Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-сентябрындагы № 418 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин алдындагы Мамлекеттик ветеринария департаментине караштуу Ветеринардык препараттарды контролдоо жана сертификаттоо боюнча мамлекеттик лаборатория жөнүндө ЖОБО I. Жалпы жоболор 1. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлигинин алдындагы Мамлекеттик ветеринария департаментине ка-раштуу Ветеринардык препараттарды контролдоо жана сертификаттоо боюнчамамлекеттик лаборатория (мындан ары - лаборатория) Кыргыз Республикасы-нын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштууМамлекеттик ветеринария департаментинин филиалы (өзүнчө подразделение-си) болот. 2. Лабораториянын ишинин мыйзамдык негизин Кыргыз РеспубликасынынКонституциясы, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, Кыргыз Республикасы-нын Президентинин актылары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешининтоктомдору, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору жана буйрукта-ры, Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жайминистрлигинин жана анын Мамлекеттик ветеринария департаментинин буй-руктары түзүшөт. II. Лабораториянын милдеттери 3. Лабораториянын негизги милдеттери төмөнкүдөй: - Кыргыз Республикасында чыгарылчу жана башка өлкөлөрдөн алыныпкелчү ветеринардык дары каражаттардын сапатын, натыйжалуулугун, кооп-суздугун экспертизалоо; - мал чарбачылыгында жана ветеринарияда пайдаланылчу ветеринардыкдары каражаттарды контролдоо жана сертификаттоо боюнча методдордуөркүндөтүү; - Кыргыз Республикасынын ветеринардык мекемелеринде сакталып тур-ган, ошондой эле чет өлкөдөн алынып келчү микроорганизмдердин жана баш-ка биологиялык активдүү заттардын культураларын мамлекеттик эсепкеалуу, алардын сакталышын, жүгүртүлүшүн жана пайдаланылышын контролдоо; - ветеринардык дары каражаттарды жүгүртүү чөйрөсүндө иштечү адис-терди даярдоону жана кайра даярдоону уюштуруу. III. Лабораториянын функциялары 4. Тапшырылган милдеттерди аткарууну камсыздоо үчүн лабораториятөмөнкүдөй функцияларды иш жүзүнө ашырат: - республикада чыгарылчу жана Кыргыз Республикасынын аймагына алы-нып келчү ветеринардык дары каражаттардын сапатын, коопсуздугун, натый-жалуулугун, алардын техникалык регламенттердин, нормативдик укуктук ак-тылардын жана стандарттардын талаптарына ылайык экендигин экспертиза-лоо; - ветеринардык дары каражаттарды сертификаттоо жана сыноожүргүзүү, анын ичинде сертификаттоо максатында сыноо; - ветеринардык препараттардын жана дары каражаттардын каттоодонөткөн партиялары (сериялары) мал чарбачылыкта жана ветеринардык практи-када колдонууга жарактуулугу жөнүндө корутундуларды берүү; - ветеринардык дары каражаттарды мамлекеттик каттоо; - ветеринарияда колдонууга арналган дары каражаттардын мамлекеттикреестрин жүргүзүү; - ветеринардык дары каражаттарды колдонуунун натыйжаларына, кош-тонду таасирлерине жана алардын өз ара таасир этишүүсүнүнөзгөчөлүктөрүнө анализ жүргүзүү, Мамлекеттик ветеринария департаменти-нин тапшыруусу боюнча жаныбарларды багууда жана ветеринарияда колдонул-чу препараттарга рекламацияларды кароо жана корутундуларды берүү; - мал чарбачылыгында жана ветеринарияда колдонулчу препараттардыжасоочу ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин эсебин жүргүзүү; - ветеринардык дары каражаттарды чыгаруунун ветеринардык-санитар-дык коопсуздугуна экспертиза жүргүзүү; - ветеринардык дары каражаттардын аларды чыгаруу боюнча ветеринар-дык-санитардык талаптарга ылайыктыгы жөнүндө корутундуларды берүү; - Кыргыз Республикасында чыгарылчу ветеринардык дары каражаттардыколдонуу боюнча нускамалардын долбоорлорун даярдоого катышуу жана Мам-лекеттик ветеринария департаментине тийиштүү сунуштарды киргизүү; - аткаруучу бийликтин дары каражаттардын сапатын жана коопсуздугунконтролдоо компетенциясына кирген мамлекеттик органдары менен өз арабайланышта иштешүү маселеси боюнча Мамлекеттик ветеринария департаментиүчүн сунуштарды иштеп чыгуу; - Мамлекеттик ветеринария департаментинин тапшырмасы боюнча жањыветеринардык препараттарды жана дары каражаттарды текшерүүдөн өткөрүүгөжана сыноого катышуу; - ветеринардык биологиялык препараттардын эталондорун, стандартүлгүлөрүн, ветеринарияда пайдаланылчу микроорганизмдердин штаммдарынынулуттук коллекцияларын сактоо; - Кыргыз Республикасынын ветеринардык препараттарды контролдоо жа-на сертификаттоо тармагындагы нормативдик укуктук актыларында каралганбашка функциялар. IV. Лабораториянын ишин уюштуруу 5. Лабораториянын кызматкерлери төмөнкүлөргө укуктуу: - мал чарбачылыгында жана ветеринарияда колдонулчу препараттардыжасоочу өндүрүштүк участокторго, цехтерге, уюмдарга жана ишканаларгакызматтык күбөлүгүн жана тийиштүү тапшырманы көрсөтүү менен кирүүгө,сапатын жана коопсуздугун текшерүү үчүн ветеринардык дары каражаттардынүлгүлөрүн (сынамыктарын) алууга; - зарыл болсо сактоодо турган ветеринардык биопрепараттардын ар-хивдик үлгүлөрүн текшерүү үчүн алууга. 6. Лабораторияны Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайраиштетүү өнөр жай министрлигинин Мамлекеттик ветеринария департаментининБашкы директору кызматка дайындачу жана бошотуучу директор башкарат. 7. Лабораториянын директору: - лабораториянын кызматкерлерин кызматка дайындайт жана бошотот; - лабораториянын функциялык подразделениелеринин жетекчилерининжана кызматкерлеринин арасында милдеттерди бөлүштүрөт; - лабораторияга жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткары-лышы үчүн жеке жоопкерчиликте болот. 8. Лабораториянын директору төмөнкүлөргө укуктуу: - компетенциясына кирген маселелер боюнча чыгыш документтерге колкоюуга; - өз компетенциясынын чегинде лабораториянын таламын көрсөтүүгө; - Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык лабораториянынкызматкерлери үчүн аткарууга милдеттүү болгон буйруктарды чыгарууга,көрсөтмөлөрдү берүүгө, сыйлоого жана тартиптик жаза чараларын колдонуу-га. V. Лабораториянын мүлкү жана каржылоо 9. Лабораториянын ишин каржылоонун булагы республикалык бюджет бо-лот. 10. Алынган каражаттар лабораториянын ишин өнүктүрүүгө жана мате-риалдык колдоолорго жумшалат. 11. Лаборатория ишине мамлекеттик менчикти, ошондой эле ижарагаалынчу жайларды, шаймандарды жана башка мүлктөрдү пайдаланат. VII. Эсеп, отчет жана контроль 12. Лабораторияда бухгалтериялык эсеп жана отчет Кыргыз Республи-касынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт. 13. Лабораториянын финансылык-чарбалык ишине контролду Кыргыз Рес-публикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигининМамлекеттик ветеринария департаменти жүргүзөт. VIII. Өзгөртүп уюштуруу жана жоюу 14. Лабораторияны өзгөртүп уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасы-нын Өкмөтүнүн чечими менен ишке ашырылат.