Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 17-сентябры № 415 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Нарын жана Ысыккөл облустарынын аймагында 2006-жылдын 26-декабрында, Баткен облусунун аймагында 2007-жылдын 8-январында болгон жер титирөөлөрдүн кесепеттерин жоюу боюнча чаралар жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-февралындагы № 37 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Эксперименттик мектептерди пайдаланууга берүү мөөнөтүн тактоо мак-сатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: "Нарын жана Ысыккөл облустарынын аймагында 2006-жылдын 26-декаб-рында, Баткен облусунун аймагында 2007-жылдын 8-январында болгон жертитирөөлөрдүн кесепеттерин жоюу боюнча чаралар жана Кыргыз Республика-сынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыр-гыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-февралындагы № 37 токтомунатөмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Нарын, Баткен жана Ысыккөл об-лустарында табигый кырсыктардан жапа чеккен, республикалык бюджеттинэсебинен 2007-жылы долбоорлонуучу жана курулуучу объекттердин тизмесин-де: - бүткүл Тизме боюнча "Бүтүшү" деген графадагы "Август" деген сөз"1-ноябрга чейин" деген сөздөр жана цифра менен алмаштырылсын; - "Объекттин аталышы, жайгашкан жери" деген графанын 2.8-пунктун-дагы "Баткен районунун Аксай айылындагы ФАП" деген сөздөр "Лейлек райо-нунун Аксай айылындагы ФАП" деген сөздөргө алмаштырылсын. Премьер-министр А.Атамбаев