле тажрыйба жана адистерди алмашууга; кызматташуунун эки Тарап өз ара макулдашкан башка формаларына ба-гытталат. 3-статья. Өнөр жай менчигин коргоо тармагында бир Тараптын мамлекетинин жекеадамдары жана юридикалык жактары экинчи Тараптын мамлекетинин аймагындаушул Тараптын мамлекетинин мыйзамдарында өзүнүн жеке адамдарына жанаюридикалык жактарына азыркы учурда берилген же бериле турган ушул элеукуктар менен артыкчылыктардан укуктук коргоонун ошол эле каражаттарыношол эле негизде жана ошол эле көлөмдө пайдаланышат. Мында ушул Макулдашуу менен жөнгө салынбаган маселелер боюнча Та-раптар Париж конвенциясынын жоболорун колдонушат. 4-статья. Тараптар, эгерде ойлоп табууга автордук күбөлүк же СССРдин күбөлү-гү берилип, бирок ушул ойлоп табууга улуттук патент алуу боюнча башкаадамдар өтүнүч берген күнгө чейин эле ушул ойлоп табууну пайдаланууукуктуу түрдө башталса, Кыргыз Республикасынын же Беларусь Республика-сынын ар кандай жеке адамдары же юридикалык жактары ушул ойлоп табуунулицензиялык келишим түзбөстөн эле пайдаланууга укуктуу экендигин моюнгаалышат. Ушуну менен бирге аталган ойлоп табуу кайсы Тараптын мамлекетининаймагында пайдаланылса авторлорго сыйакы төлөө ошол мамлекеттин ченем-дик укуктук актыларында белгиленген тартипте жүргүзүлөт. 5-статья. Бир Тараптын мамлекетинин жеке адамдары жана юридикалык жактарыэкинчи Тараптын мамлекетинин аймагында өнөр жай менчигине тийиштүү па-тенттик фондулардан, китепканалардан, маалымат банктарынан анын өздөрү-нүн жеке адамдары жана юридикалык жактары пайдаланышкан шарттарда пай-даланышат. 6-статья. Бул Макулдашууну жүзөгө ашырууга төмөнкүлөр жоопкер болуп саналы-шат: Кыргыз Республикасында - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштууИнтеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик агенттик; Беларусь Республикасында - Беларусь Республикасынын Илим жана тех-нологиялар боюнча мамлекеттик комитети. Бул Макулдашууну жүзөгө ашыруу боюнча жоопкер мамлекеттик орган-дардын кызматташуусунун тартиби жана шарттары алардын ортосунда түзү-лүүчү атайын макулдашуулар менен аныкталат. 7-статья. Ушул Макулдашууну жүзөгө ашыруу үчүн Тараптардын жоопкер мамлекет-тик органдарынын ортосунда бул Макулдашууга ылайык жүргүзүлүүчү кат ал-машуулар орус тилинде жүргүзүлөт. 8-статья. Бул Макулдашуудан келип чыгуучу же аны аткарууга байланышкан масе-лелер боюнча кайчы пикирлер келип чыккан учурда Тараптардын өкүлдөрүтиешелүү консультацияларды өткөрүшөт жана ушул кайчы пикирлерди жөнгөсалуу боюнча зарыл чараларды көрүшөт. 9-статья. Бул Макулдашуу Тараптардын өнөр жай менчиктерин коргоо тармагындабашка мамлекеттер менен эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташууларгакатышуусуна жолтоо болбойт. 10-статья. Бул Макулдашууга Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча ушул Ма-кулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналган өзүнчө Протокол менен тариз-делчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн. Протоколдун жоболору ушул Макулдашуунун 11-статьясына ылайык күчү-нө кирет. 11-статья. Бул Макулдашуу анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттикички жол-жоболорду Тараптар аткаргандыгы жөнүндө дипломатиялык каналдарбоюнча кат жүзүндө акыркы кабар берилген күндөн тартып 30 күндөн кийинкүчүнө кирет. Бул Макулдашуу беш жылдык мөөнөткө түзүлөт. Эгерде Тараптардын би-ри экинчи Тарапка бул Макулдашууну колдонууну токтотуу жөнүндө өз ние-тин ушул мөөнөттүн бүтүшүнө алты ай калганга чейин кат формасында дип-ломатиялык каналдар боюнча билдирбесе, анын күчү кийинки беш жылдыкмөөнөттөргө өзүнөн өзү узартылып турат. Бул Макулдашууну колдонууну токтотуу эки Тараптын мамлекеттерининжеке адамдарына жана юридикалык жактарына берилген же берилүүчү коргоодокументтеринин жарактуулугуна таасир этпейт. Минск шаарында 2006-жылдын 27-ноябрында ар бири кыргыз, беларусжана орус тилдеринде эки нускада түзүлдү, мында бардык тексттер бирдейкүчкө ээ. Бул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө кайчы пикир пайда болгонучурда орус тилиндеги текстке артыкчылык берилет. Кыргыз Республикасынын Беларусь Республикасынын Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн