Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 1-октябры № 442 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин милициянын генерал-майору Алиев Эргеш Алиевич атындагы Академиясы жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 8-майындагы № 256 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги үчүн адистерди даяр-доонун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтү токтом кылат: 1. "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин милициянынгенерал-майору Алиев Эргеш Алиевич атындагы Академиясы жөнүндө Жобонубекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 8-майын-дагы № 256 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Ички иштерминистрлигинин милициянын генерал-майору Алиев Эргеш Алиевич атындагыакадемиясы жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор кир-гизилсин: - бүткүл тексти боюнча ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү "студенттер" дегенсөздөр алып салынсын; - 1-бөлүмдүн 1.2-пункту төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менентолукталсын: " - жалпы орто билимдин базасында кесиптик орто билим берүү мененадистерди даярдоо;" - 3-бөлүмдүн 3.1-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда ба-яндалсын: " - бюджеттик негизде күндүзгү окуу формасы боюнча, ошондой элебюджеттик жана контракттык негизде сырттан окуунун формасы боюнча(угуучулар) ички иштер органдары жана юриспруденциянын башка тармактарыүчүн толук жогорку юридикалык билимдүү адистерди даярдоону жүргүзүү;"; - 3-бөлүмдүн 3.1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац ме-нен толукталсын: " - тийиштүү түрдө бюджеттик жана контракттык негизде күндүзгү жа-на сырттан окуу формасы боюнча жалпы орто билимдин базасында кесиптикорто билимдүү адистерди даярдоону жүргүзүү". 2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги өзүнүн норматив-дик актыларын ушул токтомго ылайык келтирсин. Премьер-министр А.Атамбаев