Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 7-августундагы N 315 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитетине караштуу Миграциялык фонд жөнүндө ЖОБО I. Жалпы жоболор 1. Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнчамамлекеттик комитетине караштуу Миграциялык фонд (мындан ары - Фонд)Кыргыз Республикасынын мамлекеттик миграциялык саясатын каржылоо үчүнкаражат топтоону, Кыргыз Республикасынын жарандарын топтоо жана четөлкөлөрдө жумушка орноштурууну уюштурууну жүзөгө ашыруучу Кыргыз Рес-публикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитети-нин (мындан ары - Мамкомитет) ведомстволук түзүмдүк бөлүмү болуп сана-лат. 2. Фонд өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, КыргызРеспубликасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жар-лыктары менен буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин че-чимдерин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору менен буйрукта-рын, Кыргыз Республикасынын эларалык келишимдерин жана башка ченемдикукуктук актыларын, Мамкомитеттин төрагасынын приказдарын жана буйрукта-рын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат. 3. Фонд юридикалык жак болуп саналат, Кыргыз Республикасынын Мам-лекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн жана аталышы мамлекеттик, расмийжана англис тилдеринде жазылган мөөрү, Кыргыз Республикасынын мыйзамда-рына ылайык Кыргыз Республикасынын казыначылык системасында алыш-беришжана башка эсеби болот. II. Фонддун милдеттери 4. Фонддун негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат: - миграция жагдайындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу жана миг-ранттарга колдоо көрсөтүү; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган ар кан-дай булактардан финансылык жана материалдык каражаттарды издеп табуужана түзүү, ошондой эле эларалык жана өкмөттүк эмес уюмдар тарабынындемөөрчүлүк, кайрымдуулук, гуманитардык жана башка жардамдарды тартуу; - миграция жаатында артыкчылыктуу программаларды жүзөгө ашыруу бо-юнча ишчараларга каражат топтоо жана максаттуу каржылоо; - качкындарды, башпаанек издеген адамдарды кабыл алуу, тарыхый ме-кенине кайтып жатышкан этностук кыргыздарга, жарандыгы жок адамдаргасоциалдык-укуктук жана реабилитациялык колдоо көрсөтүү боюнча борбор-лорду түзүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жумушсуз жарандарын,эмгек мигранттарын четөлкөлөрдө жумушка орноштуруу үчүн кесиптик даяр-доо жана кайра даярдоо борборлорун түзүү; - тарыхый мекенине кайтып келип жаткан этностук кыргыздарды, кач-кындарды жана башка иммигранттарды жергиликтүү жамааттарга адаптациялоожана интеграциялоо үчүн шарттарды түзүүгө жана камсыз кылууга көмөккөрсөтүү; - Кыргыз Республикасынын жарандарын эларалык келишимдерге ылайыкчет мамлекет бөлгөн эмгектик квоталар боюнча четөлкөлөрдө жумушка ор-ноштуруу. III. Фонддун функциялары 5. Жүктөлгөн милдеттерине ылайык Фонд төмөнкү функцияларды атка-рат: - мамлекеттик бюджеттен, ошондой эле эларалык уюмдардан, КыргызРеспубликасынын жеке жана юридикалык жактарынан, чет мамлекеттен түшкөнкаражаттарды топтоо жана максаттуу пайдалануу; - миграция чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруу боюнчаишчараларды каржылоо үчүн зарыл материалдык-финансылык ресурстарды арбир учурдагы жана кийинки календардык жылга чыгымдоонун сметасын божо-молдоо, пландоо жана түзүү; - ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууга катышуужана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын миграциялык саясатчөйрөсүндө ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү боюнча сунуш киргизүү; - мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген Кыргыз Республикасы-нын эларалык келишимдеринин негизинде программаларды иштеп чыгууга жанажүзөгө ашырууга катышуу; - Кыргыз Республикасына туруктуу жашоо үчүн көчүп келишкен этнос-тук кыргыздарды жана иммигранттарды, качкындарды, жарандыгы жок адам-дарды, башпаанек издеген адамдарды кабыл алуу, жайгаштыруу үчүн шарт-тарды түзүү, социалдык жактан колдоо көрсөтүү жана укуктук коргоо боюн-ча ишти координациялоо жана уюштуруу; - барган өлкөсүндө дарыланууга муктаж болгон эмгек мигранттарына -Кыргыз Республикасынын жарандарына тийиштүү документтери болгон учурдафинансылык колдоо уюштуруу; - кызыкдар министрликтер жана ведомстволор, Мамкомитеттин аймактыкоргандары менен бирдикте эларалык келишимдерге жана Кыргыз Республика-сынын мыйзамдарына ылайык этностук кыргыздардын үй-бүлөсүн көчүрүп ке-лүү, үй мүлкүн (жүктөрүн) ташуу, малын айдап келүү, транспорт каражат-тары менен камсыз кылуу боюнча иштерди уюштуруу; - жергиликтүү мамлекеттик администрациялар менен бирдикте тарыхыймекенине кайтып келген этностук кыргыздарды жана башка иммигранттардыКыргыз Республикасынын аймагына рационалдуу жайгаштырууну камсыз кылуу; - көчүп келген этностук кыргыздардын жана башка иммигранттардынмуктаждыктарына жана керектөөлөрүнө, аларга колдоо көрсөтүү максатындабаалоо жүргүзүү; - четөлкөлөрдө жашаган этностук кыргыздарга Кыргыз Республикасынакөчүп келүү тартиби жана эларалык келишимдерге жана Кыргыз Республика-сынын мыйзамдарына ылайык тарыхый мекенине көчүп келүүгө көмөк көрсөтүүмүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалыматтык-түшүндүрүү ишчараларды жүргүзүү; - Кыргыз Республикасы менен түзүлгөн эларалык келишимдердин неги-зинде эмгек мигранттарынын топ-тобу менен келүү-кетүүсүн уюштуруу, агаылайык эмгек мигранттарынын топторунун тийиштүү мамлекеттик органдардынконтролунда кирүү, жүрүү жана чыгуу, алардын эмгек шарттары, маянасы,социалдык жана медициналык камсыз кылуу тартиби аныкталат; - эларалык жана өкмөттүк эмес коомдук уюмдардын тышкы жана ичкиэмгек-мигранттарынын, тарыхый мекенине кайтышкан жана четөлкөлөрдө жа-шаган этностук кыргыздардын, качкындардын, жарандыгы жок жана башпаанекиздеген адамдардын проблемаларын чечүүгө багытталган долбоорлорун ишкеашырууга көмөк көрсөтүү; - четөлкөдө Кыргыз Республикасынын жарандарынын эмгектик потенциа-лын пайдалануу боюнча Кыргыз Республикасынын эларалык келишимдерининдолборлорун иштеп чыгууга катышуу; - Кыргыз Республикасында миграциялык кырдаалдын мониторингин жүр-гүзүүгө, изилдөөлөрдү баалоого жана анын өнүгүшүн божомолдоого катышуу; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка функциялардыаткаруу. IV. Фонддун укуктары 6. Каражаттарды түзүү максатында Фонд төмөнкү укуктарга ээ: - Фондго демөөрчүлүк, гранттык, кайрымдуулук жана башка жардамкөрсөтүүчү эларалык уюмдар, Кыргыз Республикасынын жана четөлкөлөрдүнжеке жана юридикалык жактары менен белгиленген тартипте өзара аракетте-нүү; - миграция чөйрөсүндөгү маселелер боюнча эларалык, республикалыкжана региондук конференцияларга, кењешмелерге жана башка ишчараларгакатышуу; - бюджеттен сырткаркы каражаттарды Фонддун материалдык-техникалыкбазасын өнүктүрүүнү каржылоо, Фонддун кызматкерлерин материалдык жактанстимулдоо, адистерди тартуу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындабелгиленген тартипте башка максаттарга пайдалануу; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мамле-кеттик жалпыга маалымдоо каражаттарын пайдалануу. - Фонд Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка укук-тарга да ээ. V. Фонддун мүлкү 7. Фонддун каражаттары төмөнкүлөрдүн эсебинен түзүлөт: - республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттардан; - жеке жана юридикалык жактардын ыктыярдуу кошумчаларынан; - эларалык уюмдардын финансылык колдоолорунан жана жардамдарынан,гранттык, кайрымдуулук жана гуманитардык жардамдан; - маданий борборлордун акча каражаттарынан, ыктыярдуу салымдардан; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка бу-лактардан. 8. Фонддун каражаттары менен мүлкүн тескөө төмөнкү тартипте жүргү-зүлөт: - республикалык бюджеттен каражаттарды пайдалануу Кыргыз Республи-касынын Финансы министрлиги бекиткен чыгымдардын сметасына ылайык жүр-гүзүлөт; - башка каражаттарды пайдалануу Фонддун максаттарын жана милдетте-рин жүзөгө ашыруу үчүн Мамкомитеттин коллегиясы бекиткен чыгымдардынсметасынын негизинде жүргүзүлөт; - максаттуу кошумчалар жана чегерүүлөр Кыргыз Республикасынын мый-замдарына жана ушул Жобого каршы келбесе донорлордун же чегерүүлөрдүишке ашырган адамдардын каалоолоруна жараша пайдаланылат; - кайрымдуулуктан жана чегерүүлөрдөн түшкөн акча каражаттарды Фон-ддун директору тескейт, айрым алганда Фонддун балансында турган социал-дык объекттерди кармоо, ошондой эле зарыл программаларды, изилдөөлөрдү,долбоорлорду жана Фонддун ишчараларын колдоо үчүн пайдаланат; - республикалык бюджетте бөлүнгөн ассигнованиелерден башка отчет-тук жылда пайдаланылбаган каражаттар алып коюуга жатпайт жана толук кө-лөмдө кийинки финансы жылына өткөрүлөт. 9. Фонддун каражаттарын өткөрүп алууга, каттоого жана максаттуупайдаланууга контролдукту Мамкомитет, ошондой эле Кыргыз Республикасы-нын мыйзамдарына ылайык тиешелүү контролдоочу органдар жүзөгө ашырат. VI. Фонддун башкаруу органдары 10. Фонддун башкаруу органы болуп Мамкомитеттин коллегиясы жанаФонддун директору саналат. 11. Мамкомитеттин коллегиясы: - Фонддун ишмердигинин артыкчылыктуу багыттарын аныктайт; - Фонддун ишмердүүлүгүнө, чечимдерди кабыл алып, анын аткарылышынкамсыз кылуусуна, Фонддун каражаттарын пайдалануусуна, Фонд Кыргыз Рес-публикасынын мыйзамдарын жана ушул Жобону сакташына көзөмөл жүргүзөт; - Фонддун бюджетин жана чыгымдарынын сметасын макулдашат, ошондойэле аларды пайдалануу жөнүндө отчетторду бекитет; - Фонддун ишмердиги жөнүндө отчетторду угат жана бекитет; - Фондго каражаттардын өз убагында келип түшүшүн жана тууралыгынтекшерет, анын чыгымдалышына контролдук кылат. 12. Фондду Мамкомитеттин төрагасынын сунушу менен Кыргыз Республи-касынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалуучу жана бошотулу-учу директор башкарат. 13. Фонддун директору: - Фонддун келечектеги жана учурдагы милдеттерин аныктайт; - Фонддун финансылык жана материалдык каражаттарын тескейт; - Фонддун ишмердүүлүгүнө тиешелүү маселелер боюнча зарыл жоболордужана нускамаларды өз компетенциясынын чектеринде иштеп чыгат; - Фонддун кызыкчылыктарын мамлекеттик органдарда, өкмөттүк эмесжана эларалык уюмдарда, ошондой эле жергиликтүү өзалдынча башкаруу ор-гандарында көрсөтөт; - Фонддун ишинин пландарын, отчетторун Мамкомитеттин коллегиясынынбекитүүсүнө берет; - материалдык-финансылык, техникалык каражаттарды инвентаризация-лоону жүргүзөт; - Фонддун финансы-чарбалык ишмердүүлүгүнүн эсебин жүргүзөт жанаконтролдойт; - Фонддун алдында турган милдеттерди чечүү боюнча башка ыйгарымукуктарды жүзөгө ашырат. 14. Фонддун кызматкерлери мамлекеттик кызматчы болуп эсептелет жа-на Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" мыйзамында бел-гиленген тартипте Мамкомитеттин төрагасы тарабынан дайындалышат. 15. Фонддун ишинин натыйжалары Мамкомитеттин коллегиясынын жыйы-нында каралат. 16. Фонддун финансы-чарбалык иши Кыргыз Республикасынын бухгалтер-дик эсеп жана отчеттуулук стандарттары боюнча жүргүзүлөт жана КыргызРеспубликасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык аудитордук текшерүү-гө коюлат. VII. Фондду кайра уюштуруу жана жоюу 17. Фондду жоюу жана өзгөртүп түзүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү-нүн чечими боюнча, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында ка-ралган учурларда жана тартипте сот тарабынан жүргүзүлөт.