Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 17-сентябры № 411 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Америка Кошмо ШтаттарынынӨкмөтүнүн ортосундагы Макулдашуунун колдонулуш мезгилинде аскердик объ-екттерди (Антитеррористтик коалициянын аскердик контингентин) жайгашты-руу үчүн берилген жердин бөлүгүн андан ары пайдалануудан Кыргыз Респуб-ликасынын Коргоо министрлигинин баш тарткандыгына байланыштуу, КыргызРеспубликасынын Жер кодексинин 20-статьясына ылайык Кыргыз Республика-сынын Өкмөтү токтом кылат: 1. "Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине жер берүү жөнүндө"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 26-мартындагы № 165 токто-муна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "1. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районундагы Но-во-Павловка айылдык кењешинин 102,0 га сугат аянты жана Чүй облусунунАламүдүн районундагы Ала-Арча айылдык кењешинин 94,61 га жери, аныничинде 92,91 га жайыт, 0,4 га суу алдындагы, 0,8 га жол жана 0,5 габашка жерлер "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жай,транспорт, байланыш, коргонуу жана башка багыттагы жерлер" категориясы-на которулсун". 2. "Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине жер берүү жөнүндө"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 15-апрелиндеги № 216 ток-томуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "1. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районундагы Но-во-Павловка айылдык кењешинин 28,0 га сугат аянты "Айыл чарба багытын-дагы жерлер" категориясынан "Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргонуужана башка багыттагы жерлер" категориясына которулсун."; - 4-пункттун үчүнчү абзацы "берүү" деген сөздөн мурда "Кыргыз Рес-публикасынын Коргоо министрлигине" деген сөздөр менен толукталсын. 3. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинен бошогон жерлер"Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргонуу жана башка багыттагы жерлер"категориясынан төмөнкү категорияларга которулсун. - "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясына - Чүй облусунунСокулук районундагы Ново-Павловка айылдык кењешинин мелиоративдик даяр-доо стадиясында турган 500,5 га жери 5 жылдык мөөнөткө айыл чарба өндү-рүшүндө пайдаланууга жарактуу абалга келтирүү үчүн, анын ичинде 366 гасугат аянты, 123,5 га кайрак жер, 11 га жайыт жер; - "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясына - Чүй облусунунАламүдүн районундагы Ала-Арча айылдык кењешинин 103,09 га жери, аныничинде 102,19 га жайыт, 0,1 га суу алдындагы жер, 0,3 га жол, 0,5 габашка жерлер.". 4. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги белгиленген тартиптеКыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги менен Америка Кошмо Штаттары-нын Коргоо министрлигинин ортосунда түзүлгөн жер участокторун ижаралоо-нун № "SWD-112" жана № "SAS-OEF-302" келишимдерине өзгөртүүлөрдү кирги-зүүнү камсыз кылсын. 5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-мөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бө-лүмүнө жана агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнөжүктөлсүн. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Атамбаев