Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2014-жылдын 22-октябрындагы № 609 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 6-сентябры № 398
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика
комитетинин ишмердигин камсыз кылуунун
айрым маселелери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик статистика органдарынын систе-
масында алардын белгиленген максаттарга жетүү жана коюлган маселелерди
толук ишке ашыруу үчүн финансылык жана адам ресурстарын натыйжалуу пай-
даланууну камсыз кылуучу шарттарды түзүү максатында Кыргыз Республика-
сынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети менен Кыргыз
Республикасынын Финансы министрлигинин ортосундагы Ресурстук макулда-
шуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы-
на жана Кыргыз Республикасынын финансы министрине аталган Ресурстук ма-
кулдашууга белгиленген тартипте кол коюу сунуш кылынсын.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетине Кыргыз
Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Ресурстук макулдашууга ылайык
учурдагы финансылык жылга Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика ко-
митетинин чыгымдарынын бекитилген сметасынын чегинде мамлекеттик ста-
тистика органдар системасынын кызматкерлерине эмгек акы төлөп берүү
тартибин жана шарттарын белгилөөгө укук берилсин.
4. "Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин ишмерди-
гин камсыз кылуунун айрым маселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн 2006-жылдын 6-майындагы № 330 токтому күчүн жоготту деп та-
былсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-
мөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүн.
Премьер-министр А.Атамбаев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2007-жылдын 6-сентябрындагы
№ 398 токтому менен
жактырылган
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика
комитети менен Кыргыз Республикасынын Финансы
министрлигинин ортосундагы
РЕСУРСТУК МАКУЛДАШУУ
1. Макулдашуунун мааниси
1. Ресурстук макулдашуунун (мындан ары - Макулдашуу) Тараптары бо-
луп төмөнкүлөр эсептелет:
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети жана Кыргыз
Республикасынын Финансы министрлиги.
2. Аталган Макулдашуу төмөнкүлөргө ылайык даярдалды:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 10-апрелиндеги
№ 84 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мекемелери менен уюмдарына
"улуттук" деген статус берүүнүн тартиби жөнүндө", 2002-жылдын 14-декаб-
рындагы № 375 "2003-2010-жылдарга Кыргыз Республикасында эмгек акы ре-
формасынын концепциясы жөнүндө", 2005-жылдын 30-ноябрындагы № 607 "Кыр-
гыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын түзүмүн оптималдаштыруу
жөнүндө" Жарлыктарына, "2003-2010-жылдарга Кыргыз Республикасында Эмгек
акы реформасынын концепциясын жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралар планын
бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 18-мар-
тындагы № 141 токтомуна.
3. Ушул Макулдашуунун мааниси болуп - бекитилген тартиптерден жана
туруктуу бюджеттик процесстин чектелүүлөрүнөн тышкары, финансылык жана
адам ресурстарынын чегинде, бөлүнгөн финансылык каражаттарды натыйжалуу
пайдалануу максатында Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комите-
тинин ыйгарым укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кењейтүү эсептелет.
4. Мамлекеттик статистика органдар тутумунун уюштуруучулук түзүмүн
туруктуу жакшыртуу жана анын адам ресурстарын өнүктүрүү статистикалык
маалыматтын толуктугун, аныктыгын жана өз учурунда берилишин, эл аралык
стандарттарга шайкеш келишин камсыз кылууга, анын ичинде жалпысынан
өлкөнүн мамлекеттик статистика тутумунун эњ маанилүү бөлүгү болгон ре-
гиондук статистиканы өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.
Бул Макулдашуу мамлекеттик статистика органдарынын потенциалынын
өнүгүшүнө көмөк көрсөткөн маанилүү документ болуп саналат.
2. Макулдашуунун максаты
5. Аталган Макулдашуунун максаты - Кыргыз Республикасынын жана
анын региондорунун экономикалык жана социалдык өнүгүшүнө багытталган
чечимдерди кабыл алуу үчүн мамлекеттик статистика органдары тарабынан
берилген мамлекеттик тейлөөлөрдүн сапатын жогорулатуу болуп эсептелет.
6. Коюлган максатка жетүү, чектелген бюджеттик ресурстарды
бөлүштүрүүдө аларды натыйжалуу пайдалануу үчүн негизделген жана ойло-
нуштурулган чечимдерди кабыл алуунун эсебинен болот деп божомолдонот.
7. Макулдашуу кошумча финансылык ресурстарынын бөлүнүшүн карабайт.
3. Таасир берүү чөйрөсү жана шарттары
8. Макулдашуунун предмети катары Кыргыз Республикасынын Улуттук
статистика комитети, ага караштуу ведомстволук жана аймактык органдары-
нын финансылык жана адам ресурстары эсептелет.
9. Бул Макулдашуунун таасирине кирген мамлекеттик статистика ор-
гандары болуп төмөнкүлөр саналат:
- Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин борбордук
аппараты;
- облустук, Бишкек жана Ош шаардык башкармалыктары, мамлекеттик
статистиканын райондук жана шаардык бөлүмдөрү;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Башкы
эсептөө борбору;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Статисти-
калык изилдөө институту;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Окуу бор-
бору.
Финансылык ресурстар болуп үстүбүздөгү финансылык жылга республи-
калык бюджетте каржылоонун бардык бөлүмдөрү боюнча каралган каражаттар
саналат.
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын
кароосу боюнча жана Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы
бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Мыйзамынын 15-статьясы-
нын жобосун көњүлгө алып жалпысынан каржылоонун бардык бөлүмдөрү боюнча
финансылык ресурстарды пайдаланууга, б.а. Кыргыз Республикасынын Финан-
сы министрлигинин макулдашуусу менен каржылоонун бөлүмдөрүндөй эле, чы-
гымдардын статьялары боюнча да жылдык, кварталдык жана айлык суммаларды
жылдырууга укугу бар.
Адам ресурстарына, белгиленген сандын чегиндеги Кыргыз Республика-
сынын Улстаткомитетинин борбордук аппаратынын, облустук, Бишкек жана Ош
шаардык башкармалыктарынын, мамлекеттик статистиканын райондук жана ша-
ардык бөлүмдөрүнүн жооптуу кызматкерлери, ошондой эле мамлекеттик ста-
тистика органдарынын тейлөө жана техникалык персоналынын штаты менен
мамлекеттик кызматкерлердин эњ жогорку чектик санына кирбеген башка
кызматкерлери да кирет.
10. Финансылык жана адам ресурстарын пайдалануу - статистика ор-
гандарынын ишмердигинин болгон милдеттери менен жањы программаларынын
уландысы жана кењейтилиши болуп эсептелип, алардын уюштуруу структура-
сын жана башкаруу схемаларын мындан ары өркүндөтүү, ошондой эле мамле-
кеттик статистика иштеринин программасын оптималдаштыруу үчүн негиз бо-
лот.
11. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 11-июнундагы
N 335 "Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети жөнүндө Жобо-
ну бекитүү тууралуу" Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук
статистика комитети төмөнкүлөргө укуктуу:
- эњ жогорку сандык чектен ашпаган, белгиленген функционалдык мил-
деттерге ылайык мамлекеттик статистика органдарынын түзүлүшүн реформа-
лоого, кайра уюштурууга жана жакшыртууга, адам ресурстарын кайра бөлүш-
түрүүгө;
- жалпысынан каржылоонун бардык бөлүмдөрү боюнча эмгек акы фондун
пайдаланууга, ошондой эле:
а) жумушчулардын кызматтык маяналарына эмгектеги жыйынтыктын, та-
таалдыгы, сапаты жана иштеги чыгармачылык профессионалдык сунуштары
үчүн кошумча төлөөлөрдү бекитүүгө;
б) мамлекеттик статистика органдарынын кызматкерлерине өтө маани-
лүү жана татаал атайын тапшырмаларды жоопкерчилик менен аткаргандыгы
үчүн, көп жылдык, кынтыксыз эмгек ишмердиги үчүн, кесиптик майрамдарга
жана башка Кыргыз Республикасынын турмушундагы башка белгилүү окуялар
жана даталарга байланыштуу сыйлык берүүгө;
в) үй бүлөлүк шарттарга байланыштуу социалдык-тиричилик маселелер-
ди чечүү үчүн, жумушка барып-келүүгө жол киресинин бир бөлүгүн төлөө
үчүн, тамактанууга, кымбат баалуу дары-дармек алууга жана дарыланууга
кошумча төлөөлөр үчүн материалдык жардам көрсөтүүгө.
4. Өз ара милдеттенмелер жана отчеттуулук
12. Тараптар өзүнө төмөнкү милдеттенмелерди алат:
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети:
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казына-
чылыгына ай сайын финансылык каражаттарга болгон муктаждыгы жөнүндө
билдирүүнү тапшырат;
- бөлүнгөн финансылык каражаттарды натыйжалуу колдонуу, бухгалтер-
дик жана финансылык операцияларды сөзсүз түрдө Кыргыз Республикасынын
мыйзамдарына жана ушул Макулдашууга ылайык жүргүзүү милдетин алат. Кыр-
гыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- бюджетти иштеп чыгууда, өзгөртүүлөрдү жана кошумчаларды даярдоо-
до мүмкүн болушунча Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети-
нин финансылык каражаттарга болгон талаптарын эске алат;
- алдыдагы айдын каржылоо планына ай сайын чыгымдардын бардык
статьялары боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин
билдирүүсүнө ылайык ассигнованиелерди киргизет.
5. Ишмердиктин көрсөткүчтөрүн жакшыртуу
13. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы
жана Кыргыз Республикасынын финансы министри бул Макулдашуунун аткары-
лышына жоопкерчилик тартышат.
14. Макулдашуунун максаттарына жетүү жолдору:
- Улстаткомитеттин уюштуруу түзүлүшүн жана функционалдык милдетте-
рин өркүндөтүү мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу колдонуу;
- статистика органдарынын ишмердигинин жалпы көрсөткүчтөрүн, алар-
дын натыйжалуулугун жана таасирдүүлүгүн жакшыртуу.
15. Каржылоонун бардык бөлүмдөрү жана чыгымдардын статьялары боюн-
ча мамлекеттик статистика органдарынын түзүлүшүн реформалоо, кайра тү-
зүү, жакшыртуу жана статистикалык иштердин программасын оптималдаштыруу
процессинде бардык үнөмдөлгөн каражаттар Кыргыз Республикасынын Улуттук
статистика комитетинин карамагында калып, Кыргыз Республикасынын Улут-
тук статистика комитетинин жетекчилиги, ага баш ийген ведомстволук ор-
гандарынын жана аймактык органдарынын жетекчилигинин кароосу боюнча
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык пайдаланышы мүмкүн.
6. Мониторинг жана баа берүү
16. Бул Макулдашуунун максаттарына жетишкен ийгиликтерге баа берүү
ушул документтин курамдык бөлүгү болуп эсептелет. Ушул Макулдашууну бе-
киткен учурдан тартып бир жыл өткөндө Кыргыз Республикасынын Улуттук
статистика комитети, анын ведомстволук органдары жана аймактык подраз-
делениелери анын натыйжалуулугуна талдоо жүргүзүүнүн объектиси болууга
тийиш.
7. Күчкө кирүү
Аталган Макулдашуу Тараптар кол койгон учурдан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасынын
Улуттук статистика комитетинин финансы министри
төрагасы