Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 7-сентябры № 401 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине жиберилген "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13-февралындагы № 91 токтому менен жактырылган жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин 2006-жылдын 5-июнундагы № 1037-III токтому менен бекитилген 2006-2007-жылдарда Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-июлундагы № 282 токтомун сурап алуу жана күчүн жоготту деп табуу тууралуу "Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун активдерине байланыштуумаселелерди кењири иштеп чыгуу максатында, ошондой эле алтын кендериништетүүгө инвестицияларды тартуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүтоктом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине жиберилген "Кыргыз Рес-публикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13-февралындагы № 91 токтому мененжактырылган жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин 2006-жылдын5-июнундагы № 1037-III токтому менен бекитилген 2006-2007-жылдарда Кыр-гыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасынаөзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтү-нүн 2007-жылдын 23-июлундагы № 282 токтому сурап алынсын. 2. Көрсөтүлгөн токтом күчүн жоготту деп табылсын. 3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине жиберилсин. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Атамбаев