Редакцияот 28.08.2007
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 28-августу № 378                КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ         Жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга, жергиликтүү       өз алдынча башкаруу органдарына эмгек акылар жана Кыргыз          Республикасынын Социалдык фондуна чегерүүлөр боюнча         карыздарды төлөөгө 1996-жылы жана 2003-2005-жылдарда          республикалык бюджеттен берилген бюджеттик ссудалар                    боюнча карыздарды кечүү жөнүндө      Кыргыз Республикасынын  Өкмөтү жергиликтүү мамлекеттик администра-циялардын жана  жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын эмгек акы-лар жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна чегерүүлөр боюнча ка-рыздарды төлөөгө  1996-жылы  жана 2003-2005-жылдарда республикалык бюд-жеттен алынган  бюджеттик  ссудалар боюнча карыздары 183,79 млн. сомду,анын ичинде,  1996-жылы - 160,65 млн. сомду, 2003-2005-жылдарда - 23,14млн. сомду түзгөндүгүн белгилейт.     Республиканын региондорундагы  оор  финансылык-экономикалык абалдыэске алып, "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принцип-тери жөнүндө"  Кыргыз  Республикасынын  Мыйзамынын 15-статьясына ылайыкКыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:     1. Жергиликтүү  мамлекеттик администрацияларга жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу  органдарына  эмгек акылар жана Кыргыз РеспубликасынынСоциалдык фондуна  чегерүүлөр  боюнча карыздарды төлөөгө 1996-жылы жана2003-2005-жылдарда республикалык  бюджеттен  берилген  183,79  млн. сомсуммасындагы карыздары  кечилсин, анын ичинде облустар жана республика-лык маанидеги шаар боюнча:     Ош облусунуку        - 73,05 млн. сом;     Ош шаарыныкы         - 15,05 млн. сом;     Баткен облусунуку    - 41,6 млн. сом;     Жалалабат облусунуку - 35,34 млн. сом;     Ысыккөл облусунуку   - 5,85 млн. сом;     Нарын облусунуку     - 1,7 млн. сом;     Талас облусунуку     - 0,8 млн. сом;     Чүй облусунуку       - 10,4 млн. сом.     2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине макулдашуугажиберилсин.     3. Бул  токтомдун  1-пункту  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешименен макулдашылган учурдан тартып күчүнө кирээри белгиленсин.     4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Фи-нансы министрлигине жүктөлсүн.         Премьер-министр                                  А.Атамбаев