Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2007-жылдын 14-сентябры № 405

 

               КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

 

          "Акча каражаттарын, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү

         легалдаштырууга байланыштуу мунапыс тууралуу" Кыргыз

      Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө

 

     "Акча каражаттарын, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү легалдаштыруу-

га байланыштуу мунапыс тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылай-

ык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

     1. Акча каражаттарын,  кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү легалдашты-

рууну жүргүзүү боюнча республикалык мамлекеттик комиссия төмөнкүдөй ку-

рамда түзүлсүн:

     Кыргыз Республикасынын  Салыктар  жана жыйымдар боюнча мамлекеттик

комитетинин төрагасы, комиссиянын төрагасы;

     Кыргыз Республикасынын  Улуттук  банкынын төрагасынын орун басары,

комиссиянын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);

     Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктар-

ды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору, комиссиянын төрага-

сынын орун басары;

     Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары,  комиссия-

нын төрагасынын орун басары.

 

                          Комиссия мүчөлөрү:

 

     Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук  казыначы-

лыгынын директору;

     Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик авто-

мобилдик инспекциясы башкармалыгынын начальниги;

     Кыргыз Республикасынын Финансылык рыногун  көзөмөлдөө  жана  жөнгө

салуу кызматынын төрагасынын орун басары;

     Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызмат иштери боюнча  мамлекет-

тик агенттигинин директорунун орун басары (макулдашуу боюнча);

     Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери  бо-

юнча улуттук агенттигинин директорунун орун басары (макулдашуу боюнча);

     Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги-

нин транспортту өнүктүрүү башкармалыгынын начальниги.

     2. Акча каражаттарын,  кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү легалдашты-

рууну  жүргүзүү  боюнча республикалык мамлекеттик комиссия жөнүндө тир-

келген жобо бекитилсин.

     3. Республикалык мамлекеттик комиссия "Акча каражаттарын,  кыймыл-

дуу жана кыймылсыз мүлктү легалдаштырууга байланыштуу мунапыс тууралуу"

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын колдонууга кириши жөнүндө жалпыга ма-

алымдоо каражаттары аркылуу калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.

 

     Кыргыз Республикасынын Премьер-министри           А.Атамбаев