Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2007-жылдын 24-августу № 373 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 31-майындагы № 260 "Ишкердиктин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө"токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу "Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоокиргизүү тууралуу" 2007-жылдын 28 апрелиндеги № 45 Кыргыз Республикасы-нын Мыйзамына ылайык, опурталдуу өндүрүштүк объектилерди долбоорлоого,курууга (тургузууга) жана иштетүүгө мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүү мак-сатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 31-майындагы №260 "Ишкердиктин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө" токтомуна төмөнкү-дөй толуктоо киргизилсин: - аталган токтом менен бекитилген Ишкердиктин айрым түрлөрүн ли-цензиялоо жөнүндө жобонун II бөлүгү төмөнкүдөй редакциядагы 20-1-главаменен толукталсын: "20-1-глава. Опурталдуу өндүрүштүк объектилерди долбоорлоо, куруу(тургузуу) жана иштетүү менен байланышкан ишкердикти лицензиялоонун өз-гөчөлүктөрү 1. Ишкердиктин лицензияланчу түрүнүн аталышы: - опурталдуу өндүрүштүк объектилерди долбоорлоо; - опурталдуу өндүрүштүк объектилерди куруу (тургузуу); - опурталдуу өндүрүштүк объектилерди иштетүү. Ушул пунктка киргизилген өнөр жай коопсуздугу тармагындагы ишкер-диктин түрлөрүндө опурталдуу өндүрүштүк объектилерди курууда, кењейтүү-дө, реконструкциялоодо, техникалык жактан кайра жабдууда, консервация-лоодо же жоюуда, ошондой эле опурталдуу өндүрүш объектилеринде пайдала-нылчу техникалык түзүлүштөрдү жасоодо, монтаждоодо, техникалык диагнос-тикалоодо, жөнгө салууда, тейлөөдө жана оњдоодо долбоорлоо, куруу жанаиштетүү жумуштары аткарылышы каралат. 2. Лицензиардын аталышы: Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдарминистрлигине караштуу Өнөр жай коопсуздугу жана кен көзөмөлү боюнчамамлекеттик инспекция (Мамкентехкөзөмөл). 3. Лицензия генералдык болот жана аны башка бирөөгө берүүгө бол-бойт. 4. Лицензиялар убактылуу болот, эки жылдан кем эмес убакытка бери-лет (эки жылдан аз мөөнөткө - лицензия алуучунун арызы менен гана бери-лет). 5. Лицензиялык кошумча талаптар: а) опурталдуу өндүрүштүк объектилерди долбоорлоого байланышкан иш-кердик үчүн: - долбоорлоо боюнча нормативдик документтеринин болушу; б) опурталдуу өндүрүштүк объектилерди курууга (тургузууга) байла-нышкан ишкердик үчүн: - долбоордук документтердин өнөр жайлык коопсуздугу боюнча экспер-тизасынын оњ корутундусунун бар болушу; - курууга автордук көзөмөл жүргүзүү үчүн түзүлгөн келишимдин барболушу; в) опурталдуу өндүрүштүк объектилерди иштетүүгө байланышкан ишкер-дик үчүн: - иш өнөр жай коопсуздугунун талаптарына туура келген объектилердегана жүргүзүлүшү мүмкүн; - опурталдуу өндүрүштүк объект иштетүүгө кабыл алынганы жөнүндөактынын бар болушу; - долбоордук документтердин өнөр жайлык коопсуздугу боюнча экспер-тизанын оњ корутундусунун бар болушу; - жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиянын көчүрмөсү (геологи-ялык чалгындоо жана кен иштери үчүн гана, лицензиянын көчүрмөсүн лицен-зиар ишкердикке лицензия таризделген учурга карата ырасташы керек). 6. Квалификациялык экзамендерди берүү (аттестациялоо) тартибининөзгөчөлүктөрү: юридикалык жана жеке жактардын долбоорлоого катышкан же-текчи кызматкерлери, башкы адистери, ошондой эле квалификациялык комис-сияларынын мүчөлөрү аныкталган тартипте билимин текшерүүдөн өтүүгө тий-иш. 7. Объектилерди экспертизалоо, текшерип кароо, жабдууларды диаг-ностикалоо жана техникалык текшерүү белгиленген тартипте жүргүзүлөт. 8. Лицензия берүүнүн акысы ушул Жобонун 9-главасында көрсөтүлгөнтартипте төлөнөт. 9. Лицензия бериш үчүн кошумча документтер: - тийиштүү уруксаты бар уюм берген, ишкердиктин суралып жаткан тү-рүн жүргүзүү үчүн ишканадагы уюштуруучулук жана техникалык даярдыккаэкспертизанын оњ корутундусу; - ишкердиктин билдирилген түрлөрү аткарылышын камсыздоочу жетекчи-лер менен ишти аткаруучулардын бар экендигин жана алар квалификациялыкталаптарга (саны, кесибинин аталышы, разряды) туура келээрин ырастагандокументтер (дипломдор менен күбөлүктөрдүн (аттестаттардын, сертификат-тардын) көчүрмөлөрү, инженердик-техникалык жетекчи кызматкерлердинопурталдуу өндүрүштүк объектилерди долбоорлоо, куруу (тургузуу) жанаиштетүү чөйрөсүндө иштегени жөнүндө маалыматтар,); - техникалык түзүлүштөрдүн, имараттардын жана курулмалардын, тек-шерип-өлчөөчү приборлордун жана коопсуздукту камсыздоочу приборлордунбар экени жөнүндө маалыматтар, же аларды ижарага алгандык жөнүндө кели-шимдин көчүрмөсү; - адистештирилген уюм менен жабдууларды техникалык тейлөө жөнүндөкелишимдин көчүрмөсү (зарыл болсо); - өнөр жайлык коопсуздук тармагында суралып жаткан ишкердиктин тү-рүнүн жетекчилери жана аткаруучулары кошумча окутуудан жана аттестация-дан өз убагында өтүшкөнү жөнүндө маалыматтар; - уюштуруучулук түзүмү. 10. Лицензиар тапшырылган документтер менен материалдарды карапчыгыш үчүн, арыз бергендин же адистердин кесиптик жана ишмердик сапат-тарын текшерүү жана алар менен ањгемелешүү үчүн эксперттик комиссия тү-зүүгө укуктуу. 11. Лицензиянын жарактуулугун токтотуу ушул Жободо белгиленгентартипте жүргүзүлөт. 12. Лицензияны кайра алып коюу үчүн кошумча негиздер: - уюмдун өзгөртүп уюштурулушу, жоюлушу же банкрот болушу; - мамлекеттик көзөмөлдөө органдары тараптан бир жылдын ичинде экижолу администрациялык санкция салынышы; - кат жүзүндө берилген эскертүүдөн кийин лицензиянын иштөө шартта-рын бир жылдын ичинде экинчи ирет аткарбай коюу. 13. Лицензиянын жарактуулугун токтотуунун башка негиздери: - кат жүзүндөгү эскертүүдө же көрсөтмөдө белгиленген өнөр жайлыккоопсуздук боюнча ченемдик укуктук актылардын талаптарын кайталап буз-ган учурда, ошондой эле, эгерде опурталдуу өндүрүштүк объектиде болгонкырсыкты же аварияны атайын териштирүү боюнча комиссия кырсыктын себебитехникалык түзүлүштүн технологиялык же конструкциялык кемчилигинде, иш-тетип жаткан персоналдын коопсуздугуна таасирин тийгизүүчү макулдашыл-баган конструкциялык өзгөртүүлөрдө деп аныктаса; - калктын жана кызматкерлердин коопсуздугуна жана ден соолугунаанык коркунуч табылса жана лицензия алган жакка мындай коркунучту жоюу-ну милдеттендирген лицензиардын чечимин лицензия алган жактын аткарбайкоюшу.". 2. Юридикалык жана жеке жактар Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кыр-даалдар министрлигине караштуу Өнөр жай коопсуздугу жана кен көзөмөлүбоюнча мамлекеттик инспекциядан опурталдуу өндүрүштүк объектилерди дол-боорлоо жана иштетүү укугуна мурда алган уруксаттар аларда көрсөтүлгөнмөөнөткө чейин жарайт, бирок 2009-жылдын 1-январына чейин гана жарактууэкени белгиленсин. 3. Бул токтом расмий жарыялангандан 15 күн өткөндөн кийин күчүнөкирет. 4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-мөтүнүн Аппаратынын энергетика жана минералдык ресурстар бөлүмүнө жүк-төлсүн. Премьер-министр А.Атамбаев