КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 27-августу № 374 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Кыргыз Республикасынын автотранспорт ишканаларынын карызын реструктуралаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 24-декабрындагы № 877 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги-нин жана республиканын автотранспорт ишканаларынын чет өлкөлүк кредит-тер жана бюджеттик ссудалар боюнча алынган карыз каражаттарды кайтаруу-сун камсыз кылуу, ошондой эле шарттардын айрымдарын өзгөртүү жолу мененаларды карыздык кризистен чыгаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өк-мөтү токтом кылат: 1. "Кыргыз Республикасынын автотранспорт ишканаларынын карызынреструктуралаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жыл-дын 24-декабрындагы № 877
токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толук-тоолор киргизилсин: - 1 -пункттун "а" пунктчасында: "2007" деген цифралар "2010" деген цифраларга алмаштырылсын; "Дүйнөлүк банктын" деген сөздөрдөн кийин "Эл аралык экономикалыккызматташтык фондунун (Япония Өкмөтүнүн) кредити боюнча" деген сөздөрменен толукталсын; - "в)" пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "в) мурда эсептелген жана жоюлбаган проценттер жана айыптар боюнчатөлөөнү кийинкиге жылдырсын, мында аталган суммага заемдук каражаттардыпайдалангандык үчүн проценттер эсептелбейт. Карыздын суммасын жоюунуЖоюунун графигине ылайык карыздын негизги суммасын жоюу менен биргебирдей төлөмдөр менен жоюуну жүргүзсүн."; - жогоруда аталган токтомдун тиркемеси 24-30-позициялары менентиркемеге ылайык толукталсын. 2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министр-лиги он күндүк мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинеавтотранспорт ишканаларынын негизги сумма, проценттер, айыптар боюнчаиш жүзүндөгү карызы жөнүндө маалымат берсин жана Кыргыз РеспубликасынынФинансы министрлиги менен карыздык милдеттенмелерди жана кредиттик ке-лишимдерди кайра түзүү үчүн алардын өкүлдөрүнүн келишин камсыз кылсын. 3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасы-нын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги менен бирдикте кредиталган автотранспорт ишканалар менен келишимдерди ушул токтом менен бел-гиленген кредит берүү шарттарынын өзгөртүлүшүн эске алуу менен эки ай-лык мөөнөттүн ичинде, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуника-циялар министрлиги менен автотранспорт ишканаларынын ортосунда тариз-делген салыштыруу актыларына ылайык карыздын суммасына кайра түзүүнүкамсыздасын. 4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-мөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнөжүктөлсүн. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Атамбаев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 7-августундагы № 374 токтомуна тиркеме "-----------------------------------------------------------------------|24.|"Акталаавто" АКы |Бюджеттик ссуда ||---|--------------------------------------|--------------------------||25.|"Кочкоравто" АКы |Бюджеттик ссуда ||---|--------------------------------------|--------------------------||26.|"Алайавтотранс" АКы |Бюджеттик ссуда ||---|--------------------------------------|--------------------------||27.|"Үчтерекунаа" АКы |Бюджеттик ссуда ||---|--------------------------------------|--------------------------||28.|Тогузторо районунун мамлекеттик |Бюджеттик ссуда || |администрациясы | ||---|--------------------------------------|--------------------------||29.|Чаткал районунун мамлекеттик |Бюджеттик ссуда || |администрациясы | ||---|--------------------------------------|--------------------------||30.|"ОшПАТП-1" АКы |KFW Германия банкы, || | |Дүйнөлүк банк, Түркиянын || | |экспорттук-импорттук банкы|----------------------------------------------------------------------- ". Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жетекчиси - министр М.Исмаилов