Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 3-сентябры № 385 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
"Кооперативдер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү-лөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-статьясынаылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. "Банкроттук процесстин жол-жоболорун колдонуунун тартибижөнүндө эрежени бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн1998-жылдын 30-декабрындагы № 865 токтому менен бекитилген Банкроттукпроцесстин жол-жоболорун колдонуунун тартиби жөнүндө эрежеге төмөнкүдөйөзгөртүү киргизилсин: - 1.1.3-пунктунда "өндүрүштүк кооперативинин" деген сөздөр "айылчарба кооперативинин" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335
токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335
токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. "Иштин өзгөчө мүнөзү үчүн акы төлөнүүчү кошумча өргүү жыл сайынберилүүчү кызматкерлердин категорияларынын тизмесин, Жыл сайын кошумчаөргүү берүүнүн тартибин жана шарттарын жана анын минималдык узактыгынбекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 11-май-ындагы № 343 токтому менен бекитилген Иштин өзгөчө мүнөзү үчүн акы тө-лөнүүчү кошумча өргүү жыл сайын берилүүчү кызматкерлердин категорияла-рынын тизмесине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: - "Айыл чарба" деген V бөлүктүн "Мекемелер менен жайлардын аталы-шы" деген графасындагы "өндүрүш" деген сөз алып салынсын.
5. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335
токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Премьер-министр А.Атамбаев