КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 14-сентябры № 409 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу Командировкага жиберилчү кызматкерлерди социалдык коргоону артты-руу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 12-октябрындагы №635 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын жана аларды кайтаруу тарти-бин белгилөө жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо кир-гизилсин: - 1-пунктунда: "100 сом" деген цифра жана сөз "200 сом" деген цифрага жана сөзгөалмаштырылсын; төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын: "Командировкалык сарптоолордун нормалары көбөйтүлгөнгө байланыштуукошумча чыгымдар мамлекеттик мекемелер үчүн каралган каражаттардын че-гинде төлөнөт.". 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 19-августундагы №388 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым нормативдик укуктук актыла-рына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуна тө-мөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: - 3-пунктунун экинчи абзацы алып салынсын. 3. Бул токтом 2008-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Атамбаев