Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2016-жылдын 29-февралындагы N 91 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 24-сентябры № 431 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Паспорттук жана визалык контроль департаменти жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 14-июлундагы № 514 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ишмердигинин на-тыйжалуулугун жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ: 1. "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Паспорттукжана визалык контроль департаменти жөнүндө жобону бекитүү тууралуу"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 14-июлундагы № 514 токто-муна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: Көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Ичкииштер министрлигинин Паспорттук жана визалык контроль департаментижөнүндө жободогу 51 жана 52-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "51. Департаментти кызматка Кыргыз Республикасынын ички иштер ми-нистринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри дайын-доочу жана бошотуучу начальник башкарат. 52. Департаменттин начальнигинин Кыргыз Республикасынын ички иштерминистри тарабынан кызматка дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу бирорун басары болот, ал начальник жокто анын милдеттерин аткарат.". 2. "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин маселелери"жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-апрелиндеги №134 токтомунун 4-пункту күчүн жоготту деп табылсын. 3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги өз чечимдеринушул токтомго ылайык келтирсин. Премьер-министр А.Атамбаев