Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-апрелиндеги № 159 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 17-сентябры № 412 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Мамлекеттик пошлиналардын ставкаларын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 18-июлундагы № 521 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин "Тарыхый мекенине кайтуучуэтностук кыргыздарга жардам көрсөтүү боюнча чаралар жөнүндө" 2001-жыл-дын 29-августундагы № 264 Жарлыгына жана "Тарыхый мекенине кайтуучу эт-ностук кыргыздарга көмөк көрсөтүү боюнча 2006-2008-жылдарга "Кайрылман"мамлекеттик программасын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмө-түнүн 2006-жылдын 19-октябрындагы № 737 токтомуна ылайык, этностук кыр-гыздардын тарыхый мекенине кайтып келүү процессине өзгөчө саясий мааниберүү менен жана аларды коомго интеграциялоо максатында Кыргыз Респуб-ликасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. "Мамлекеттик пошлиналардын ставкаларын бекитүү жөнүндө" КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 18-июлундагы № 521 токтомуна тө-мөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: - көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Мамлекеттик пошлиналардынставкаларынын 5-пунктунун "ж" жана "з" пунктчалары төмөнкүдөй редакция-да берилсин:"-----------------------------------------------------------------------|ж) Кыргыз Республикасына убактылуу келишкен| ||чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок | ||адамдарга чет өлкөлүк паспортуна же аны | ||алмаштыруучу документине визаларды берүү | ||же жарактуулук мөөнөтүн узартуу үчүн: | ||- Кыргыз Республикасынан чыкканда жана | ||кийин Кыргыз Республикасына киргенде: | ||- үч айга чейинки мөөнөткө; |эсептешүү көрсөткүчүнүн || |он эсе ставкасы ||- алты айга чейинки мөөнөткө; |эсептешүү көрсөткүчүнүн || |он беш эсе ставкасы ||- бир жылга чейинки мөөнөткө; |эсептешүү көрсөткүчүнүн || |жыйырма беш эсе ставкасы ||- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик | ||чегарасынан бир нече жолу өтүү: | || | ||- үч айга чейинки мөөнөткө; |эсептешүү көрсөткүчүнүн || |он беш эсе ставкасы ||- алты айга чейинки мөөнөткө; |эсептешүү көрсөткүчүнүн || |жыйырма эсе ставкасы ||- бир жылга чейинки мөөнөткө; |эсептешүү көрсөткүчүнүн || |кырк эсе ставкасы ||Кыргыз Республикасынын жарандары болуп |эсептешүү көрсөткүчүнүн ||саналбаган кыргыздар үчүн, Кыргыз |бир эсе ставкасы ||Республикасынын мамлекеттик чегарасынан көп| ||жолу өтүү үчүн бир жылга чейин мөөнөткө; | ||з) Кыргыз Республикасына чакырууга уруксат |эсептешүү көрсөткүчүнүн ||жөнүндө документ берүү үчүн |он эсе ставкасы ||Кыргыз Республикасынын жарандары болуп |эсептешүү көрсөткүчүнүн ||саналбаган кыргыздар үчүн |бир эсе ставкасы |----------------------------------------------------------------------- ". 2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги өзүнүн нормативдикактыларын ушул токтомго ылайык келтирсин. 3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын. 4. Бул токтом кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет. 5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Атамбаев