КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 21-сентябры № 427 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө жана башка аскердик бирикмелеринде анык аскердик жана альтернативдик (аскерден тышкары) кызматынын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматчыларын жана альтернативдик (аскерден тышкары) кызматтын кызматкерлерин запаска бошотуу, ошондой эле 2007-жылдын октябрь-декабрында жарандарды анык аскердик жана альтернативдик (аскерден тышкары) кызмат өтөөгө кезектеги чакыруу жөнүндө "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик мил-деттүүлүгү жөнүндө" жана "Альтернативдик (аскерден тышкары) кызмат өтөөжөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасы-нын Президентинин 2007-жылдын 24-августундагы № 383 "Кыргыз Республика-сынын Куралдуу Күчтөрүндө жана башка аскердик бирикмелеринде анык ас-кердик жана альтернативдик (аскерден тышкары) кызматынын белгиленгенмөөнөтүн өтөп бүткөн аскер жана альтернативдик (аскерден тышкары) кыз-маттын кызматкерлерин запаска бошотуу, ошондой эле 2007-жылдын ок-тябрь-декабрында жарандарды анык аскердик жана альтернативдик (аскердентышкары) кызмат өтөөгө кезектеги чакыруу жөнүндөгү" Жарлыгына ылайыкКыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Анык аскердик жана альтернативдик (аскерден тышкары) кызматынынбелгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматчылары жана альтернативдик(аскерден тышкары) кызматтын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Ку-ралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик бирикмелеринин катарынан2007-жылдын октябрь-декабрь айларында запаска бошотулсун. 2. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги чакырылган күнгө ка-рата 18 жашка толгон, чакырылуусун создуктурууга укугу жок жарандарды,ошондой эле чакыруудан кийинкиге калтырууга укугун жоготкон чакыруу ку-рагындагы улуу адамдарды Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө жанабашка аскердик бөлүктөрүнө анык аскердик, ошондой эле Кыргыз Республи-касынын министрликтеринде жана административдик ведомстволорунда, ишка-наларында, мекемелеринде жана уюмдарында альтернативдик (аскерден тыш-кары) кызмат өтөөгө 2007-жылдын октябрь-декабрында чакырууну уюштурсун. 3. Анык аскер кызматына биринчи кезекте чакыруудан узартуу мөөнөтүбүткөн же түрдүү себептер менен Кыргыз Республикасынын КуралдууКүчтөрүнө белгиленген мөөнөттө чакырылбаган чакырылуучу улуу курактагыжарандар чакырылууга тийиш экендиги белгиленсин. 4. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз ал-дынча башкаруу органдарынын жетекчилери жарандарды анык аскердик жанаальтернативдик (аскерден тышкары) кызматка чакырууну жүргүзүү үчүн: - облустарда, райондордо (шаарларда) чакыруу комиссияларынтүзүшсүн, аларды медициналык кароодон өткөрүү үчүн зарыл болгон медици-налык куралдар жана аспаптар менен жабдылган чакыруу (чогултуу) пунк-ттары менен камсыз кылышсын; - жарандын чакыруу пункттарына уюшкандыкта келишин камсыз кылуучараларын көрүшсүн; - чакыруу комиссияларынын иштешин камсыз кылуу үчүн автотранспорт,техникалык кызматкерлер жана тейлөө кызматчыларын бөлүп беришсин; - төмөнкүлөр үчүн зарыл акча каражаттарын бөлүп беришсин: кењсе товарларын сатып алууга (бланка продукцияларын даярдоо), ча-кыруу участкаларында, республикалык жана облустук чогултуу пункттарындачакырылгандардын тиричилигин, тамактануусун, маданий эс алуусун уюшту-рууга; чакыруу комиссиялары жиберген чакырылгандарды медициналык тек-шерүүгө жана дарылоо жүргүзүүгө; чакырылгандарды чакыруу участкаларына жана чогултуу пункттарыначейин жеткирүүгө; республикалык жана облустук чогултуу пункттарынын коммуналдык кыз-матына акы төлөөгө; - техникалык кызматкер жана автотранспорт бербеген учурда аскеркомиссариаттарына техникалык кызматкерлерди кармоо жана транспорттуккызматтарга чыгымдарды төлөө үчүн жергиликтүү бюджеттин каражаттарынынэсебинен аскер комиссариаттарына зарыл акча каражатын бөлүүнү карашсын; - чакыруу участокторунда, чогултуу пункттарында жана чакырылуучу-ларды салтанаттуу узаткан жерлерде коомдук тартипти сактоону камсыз кы-лышсын. 5. Республикалык чакыруу комиссиясынын негизги жана запас курамда-ры тиркемеге ылайык бекитилсин. 6. Республикалык чакыруу комиссиясына төмөнкүлөр жүктөлсүн: - жарандарга кийинкиге калтыруу мөөнөтүн берүүнүн же чакырууданбошотуунун, ошондой эле альтернативдик (аскерден тышкары) кызматка жи-берүү жөнүндө чечимдин тууралыгын текшерүү; - тиешелүү талаптарды эске алуу менен аскерлердин түрү боюнча ча-кырылуучулардын бөлүштүрүүнүн тууралыгын контролдоо; - райондук (шаардык) жана облустук чакыруу комиссияларынын аракет-терине жарандардын даттанууларын кароо. 7. Чакыруу комиссияларынын мүчөлөрүнүн, врачтардын, техникалыккызматкерлердин жана тейлөө кызматындагы адамдардын иштеген мезгилиндеалардын негизги иштеген жериндеги орточо эмгек акылары сакталаары бел-гиленсин. 8. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги: - чакырылгандарды медициналык кароодон өткөрүү үчүн квалификация-луу адис врачтарды жана медициналык орто кызматкерлерди зарыл сандабөлүп берсин; - ден соолугунун абалы кошумча изилдөөлөрдү талап кылган чакырылу-учуларды дарылоо-алдын алуу мекемелеринде кезексиз стационардык (амбу-латориялык) медициналык текшерүүнү жана дарылоону камсыз кылсын. 9. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жарандарды аныкаскердик жана альтернативдик (аскерден тышкары) кызмат өтөөгө чакыруужүргүзүүдө, анык аскердик жана альтернативдик (аскерден тышкары) кызматөтөөдөн качып жүргөн адамдарды издеп табууну уюштурууда, ошондой элеаларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тарту-уда райондук (шаардык) аскер комиссариаттарына жардам жана көмөккөрсөтүшсүн. 10. Кыргыз Республикасынын жарандарын анык аскердик жана альтерна-тивдик (аскерден тышкары) кызматка чакырууну жүргүзүүнү контролдоо Кыр-гыз Республикасынын Коргоо министрлигине жүктөлсүн. 11. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган күндөнтартып күчүнө кирет. 12. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдарбөлүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министр А.Атамбаев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 21-сентябрындагы № 427 токтомуна тиркеме Республикалык чакыруу комиссиясынын КУРАМЫ Абдрахманов Р.И. - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Баш- кы штабынын башкы уюштуруучулук-мобилизациялык башкармалыгынын анык аскердик, альтернативалуу (аскерден тышкаркы) кызматка чакыруу жана аль- тернативалуу (аскерден тышкаркы) кызмат өтөөнү контролдоо башкармалыгынын начальниги, комисси- янын төрагасы. Комиссия мүчөлөрү: Караталов Б.Ө. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн референти; Салимжанов З.З. - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги- нин ички аскерлер штабынын кадрлар, жеке курам- ды комплектөө жана эсепке алуу кызматынын на- чальниги; Тойматов С.Ш. - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо ми- нистрлигинин дарылоо-профилактикалык жардам көрсөтүү башкармалыгынын башкы адиси; Ташпаев А.А. - Чүй облусунун мамлекеттик администрациясынын укук коргоо органдары жана коргонуу бөлүмүнүн башчысы; Лебедев И.В. - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Баш- кы штабынын башкы уюштуруучулук-мобилизациялык башкармалыгынын анык аскердик, альтернативалуу (аскерден тышкаркы) кызматка чакыруу жана аль- тернативалуу (аскерден тышкаркы) кызмат өтөөнү контролдоо бөлүмүнүн начальнигинин орун басары. Республикалык чакыруу комиссиясынын резервдик КУРАМЫ Карымбаев А.К. - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Баш- кы штабынын Башкы уюштуруучулук-мобилизациялык башкармалыгынын бөлүм начальниги - анык аскер- дик, альтернативалуу (аскерден тышкаркы) кыз- матка чакыруу жана альтернативалуу (аскерден тышкаркы) кызмат өтөөнү контролдоо башкармалы- гынын начальнигинин орун басары. Комиссия мүчөлөрү: Асанходжаев Р.Г. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн эксперти; Назаркулов А.А. - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги- нин ички аскерлеринин медициналык башкармалыгы- нын начальниги - аскер госпиталынын начальниги; Шахнабиев М.Ш. - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо ми- нистрлигинин дарылоо-профилактикалык жардам көрсөтүү башкармалыгынын башкы адиси; Байболов К.С. - Чүй облусунун мамлекеттик администрациясынын укук коргоо органдары жана коргонуу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси; Аманалиев Н.К. - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Баш- кы штабынын башкы уюштуруучулук-мобилизациялык башкармалыгынын альтернативалуу (аскерден тыш- каркы) кызмат өтөөнү контролдоо бөлүмүнүн на- чальниги.