Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 518 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 20-сентябры № 424
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын энергиялык компанияларынын
финансылык-экономикалык иштеринин көрсөткүчтөрү боюнча
милдеттүү отчеттуулукту бекитүү жөнүндө
Энергетика компанияларынын финансылык абалы кийинки жылдарда жакшы
жагына өзгөргөн жок. Мисалы, керектелген электр энергиясы үчүн акыларды
чогултуу 2006-жылы накталай акча менен кошо 69 процентти түздү. Тармак-
тарда электр энергиясынын туруктуу коромжулугу 42 процентти түзөт, анын
ичинен 25 процентке жакыны коммерциялык коромжулуктар жана уурдоолор.
Натыйжада электр энергетика секторунда квазифискалдык дефицит (мындан
ары - КФД) 2006-жылдын аягына карата ички дүњ продуктунун 5,4 процентин
түздү жана өлкөнүн макроэкономикалык бакыбаттыгына жана бюджетинин ту-
руктуулугуна терс таасир тийгизүүдө. 2006-жылдын 1-майынан тартып тири-
чиликте керектөөчүлөр үчүн электр энергиясына 0,62 сом өлчөмдө (же 1,5
цент/кВтс) бирдей тариф киргизилген.
Энергия компанияларынын дебитордук карызынын көптүгү алардын башка
чарбакер субьекттер менен өз ара мамилесине жана бюджеттин алдындагы
кредиттик жана салыктык милдеттенмелеринин аткарылышына таасир этүүдө.
Электр энергетика тармагынын негизги проблемасы керектелген электр
энергиясы үчүн дебитордук карыздын көбөйүшү уланып жатканында,
2007-жылдын 1-январына карата ал 3354 млн. сомду түздү, бул 2006-жылдын
башталышына караганда 15 процентке көп, дебитордук карыздын орчундуу
бөлүгү - 2286 млн. сом же жалпы карыздын 68 проценти элге тиешелүү.
Электрдик энергия компанияларынын финансылык-экономикалык иштерин
мониторингдөө жана такай талдоо жүргүзүү максатында жана КФДнын дењгээ-
линин азайышын байкоого алуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
токтом кылат:
1. Электр энергетикасында КФДга мониторинг жүргүзүү үчүн энергия
компанияларынын финансылык-экономикалык иштеринин көрсөткүчтөрү боюнча
милдеттүү отчеттун формалары 1, 2 жана 3-тиркемелерге ылайык бекитил-
син.
2. "Электр станциялары", "Кыргызстандын улуттук электр тармагы",
"Түндүк электр", "Чыгыш электр", "Ош электр", "Жалалабат электр" ачык
акционердик коомдоруна төмөнкүлөрдү камсыздоо сунушталсын:
- ай сайын ушул токтомдун 1-пунктуна ылайык отчеттук мезгилден
кийинки айдын 20-күнүнө карата, жана квартал сайын отчеттук кварталдан
кийинки айдын 20-күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, Кыргыз
Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлиги-
не, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекет-
тик комитетине жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине отчет
берүүнү;
- электр энергиясын керектөөчүлөрдүн бардык категорияларынан алын-
ган акчанын баары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 25-май-
ындагы N 335 "Электр жана жылуулук энергияларынын дүњ рыногундагы эсеп-
тешүүлөрдүн тартиби жөнүндө" токтомуна ылайык "Эсептешүү-сактык компа-
ниясы" ачык акционердик коомунун транзиттик эсептерине өз убагында жана
толук түшүүсүн;
- директорлор кењештеринин чогулушунда туура информациянын жана
отчеттук маалыматтардын өз убагында берилиши үчүн аталган акционердик
коомдордун директорлоруна жеке жоопкерчилик жүктөө маселесин кароону.
3. Отчет берүүнүн белгиленген мөөнөтүнөн кийин энергия компанияла-
рынын отчеттук маалыматтарына оњдоо киргизүүгө болбостугу белгиленсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурста-
ры министрлиги Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюн-
ча мамлекеттик комитети менен бирдикте:
- ушул токтомдун аткарылышына контролду жана кынтыксыз аткарылышын
камсыздасын;
- ай сайын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө КФД параметрлеринин ат-
карылышы жөнүндө отчет берсин.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 19-августундагы N
531 "Электр энергетика тармагынын ишин турукташтыруу жана Кыргыз Рес-
публикасынын энергетика компанияларынын ишинин финансылык-экономикалык
көрсөткүчтөрү боюнча милдеттүү отчеттуулукту белгилөө жөнүндө" токтому
күчүн жоготту деп эсептелсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-
мөтүнүн Аппаратынын энергетика жана минералдык ресурстар бөлүмүнө жүк-
төлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Атамбаев