Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 7-августундагы № 311 токтомуна тиркеме Кыргыз Республикасында Нанотехнологияларды өнүктүрүү боюнча кењеш жөнүндө ЖОБО I. Жалпы жоболор 1. Нанотехнологияларды өнүктүрүү боюнча кењеш министрликтердин,мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, аткаруубийлигинин башка органдарынын, ошондой эле нанотехнологиялар жагындагыбашка органдар менен мекемелердин ишин координациялоочу орган болуп са-налат. 2. Кењеш өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, КыргызРеспубликасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыр-гыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик актыларын жана ушул Жобону же-текчиликке алат. 3. Нанотехнология - бул объекттердин касиеттерин иликтөөчү жанаөлчөмү нанометрдик (10(-7)-10 (-9 м) жабдууларды иштеп чыгуу жагындагыколдонмо илим жана техника тармагы. II. Негизги максаты Кыргыз Республикасында нанотехнологияларды өнүктүрүүгө көмөк көр-сөтүү. III. Милдеттери жана функциялары 3. Кыргыз Республикасында Нанотехнологияларды өнүктүрүү боюнчакењештин негизги милдеттери болуп нанотехнологияны пайдалануу мененилимдин жана өндүрүштүн жетишкендиктеринин негизинде Кыргыз Республика-сынын туруктуу экономикалык жана социалдык өнүгүшүнүн негизги багытта-рын иштеп чыгуу, аныктоо жана колдоо болуп саналат. 4. Кењештин функцияларына төмөнкүлөр кирет: - бюджеттик жана башка каржылоо үчүн нанотехнологиялардыөнүктүрүүнүн багыттарын аныктоо; - нанотехнологиялар, заманбап технологияларды өнүктүрүү жана алар-ды колдонуу жагында мамлекеттик саясаттын стратегиялык багыттарын анык-тоо жана иштеп чыгуу боюнча ишти координациялоо; - региондук ведомстволук наноборборлорду түзүү жана өнүктүрүү бо-юнча иштерди координациялоо, алардын Кыргыз Республикасынын нанотехно-логиялык бирдиктүү мейкиндигинде шайкештүүлүгүн жана өзара аракет-тенүүсүн камсыз кылуу; - улуттук маалыматтык ресурстарды калыптандыруу, нанотехнологиябоюнча изилдөөлөрдү жана иштеп чыгууларды өнүктүрүү боюнча стратегиялыкбагыттарды аныктоо; - Кыргыз Республикасынын нанотехнология жагындагы эл аралык прог-раммаларга жана долбоорлорго катышуусуна көмөк көрсөтүү. IV. Кењештин укуктары 5. Кењеш төмөнкүлөргө укуктуу: - өз ишин ага жүктөлгөн милдеттерге жана функцияларга ылайык жүр-гүзүүгө; - өз компетенциясынын чегинде тийиштүү органдардан маалымат суроо-го жана алууга; - өзүнүн жыйындарына мамлекеттик башкаруу органдарынын жетекчиле-рин жана башка таламдаш жактарды чакырууга; - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин жана Кыргыз Республи-касынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизүү үчүн нанотехнологияларды жана ин-новациялык технологияларды өнүктүрүү маселеси боюнча тийиштүү сунуштар-ды даярдоого; - болгон маселелер боюнча тийиштүү сунуштарды жана рекомендация-ларды даярдоо үчүн адистерди тартууга жана убактылуу жумушчу топтордутүзүүгө; - жумушчу топтордун отчетгорун угууга жана бекитүүгө. V. Кењештин ишин уюштуруу 6. Кењеш зарылчылыгына жараша бирок жарым жылда бир жолудан кемэмес чакырылат. 7. Кењештин жыйынын төрага же анын тапшыруусу боюнча биринчи орун-басары, ал эми ал да жок болсо төраганын орунбасарларынын бири өткөрөт. Кењештин жыйыны эгерде анын мүчөлөрүнүн кеминде үчтөн экиден кемэмеси катышса укуктуу болуп саналат. Чечим жыйынга катышкан мүчөлөрдүнжөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. 8. Кењештин чечими тийиштүү маселелер боюнча Кыргыз Республикасы-нын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларын даярдоо үчүн негиз болуп сана-лат. 9. Кењештин жумушчу органы болуп Россия Федерациясынын БиринчиПрезиденти Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин на-нотехнологиялар борбору саналат. 10. Кењештин жыйындарын даярдоону жана өткөрүүнү, ошондой эле анынучурдагы иштерин Кењештин жооптуу катчысы жүргүзөт.