Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 10-сентябры № 403
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2007-жылга карата Кыргыз Республикасынын
Социалдык фондунун бюджетинин аткарылышы
боюнча чаралар жөнүндө
"2007-жылга Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджети
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында Кыргыз
Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна төмөнкүлөр сунуштал-
сын:
- камсыздандыруу төгүмдөрүн "2007-жылга Кыргыз Республикасынын Со-
циалдык фондунун бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында бе-
китилген көлөмдө чогултууну камсыз кылуу;
- пенсиялык төлөмдөрдү өз убагында жана толук өлчөмдө каржылоону
камсыз кылуу, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар ми-
нистрлигине караштуу "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын филиалда-
ры тарабынан пенсияларды төлөө боюнча милдеттемелердин аткарылышын да-
йыма контролдоо жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун тапшыр-
масы боюнча "Кыргыз почтасы" МИнин филиалдары пенсия жана башка социал-
дык төлөмдөрдү төлөөдө келишимдин шарттарын тийиштүү аткарбагандыгы
үчүн финансылык санкцияларды колдонуу;
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондун камсыздандыруу төгүмдөрүнүн
чогулган өлчөмүндө өз убагында каржылоону ишке ашыруу;
- пенсиялык төлөмдөрдү каржылоо жөнүнде коомчулукка жалпыга маа-
лымдоо каражаттары аркылуу маалымат берип туруу;
- ар бир айдын 15ине чейин Кыргыз Республикасынын Финансы минист-
рлигине Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинин аткарылышы
жөнүндө маалымат берип туруу;
- "2007-жылга Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджети
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кирешелер жана чыгашалар бо-
юнча, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдары өзгөргөн учурда
өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунуштарды Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнө белгиленген тартипте киргизүү.
2. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна төмөнкүлөргө уруксат
берилсин:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы сая-
сат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик белгилеген
баада айылдык товар өндүрүүчүлөрдөн камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөнүн
эсебине буудай жана кумшекер кабыл алууга;
- төлөөчүлөрдүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн эсебине банк мекемеле-
ринде акча каражаттарын алыш-бериш эсеби аркылуу максаттуу өткөрүү жолу
менен, камсыздандыруу фондуларына кызмат (жумуш) көрсөткөн уюмдар менен
өз ара эсептешүү жүргүзүүгө.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасы-
нын Социалдык фондуна 2007-жылга карата республикалык бюджетте каралган
каражаттарды өз убагында толук өлчөмдө каржылоону камсыз кылсын, ошон-
дой эле республикалык бюджеттен каржыланган уюмдардын камсыздандыруу
төгүмдөрү боюнча карыздарын жойсун.
4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары милдеттүү мамлекеттик
социалдык камсыздандыруу боюнча каражаттарды толук жана өз убагында ко-
торууну, жергиликтүү бюджеттен каржыланган уюмдардын камсыздандыруу
төгүмдөрү боюнча карыздарын жоюуну камсыз кылышсын.
5. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар минист-
рлиги:
- Пенсиялык фонддун камсыздандыруу төлөөлөрүн почталык тейлөөгө
чыгымдын ченеми төлөө өлчөмүнөн 1,3 пайыз эсебинде белгиленсин;
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрли-
гине караштуу "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасы тарабынан пенсиялык
каражаттарды башка максаттарга пайдалануу жана жетпей калуу фактыларын,
ошондой эле пенсияларды төлөө боюнча келишимдик милдеттенмелерди атка-
рууда тартип бузууларды жоюу боюнча чараларды көрсүн.
6. Бул токтом "2007-жылга Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду-
нун бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө кирген
күндөн баштап күчүнө кирет.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Атамбаев