Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 10-сентябры № 402 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Москва шаарында 2006-жылдын 21-мартында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы туризм чөйрөсүндөгү кызматташуу жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу "Кыргыз Республикасынын Эл аралык келишимдери жөнүндө" жана "Кыр-гыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республи-касынын мыйзамдарынын негизинде, Москва шаарында 2006-жылдын 21-мартын-да кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясы-нын Өкмөтүнүн ортосундагы туризм чөйрөсүндөгү кызматташуу жөнүндө ма-кулдашуунун 12-статьясына ылайык мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруумаксатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Москва шаарында 2006-жылдын 21-мартында кол коюлган, КыргызРеспубликасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосунда-гы туризм чөйрөсүндөгү кызматташуу жөнүндө тиркелген макулдашуу беки-тилсин. 2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги көрсөтүлгөн Ма-кулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыр-гыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө россиялык тарапка билдирсин. 3. Жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуудан келип чыгуучу милдеттенме-лердин аткарылышы үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө ка-раштуу Туризм боюнча мамлекеттик агентикке жүктөлсүн. 4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Туризм боюнча мамле-кеттик агенттик өткөн жылдын иштеринин жыйынтыктары жөнүндө Кыргыз Рес-публикасынын Өкмөтүнө жыл сайын келерки жылдын 1-мартына чейин маалыматберип турсун. 5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. 6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-мөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнөжүктөлсүн. Премьер-министр А.Атамбаев