Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 21-сентябры № 426 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Калк менен акчалай эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу учурунда контролдук-кассалык машиналарды колдонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүүнүн тартиби тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин токтомун ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 11-майындагы № 306 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Калк менен акчалай эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө контролдук-кассалыкмашиналарды колдонууну уюштуруу боюнча иштерди өркүндөтүү, ишкердиктиөнүктүрүү үчүн ыњгайлуу шарттарды түзүү максатында Кыргыз Республикасы-нын Өкмөтү токтом кылат: 1. "Калк менен акчалай эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу учурунда конт-ролдук-кассалык машиналарды колдонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүүнүн тартиби тууралуу" Кыргыз Республикасы-нын Жогорку Кењешинин токтомун ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" Кыр-гыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 11-майындагы № 306 токтомунатөмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: - 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "Контролдук-кассалык машиналар боюнча мамлекеттик ведомстволораралык эксперттик комиссия төмөнкүдөй курамда түзүлсүн: Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүктүрүү жана соода министри-нин соода же ишкердик маселелерин тейлөөчү орун басары, комиссиянын тө-рагасы; Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттиккомитетинин төрагасынын контролдук-кассалык машиналарды колдонууну кон-тролдоо маселелерин тейлөөчү орун басары, комиссиянын төрагасынын орунбасары. Комиссия мүчөлөрү: Кыргыз Республикасынын Улуттук стандартташтыруу жана метрологияинститутунун директорунун орун басары (макулдашуу боюнча); "Прибороремонт" жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору(макулдашуу боюнча); "Меркурий-сервис" жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору(макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Ишкерлер союзунун төрагасынын орун басары(макулдашуу боюнча); Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча "Вигенс" борборунун пре-зиденти (макулдашуу боюнча). 2. Контролдук-кассалык машиналар боюнча мамлекеттик ведомстволораралык эксперттик комиссиянын ишин уюштуруу жагынан камсыздоо КыргызРеспубликасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлигинежүктөлсүн. 3. Контролдук-кассалык машиналар боюнча мамлекеттик ведомстволораралык эксперттик комиссия эки айлык мөөнөттө Контролдук-кассалык маши-налар боюнча мамлекеттик ведомстволор аралык эксперттик комиссияжөнүндө жобонун долбоорун иштеп чыксын жана белгиленген тартипте КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин. 4. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдеринеөзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн2006-жылдын 10-майындагы № 337 токтому күчүн жоготту деп табылсын. 5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Премьер-министр А.Атамбаев