Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 20-сентябры № 420 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин маселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-апрелиндеги № 134 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин түзүмүн оптимал-даштыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Атайын ортомектебинин базасында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигининКадрларын даярдоо борбору түзүлсүн (КПҮ). 2. "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин маселелерижөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-апрелиндеги №134 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Ички иштер министр-лигинин башкаруу схемасына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: "ИИМдин Атайын орто мектеби" деген сөздөр жана аббревиатура "ИИМ-дин Кадрларды даярдоо борбору" деген сөздөр жана аббревиатура менен ал-маштырылсын (КПҮ). 3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги белгиленген тар-типте Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Кадрларды даяр-доо борбору жөнүндө жобону бекитсин жана өз чечимдерин ушул токтомгоылайык келтирсин (КПҮ). Премьер-министр А.Атамбаев