Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 20-сентябры № 421 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Жоюлган ишканалардын кызматкерлерине жењилдетилген шарттарда пенсия дайындоо жана төлөп берүү тартиби жана эмгектен мертинүү боюнча компенсациялардын өлчөмү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 28-декабрындагы № 827 токтомуна толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: "Жоюлган ишканалардын кызматкерлерине жењилдетилген шарттарда пен-сия дайындоо жана төлөп берүү тартиби жана эмгектен мертинүү боюнчакомпенсациялардын өлчөмү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн2001-жылдын 28-декабрындагы № 827 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү жанатолуктоо киргизилсин: 3-пунктта: - биринчи абзацы "денсоолугун чыњдоого" деген сөздөрдөн кийин "ма-йыптар жана майыптык топко кирбеген кесиптик эмгекке жөндөмдүүлүгүн жо-готкон адамдар" деген сөздөр менен толукталсын; - экинчи абзацында "- майыптарга" деген сөз алып салынсын. Премьер-министр А.Атамбаев