Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
                             КР Өкмөтүнүн                     2010-жылдын 18-ноябрындагы №277                     токтомунун редакциясына ылайык                             күчүн жоготтуБишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 19-сентябры № 418                КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ        Ветеринардык препараттарга контролду жана сертификаттоону                      уюштуруу маселелери жөнүндө      Ветеринардык дары каражаттардын сапатына контролду уюштуруу, алар-ды  каттоону жана сертификаттоону камсыздоо максатында Кыргыз Республи-касынын Өкмөтү токтом кылат:     1. Кыргыз  Республикасынын  Өкмөтүнүн 2006-жылдын 4-августундагы №562 "Ветеринария жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын  ишке  ашыруубоюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:     - 5-пунктунун биринчи абзацында "Ветеринардык препараттарды" дегенсөздөрдөн  жана 7-пунктунун үчүнчү абзацында "Ветеринардык препараттар-ды" деген сөздөрдөн кийинки "стандартташтырууну" деген сөз алып  салын-сын.     2. Кыргыз Республикасынын Айыл,  суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлигинин алдындагы Мамлекеттик ветеринария департаментине ка-раштуу Ветеринардык препараттарды контролдоо жана сертификаттоо  боюнчамамлекеттик лаборатория жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.     3. Кыргыз Республикасынын Айыл,  суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлиги каржылоонун жана материалдык-техникалык жабдуунун мурдакаралган көлөмүн эске алуу менен Мамлекеттик лабораторияны кармоого жа-на приборлор, жабдуулар менен жабдууга жыл сайын каражат бөлүүнү, лабо-раторияны аккредитациялоону жана ага тапшырылган милдеттерди ишке  ашы-рууну камсыз кылуу максатында кадрларды окутууну караштырсын.     4. Бул токтомдун  аткарылышын  контролдоо  Кыргыз  РеспубликасынынӨкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануубөлүмүнө тапшырылсын.       Премьер-министр                                      А.Атамбаев