Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-ноябрындагы № 597 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 28-сентябры № 437
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине
өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335
токтомунун редакциясына ылайык)
"Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жө-
нүндө" Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 28-декабрындагы № 208 Мыйза-
мына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
ылайык, милдеттүү медициналык камсыздандыруу жаатында ченемдик укуктук
актыларды системалаштыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ток-
том кылат:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы
№ 335 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 9-мартындагы № 121
"Кыргыз Республикасынын граждандарын медициналык камсыздандыруу жөнүн-
дө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу" токтомуна тө-
мөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында жарандарды
милдеттүү медициналык камсыздандыруу эрежелеринде:
- 8.7-пунктчадагы "жалдоочу" деген сез "жумуш берүүчү" деген сөзгө
алмаштырылсын;
16-пунктта:
экинчи абзац төмөнкү редакцияда берилсин:
" - Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн - социалдык коргоо күбө-
лүгү же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү пас-
порту (ID-карточка);
- Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган жана эмгек ке-
лишиминин негизинде эмгектик мамиледе турган чет өлкөлүк жарандар жана
жарандыгы жок адамдар үчүн - социалдык коргоо күбөлүгү;";
төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
" - калкты ишке орноштуруунун мамлекеттик кызмат органдарында кат-
талган жумушсуз жарандар үчүн - милдеттүү медициналык камсыздандыруу
полиси;";
сегизинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
- 18 жашка толо элек жалпы билим берүүчү мекемелердин окуучулары,
баштапкы кесиптик окуу жайларынын окуучулары, орто жана жогорку кесип-
тик окуу жайларынын күндүз окуган студенттери үчүн алар 21 жашка чык-
канга чейин - милдеттүү медициналык камсыздандыруу полиси, ал эми алар
мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмүн тө-
лөгөн учурда - социалдык коргоо күбөлүгү же Кыргыз Республикасынын жа-
ранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карточка).";
аталган токтом менен бекитилген Милдеттүү медициналык камсызданды-
руу каражаттарын жыйноо жана Кыргыз Республикасынан Социалдык фондунан
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Мил-
детүү медициналык камсыздандыруу фондуна өткөрүп берүү тартиби жөнүндө
жободо:
- 3-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
"3. Пенсионерлерди жана жумушсуздарды милдеттүү медициналык кам-
сыздандырууга каражаттар республикалык бюджеттин каражаттарынан
төлөнүүчү жылына 1,5 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө өткөрүп берилет.".
3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги эки айлык
мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул токтомго ылайык келтир-
син.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-
мөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Атамбаев