Загрузка документа…
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 25-сентябры № 435
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Манас атындагы Кыргыз-Түрк университетинин
Текшерүү комиссиясынын курамын бекитүү жөнүндө
1995-жылдын 30-сентябрында кол коюлган "Кыргыз Республикасынын
борбору Бишкек шаарында Манас атындагы Кыргыз-Түрк университетин түзүү
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өк-
мөтүнүн ортосундагы келишимге жана "Манас атындагы Кыргыз-Түрк универ-
ситетинин маселелери" жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
1997-жылдын 28-июлундагы № 445 токтому менен бекитилген Манас атындагы
Кыргыз-Түрк университетинин Уставына ылайык Кыргыз Республикасынын Өк-
мөтү токтом кылат:
1. Манас атындагы Кыргыз-Түрк университетинин Текшерүү комиссиясы
кыргыз тараптан төмөнкүдөй курамда бекитилсин:
Кожошев А.О. - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун
басары;
Мавлянов А.С. - Бишкек финансы-экономикалык академиясынын ректо-
ру;
Беделбаев А.Б. - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академия-
сынын коомдук илимдер бөлүмүнүн окумуштуу катчы-
сы;
Байгатаев Б.М. - Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим ми-
нистрлигинин бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук
бөлүмүнүн начальниги.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- "Манас атындагы Кыргыз-Түрк университетинин Текшерүү комиссиясы-
нын курамын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жыл-
дын 13-июнундагы № 347 токтому;
- "Манас атындагы Кыргыз-Түрк университетинин Текшерүү комиссиясы-
нын курамын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жыл-
дын 13-июнундагы № 347 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыр-
гыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 13-августундагы № 541 токто-
му;
- "Манас атындагы Кыргыз-Түрк университетинин Текшерүү комиссиясы-
нын курамын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жыл-
дын 13-июнундагы № 347 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыр-
гыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 9-январындагы № 8 токтому.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Атамбаев