Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 1-октябрындагы № 441 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Бањгизатка контролдук агенттиги жөнүндө ЖОБО I. Жалпы жоболор 1. Кыргыз Республикасынын Бањгизатка контролдук агенттиги (мынданары - БКА) Кыргыз Республикасынын башка аткаруу бийлик органдарына кир-гизилген, бањги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлордужүгүртүү, алардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө бөгөт коюу жагында бирдиктүүсаясатты жүргүзгөн укук коргоочу орган болуп саналат. БКА тикелей Кыргыз Республикасынын Президентине жана Кыргыз Рес-публикасынын Өкмөтүнө баш ийет жана отчет берет. 2. БКА өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "КыргызРеспубликасынын Бањгизаттарды контролдоо боюнча органы жөнүндө" КыргызРеспубликасынын Мыйзамын, башка ченемдик укуктук актыларды, Кыргыз Рес-публикасы катышуучусу болуп, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл ара-лык келишимдерди жана ушул Жобону жетекчиликке алат. 3. БКАнын иши мыйзамдуулук, жарандардын укуктарын жана эркиндикте-рин урматтоо, коомдун таламдарын сактоо, Кыргыз Республикасында бањги-ликке каршы турууда маалымдуу жана жашыруун ыкмаларды колдонуу принцип-теринин негизинде жүргүзүлөт. 4. БКАнын өзүнүн айырмалоочу белгилери - БКАнын сунушу боюнча Кыр-гыз Республикасынын Өкмөтү бекитүүчү туусу, эмблемасы жана формаларыболот. 5. БКА юридикалык жак болот, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттикгербинин сүрөтү бар жана аталышы кыргыз, орус жана англис тилдериндежазылган мөөрү, башка мөөрлөрү, штамптары жана бланктары, ошондой элеКыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин казначылык органдарындаэсеби, анын ичинде валюталык эсеби болот. II. БКАнын негизги милдеттери 6. БКАнын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат: - бањги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлордужүгүртүү, ошондой эле алардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө бөгөт коюу жагын-да мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу; - бањги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлордумыйзамдуу жүгүртүүгө, алардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө бөгөт коюу боюнчачараларды жүзөгө ашырууга тиешелүү маселелерде аткаруу бийлик органда-рынын өз ара аракеттенишин камсыз кылуу; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен бањгизатка контролдукоргандардын тергөөсүнө берилген кылмыштарды табуу, алдын алуу, бөгөткоюу, бетин ачуу жана тергөө; - бањги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлордумыйзамсыз жүгүртүүгө каршы туруу жагында эл аралык уюмдар жана чет мам-лекеттердин компетенттүү органдары менен Кыргыз Республикасынын эл ара-лык келишимдерине ылайык өз ара аракеттенүү жана маалымат алмашуу,ошондой эле бањги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсор-лорду мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы туруу маселелери боюнча эл аралык уюм-дарда Кыргыз Республикасынын таламдарын билдирүү; - бањги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлордужүгүртүүгө контролдук кылуу, алардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы ту-руу жагында белгиленген тартипте эл аралык келишимдерди түзүү. III. БКАнын функциялары 7. БКА өзүнө жүктөлгөн милдеттерге ылайык, өз компетенциясынын че-гинде төмөнкүлөрдү жүргүзөт: - бањги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлордумыйзамдуу жүгүртүүгө, алардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы туруу масе-лелери боюнча аткаруу бийлик органдарынын өз ара аракеттенишин камсызкылуу; - өз компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынаылайык изин суутпай издөө иштерин жүргүзүү; - бањгизатка контролдук органы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарыменен тергөө органдарына берилген жазык иштерин тергөө; - Бањги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлордумыйзамдуу жүгүртүү субъекттеринин мамлекеттик реестрин жүргүзүү; - өз компетенциясынын чегинде дарылык бањги каражаттарын жана пси-хотроптук заттарды мыйзамдуу жүгүртүүгө контролдук кылуу; - бањги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлордумыйзамдуу жүгүртүүгө мониторинг жүргүзүү, алардын кыймылы боюнча Бањги-заттарга контролдук боюнча эл аралык комитетке системалуу отчет берүү; - бањги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлордубашка укук коргоо органдары тарабынан жок кылуу тартибинин сакталышынаконтролдук кылуу; - ички контроль, өзүнүн коопсуздугу жана бањгизатка контролдук бо-юнча органдын кызматкерлеринин коопсуздугу; - өз кызматкерлерин, аларга көмөк көрсөткөн адамдарды, бањгизаткаконтролдук органынын тергөөсүнө берилген иштер боюнча жазык сот өндүрү-шүнүн катышуучуларын жана алардын жакындарын алардын өмүрүнө жана денсоолугуна кылмыштуу кол салуулардан коргоо; - бањгизатка контролдук органына берилген маселелер боюнча жаран-дарды кабыл алуу, алардын сунуштарын, арыздарын жана даттанууларын ка-роо; - бањгизатка контролдук органдын системасында белгиленген тартиптекурал-жарактарды жана ок-дарыларды жүгүртүү эрежелерин сактоо боюнчачараларды көрүү; - мамлекеттик жана мыйзам менен корголгон башка сырларды түзгөнмаалыматтарды коргоону камсыз кылуу боюнча чараларды, анын ичинде өзкызматкерлеринин жана кызматчыларынын аталган маалыматтарга ээ болушу,ошондой эле бањгизаттарга контролдук органга кызматка жарандарды кабылалуу менен байланышкан чараларды көрүү; - кадрларды тандоо, жайгаштыруу жана тарбиялоо, ошондой эле алардыдаярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу; - бањгизатка контролдук органдын мобилизациялык даярдануусун жанамобилизациялык даярдыгын камсыз кылуу; - белгиленген тартипте бањгизатка контролдук органдын аскерге мил-деттүү кызматкерлерин жана кызматчыларын атайын эсепке алуу; - бањгизатка контролдук органдын ишин материалдык-техникалык жанафинансылык жактан камсыз кылуу; - бањгизатка контролдук органдын кызматкерлеринин жана кызматчыла-рынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн туракжай шартын жакшыртуу боюнчачараларды көрүү; - бањги каражаттарынын, психотроптук заттардын жана прекурсорлор-дун улуттук тизмесин, мыйзамсыз жүгүртүү администрациялык же жазыкжоопкерчилигине алып келе турган бањги каражаттарынын, психотроптукзаттардын жана прекурсорлордун критерийлерин жана өлчөмдөрүн иштеп чы-гуу жана аларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитүүсүнө жиберүү; - дарылык бањги каражаттарын жана психотроптук заттарды жеке адам-дарга сатуунун тартибин Кыргыз Республикасынын кызыкдар министрликтерижана ведомстволору менен макулдашуу; - бањги каражаттарына, психотроптук заттарга болгон керектөөнүКыргыз Республикасынын кызыкдар министрликтери жана ведомстволору мененмакулдашуу жана бањги каражаттарына жана психотроптук заттарга тийиштүүквота алуу үчүн маалыматтарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана Бањ-гизаттарга контролдук боюнча эл аралык комитетке жиберүү. 8. БКА ага жүктөлгөн милдеттерге ылайык өз компетенциясынын чегин-де төмөнкүлөрдү уюштурат: - бањги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлордумыйзамсыз жүгүртүүнү болтурбоо боюнча алдын алуу иштерин; - бањгиликтин алдын алуу, бањги каражаттарын, психотроптук заттар-ды жана прекурсорлорду мыйзамдуу жүгүртүүгө контролдук кылуу, ошондойэле алардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө бөгөт коюу жагында максаттуу прог-раммаларды иштеп чыгууну жана жүзөгө ашырууну. IV. БКАнын ишин уюштуруу 9. БКАга Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин сунушу боюнчаКыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызматка дайындалчу жанабошотулуучу директор башчылык кылат. 10. БКАнын директорунда, БКАнын директорунун өтүнүчүнүн негизиндеКыргыз Республикасынын Премьер-министринин сунушу боюнча Кыргыз Респуб-ликасынын Президенти тарабынан дайындалып жана бошотулчу эки орун баса-ры болот, алардын бирөө биринчи болот. 11. БКАнын директору: - БКАга жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн жекече жоопкерчиликтартат; - БКАнын ишин жеке башкаруу принцибинде уюштурат жана жетекчиликкылат; - БКАнын компетенциясына берилген маселелер боюнча Кыргыз Респуб-ликасынын Президентине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө маалымат-тарды берет; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишине катышат, БКАнын ишине ти-ешелүү маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуш киргизет; - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдары, ошондой элечет мамлекеттердин компетенттүү органдары жана эл аралык уюмдар мененмамилелерде БКАнын атынан өкүл болот; - өз орун басарларынын ортосунда милдеттерди бөлүштүрөт, БКАнынкызмат адамдарынын ыйгарым укуктарын аныктайт; - БКАнын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жобону бекитет; - БКАнын тийиштүү бөлүмдөрүндө оперативдүү кењешмелерди түзөт жанаалардын сандык жана жекече курамын бекитет; - эксперттик, консультациялык жана кењешүү органдарын түзөт, аларжөнүндө жобону жана алардын курамын бекитет; - өз компетенциясынын чегинде приказдарды жана буйруктарды чыга-рат, алардын аткарылышын текшерүүнү уюштурат; - белгиленген тартипте жана ага берилген ыйгарым укуктарынын че-гинде Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлик органдары, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары, менчигинин түрүнө карабастан ишканалары,мекемелери, уюмдары, кызмат адамдары жана жарандар милдеттүү түрдө ат-кара турган, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен БКАнын компетенци-ясына кирген ченемдик укуктук актыларды чыгарат; - тергөөчүлөр конкреттүү иштер боюнча чыгарган токтомдордон тышка-ры, БКАнын бөлүмдөрүнүн жетекчилери чыгарган Кыргыз Республикасынынмыйзамдарына каршы келген актыларды жокко чыгарат; - БКАнын компетенциясына берилген маселелер боюнча Кыргыз Респуб-ликасынын мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча ченемдик укуктук актылардын жа-на сунуштардын долбоорлорун белгиленген тартипте Кыргыз РеспубликасынынПрезидентинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизет; - Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине БКАнын коллегиямүчөлөрүн бекитүү жөнүндө сунуштарды киргизет; - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринен БКАнын орун басарла-рын дайындоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентине сунуш кирги-зүүнү өтүнөт; - БКАнын директорунун орун басарларына атайын жогорку наамдардыберүү жөнүндө өтүнүчтү Кыргыз Республикасынын Президентине киргизүүтууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине сунуш кылат; - БКАнын кызматкерлери ээлеген кызмат орундар боюнча атайын наам-дардын чегин белгилейт; - БКАга кызматка (ишке) кабыл алууну, кызматтан (иштен) бошотуунуКыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштурат; - кызматкерлерди жана кызматчыларды кызматка (ишке) кабыл алат жа-на бошотот, аларды кызмат ордуна дайындайт жана бошотот, алар менен эм-гек келишимдерин (контракттарды) түзөт, өзгөртөт жана бузат; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мамле-кеттик кызматчыларга класстык чендерди берет; - БКАнын кызматкерлерине "бањгизатка контролдук кызматынын полков-нигине" чейин атайын наамдарды белгиленген тартипте берет; - БКАнын кызматкерлерин жана кызматчыларын, ошондой эле тапшырыл-ган милдеттерди чечүүгө көмөк көрсөткөн адамдарды Кыргыз Республикасы-нын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө сунушту Кыргыз Респуб-ликасынын Президентинин кароосуна киргизет; - БКАнын кызматкерлерин жана БКАга жүктөлгөн милдеттерди чечүүгөкөмөк көрсөткөн адамдарды сыйлоо үчүн сыйлык жана белек фонду, аныничинде дүрмөттүү жана дүрмөтсүз куралдардын фондуна ээ болот; - ведомстволук сыйлыктар, баалуу белектер же акчалай сыйлык менен,ал эми Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте дүрмөттүүжана дүрмөтсүз куралдар менен сыйлайт; - БКАнын кызматкерлерин жана кызматчыларына Кыргыз Республикасынынмыйзамдарына ылайык тартипте жана шартта үстөк акы жана сыйлык акылардытөлөп берүүнү камсыз кылат, тийиштүү жылга республикалык бюджеттен БКА-га бөлүнгөн каражаттардын чегинде башка кошумча төлөмдөрдү белгилейт; - БКАнын кызматкерлерин жана кызматчыларын сыйлоо жана аларга ка-рата тартип жазасын колдонуу маселелерин чечет; - БКАнын кызматта болуу курагынын белгиленген чегине жеткен айрымкызматкерлерине өзгөчө учурларда кызмат өтөө мөөнөтүн узартат; - БКАнын кызматкерлери менен кызматчыларын мамлекеттик бийлик ор-гандарына жана башка мамлекеттик органдарга, ошондой эле Кыргыз Респуб-ликасынын Өкмөтү аныктаган тартипте жана шартта эл аралык уюмдаргаиштөөгө жиберет; - БКАнын кызматкерлери менен кызматчыларынын чет өлкөлөргө иш са-парына байланышкан маселелерди белгиленген тартипте чечет; - БКАнын оперативдүү маалыматтарды чет мамлекеттердин компетенттүүоргандарына берүүсүнүн тартибин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынаылайык аныктайт; - БКАнын органдарынын штаттык саны, аларды финансылоо жана матери-алдык-техникалык жактан камсыз кылуу жөнүндө сунушту иштеп чыгат жанабелгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизет; - белгиленген штаттык сандын жана эмгек акы фондусунун чегиндеБКАнын штаттык тизмегин, ошондой эле тийиштүү жылга республикалык бюд-жеттен бөлүнгөн каражаттардын чегинде аларды күтүүгө чыгымдардын смета-сын бекитет; - БКАны күтүүгө республикалык бюджеттен бөлүнгөн финансылык кара-жаттарды, ошондой эле эл аралык уюмдар жана чет мамлекеттер берген ка-ражаттарды белгиленген тартипте тескейт; - БКАнын изин суутпай-издөө ишин жүргүзүшүнө байланышкан оператив-дүү иш-чараларды жүргүзүүгө финансылык каражаттарды чыгымдоонун ченеминжана тартибин аныктайт; - Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына жана мыйзам-дарына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүргүзөт. 12. БКАда курамына директор (коллегиянын төрагасы), директордунорун басарлары, ошондой эле БКАнын башка жетекчи кызматкерлери, КыргызРеспубликанан Өкмөтүнүн Аппаратынын өкүлү кирген 7 кишиден турган кол-легия түзүлөт. Коллегиянын курамына кызмат орду боюнча кирген адамдардан (БКАнындиректору жана орун басарлары) башка мүчөлөрү БКАнын директорунун суну-шу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан бекитилет.Коллегия өз жыйналыштарында: - БКАнын ишинин негизги маселелерин карайт жана алар боюнча чечимкабыл алат; - БКАнын кызматкерлерин жана кызматчыларын, ошондой эле ага жүк-төлгөн милдеттерди чечүүгө көмөк көрсөткөн адамдарды сыйлоо үчүн ведом-стволук сыйлыктарды (ардак грамота, медалдар, төш белгилер ж.б.) уюшту-рат, ал сыйлыктар жөнүндө жобону жана алардын баяндамасын бекитет. Коллегиянын чечими анын мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабылалынат жана БКАнын директорунун приказы менен таризделет. БКАнын директору менен коллегия мүчөлөрүнүн ортосунда кайчы пикир-лер келип чыкканда директор өз чечимин өткөрөт. Андай болгон учурдаБКАнын коллегия мүчөлөрү өз пикирин Кыргыз Республикасынын Президентинежана Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине билдирүүгө укуктуу. БКАнын коллегиясынын жана башка аткаруу бийлик органдарынын бирге-лешкен жыйналыштарында кабыл алынган чечимдер БКАнын жана тийиштүү ат-каруу бийлик органынын биргелешкен приказдары менен таризделет. V. БКАнын ишине контролдук кылуу жана көзөмөл жүргүзүү 13. БКАнын ишине Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана мыйзам-дары менен аныкталган ыйгарым укуктардын чегинде Кыргыз РеспубликасынынПрезиденти, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри контролдук кылат. 14. БКАнын ишинде мыйзамдардын так жана бир түрдүү аткарылышынакөзөмөлдү Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы жүргүзөт. 15. БКАга купуя негизде көмөк көрсөткөн же көрсөтүп жаткан адамдаржөнүндө, ошондой эле БКАнын ишинин уюштурулушу, тактикасы, усулдары жа-на каражаттары жөнүндө маалыматтар прокурордук көзөмөлгө алынбайт.