Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-августундагы № 363 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик гарантиялар ПРОГРАММАСЫ I. Жалпы жоболор Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардамменен камсыздоо боюнча мамлекеттик гарантиялар программасы (мындан ары- Мамлекеттик гарантиялар программасы) Кыргыз Республикасынын жаранда-рынын ушул программага катышкан саламаттык сактоо уюмдарында алардынменчигинин формасына карабастан медициналык-санитардык жардам алуугаукуктары ишке ашырылышын камсыз кылат. Мамлекеттик гарантиялар программасы Кыргыз Республикасынын жаран-дарын ден соолукту сактоо жана чыњдоо боюнча социалдык корголушун кам-сыз кылат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштелип чык-кан. Мамлекеттик гарантиялар программасынын алкагында Кыргыз Республи-касынын жарандарына акысыз жана жењилдетилген шартта медициналык-сани-тардык жардам көрсөтүүнүн көлөмү: - республикалык жана Бишкек шаарынын бюджеттеринин каражаттарынан; - милдеттүү медициналык камсыздандыруунун каражаттарынан саламат-тык сактоо секторун каржылоонун дењгээлине жараша жыл сайын аныкталат. Мамлекеттик гарантиялар программасы боюнча медициналык кызматтарКыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Милдеттүү меди-циналык камсыздандыруу фондунун аймактык башкармалары менен келишим тү-зүшкөн саламаттык сактоо уюмдарында алардын менчигинин формасына кара-бастан көрсөтүлөт. II. Медициналык-санитардык жардамдын түрлөрү Мамлекеттик гарантиялар программасы медициналык-санитардык жардам-дын төмөнкү түрлөрүн камсыз кылат: - медициналык тез жардам; - алгачкы медициналык-санитардык жардам; - амбулаториялык шартта адистештирилген медициналык-санитардыкжардам; - амбулаториялык шартта дары-дармек менен камсыз кылуу; - стационардык медициналык жардам; - стоматологиялык жардам; - дары менен камсыздоо жана иммунопрофилактика. 2.1. Медициналык тез жардам Медициналык тез жардам - бейтаптарга жашоо көрсөткүчтөрү боюнчакөрсөтүлүүчү медициналык жардамдын түрү. Медициналык тез жардам бейтап-ка токтоосуз медициналык кийлигишүү талап кылынган акыбалында көрсөтү-лөт (кырсык, кокустоо, уулануу, капыстан катуу ооругандыктан же өнөкөтоорусу кармагандыктан жарандын же анын жанындагы адамдардын өмүрүнөкоркунуч туудурган акыбал, толготкондо жана кош бойлуулуктун оор акыба-лында). Медициналык тез жардам Кыргыз Республикасынын жарандарына акысызкөрсөтүлөт. 2.2. Алгачкы медициналык-санитардык жардам Алгачкы медициналык-са-нитардык жардам Кыргыз Республикасынын ар бир жараны үчүн медициналыктейлөөнүн негизги жеткиликтүү түрү болуп эсептелет. Алгачкы медициналык-санитардык жардам Кыргыз Республикасынын жа-рандарына фельдшердик-акушердик пункттардын (мындан ары - ФАП) фельд-шерлери, үй-бүлөлүк дарыгерлер, Үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунун (мын-дан ары - ҮДТ) дарыгерлери, Үй-бүлөлүк медицина борборлорунун (мынданары - ҮМБ) адистери жана Жалпы дарыгерлик практика борборлорунун адис-тери (мындан ары - ЖДПБ) тарабынан көрсөтүлөт. Алгачкы медициналык-санитардык жардам Кыргыз Республикасынын ҮДТгажазылган (тейленүүчү (1)) жарандарына Кыргыз Республикасынын Саламаттыксактоо министрлиги аныктоочу көлөмдө акысыз көрсөтүлөт. 2.3. Амбулаториялык шарттардагы адистештирилген медициналык жардам 2.3.1. Амбулаториялык шарттардагы адистештирилген медициналык жар-дамды Үй-бүлөлүк медицина борборлорунун, кењири профилдеги стационар-лардын амбулаториялык-диагностикалык бөлүмдөрүнүн (мындан ары - АДБ)адистери, ЖДПБлардын жана республикалык саламаттык сактоо уюмдарынынконсультациялык-диагностикалык бөлүмдөрү көрсөтүшөт. Райондук (шаардык) ҮМБларда жана ЖДПБларда адистештирилген медици-налык жардам бардык катталган (тейленүүчү) калкка ФАП фельдшеринен, ҮДТдарыгеринен, үй-бүлөлүк дарыгерден, ҮМБ адисинен жолдомо болгон учурдаКыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги аныктоочу көлөмдөакысыз көрсөтүлөт: Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги саламаттыксактоону каржылоонун бекитилген көлөмүнө жараша жыл сайын Кыргыз Рес-публикасынын жарандары үчүн акысыз жүргүзүлчү базалык лабораториялыкжана диагностикалык текшерүүлөрдүн тизмесин бекитет. 2.3.2. Аймактык ооруканалардын АДБда консультациялык медициналыкжардам Кыргыз Республикасынын жарандарына ҮДТ дарыгеринин, райондук(шаардык) ҮМБ адистеринин жолдомосу боюнча акысыз көрсөтүлөт. Облустук бириккен (облустар аралык) ооруканалардын АДБда консуль-тациялык-медициналык жардам Кыргыз Республикасынын жарандарына үй-бүлө-лүк дарыгердин, ҮДТ дарыгеринин, ЖПДБ дарыгеринин, райондук (шаардык)жана облустук ҮМБ адистеринин жолдомосу боюнча акысыз көрсөтүлөт. Саламаттык сактоонун республикалык уюмдарынын КДБда Кыргыз Респуб-ликасынын жарандарына консультациялык медициналык жардам үй-бүлөлүк да-рыгердин, ҮДТ дарыгеринин, ҮМБ, ЖПДБ дарыгерлеринин, райондук (шаардык)жана облустук ҮМБ адистеринин жолдомосу боюнча акысыз көрсөтүлөт. 2.3.3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктачу жарандардын катего-риялары үчүн АДБда жана КДБда базалык жана кошумча лабораториялык жанадиагностикалык текшерүүлөр АДБ жана КДБ адисинин жолдомосу боюнча Кыр-гыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги бекитүүчү көлөмдөакысыз көрсөтүлөт. 2.3.4. Кымбат баалуу лабораториялык жана диагностикалык текшерүү-лөр жана манипуляциялар Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары жана каты-шуучулары үчүн Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги бе-киткен тизмеге ылайык жана көлөмдө акысыз жүргүзүлөт. 3. Стационардык медициналык жардам 3.1. Стационарларга тез жардам керек акыбалында түшкөн бардык бей-таптарга тез медициналык жардам бейтаптын өмүрүнө коркунуч келтиргенакыбалдан чыгарганга чейин акысыз көрсөтүлөт. Бейтапты өмүрүнө коркунуч туудурган акыбалдан чыгарып, гемодинами-ка жана дем алуу көрсөткүчтөрү жакшыргандан кийин алар жолдомосу барларкатары ушул Мамлекеттик гарантиялар программасы берчү жењилдиктерди эс-ке алуу менен пландуу стационардык жардам көрсөтүү шартында тейлөөгөкоторулат, же амбулаториялык шартта дарыланууга которулат. 3.2. Аймактык (шаардык) ооруканаларда пландуу стационардык жардамФАП фельдшеринен, ҮДТ дарыгеринен, үй-бүлөлүк дарыгерден, жалпы практи-кадагы дарыгерден, ведомстволук медициналык кызматтын, аскердик-дары-гердик комиссиянын адисинен ооруканага жаткыруу тууралуу жолдомо болгонучурда көрсөтүлөт. Облустук (облустар аралык) жана республикалык ооруканаларда план-дуу стационардык жардам ҮДТ дарыгеринен, үй-бүлөлүк дарыгерден, жалпыпрактикадагы дарыгерден, ведомстволук медициналык кызматтын, аскер-дик-дарыгердик комиссиянын адисинен, КДБ адисинен жолдомо болгон учурдакөрсөтүлөт. Бейтапты пландуу стационардык дарыланууга жиберүү зарыл болсо жол-домону райондук (шаардык), облустук ҮМБнын дарылоо иши боюнча директо-рунун орун басары жазып берсе болот. 3.3. Бейтаптар стационардык медициналык жардам үчүн кошо төлөөгөкатышышат. Стационарда дарылоодо Бирдиктүү төлөөчү системасында иштегенсаламаттык сактоо уюмдары көрсөткөн медициналык кызматтар үчүн кошотөлөөнүн өлчөмүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү республикалык бюджет бе-китилгенден кийин жыл сайын аныктайт. 3.4. Медициналык-санитардык жардамды акысыз жана жењилдетилгеншартта алууга укугу бар Кыргыз Республикасынын жарандарынын категория-ларынын тизмесин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жыл сайын аныктайт. 4. Стоматологиялык жардам 4.1. Стоматологиялык жардамды ҮМБнын стоматология бөлүмдөрү (каби-неттери), же стоматологиялык поликлиникалар көрсөтөт. Кыргыз Республикасынын жарандарына акысыз жана жењилдетилген шарт-та көрсөтүлүүчү стоматологиялык жардамдын көлөмүн жана түрүн КыргызРеспубликасынын Саламаттык сактоо министрлиги аныктайт. 5. Дары менен камсыздоо жана иммунопрофилактика Мамлекеттик гарантиялар программасы боюнча Кыргыз Республикасынынжарандарын дары менен камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн2006-жылдын 31-октябрындагы № 759 токтому менен бекитилген Кыргыз Рес-публикасындагы турмуштук маанилүү дары каражаттардын тизмесинин неги-зинде жүргүзүлөт. 5.1. Дары менен камсыз кылуу 5.1.1. Кыргыз Республикасынын жарандарына тез медициналык жардамкөрсөтүү учурунда дары-дармек менен камсыз кылуу Кыргыз РеспубликасынынСаламаттык сактоо министрлиги аныктачу тартипте акысыз ишке ашырылат. 5.1.2. Кыргыз Республикасынын жарандарын амбулаториялык дењгээлдедары менен камсыз кылуу: - кечиктирилгис медициналык жардам көрсөткөндө дары-дармектер жанамедициналык арналыштагы буюмдар Кыргыз Республикасынын Саламаттык сак-тоо министрлиги аныктачу тартипте акысыз берилет; - ҮМБда, ЖПДБда, АДБда, КДБда лабораториялык-диагностикалык текше-рүүлөрдү жана дарылоо иш-чараларын жүргүзгөндө керектүү дары-дармектержана медициналык багыттагы буюмдар Кыргыз Республикасынын жарандарынаалардын медициналык-санитардык жардам алуудагы жењилдикке укуктарынажараша берилет. 5.1.3. Кыргыз Республикасынын жарандарын айрым ооруларда амбулато-риялык дењгээлде дары-дармектер менен камсыздоо Кыргыз РеспубликасынынСаламаттык сактоо министрлиги аныктачу тартипте ишке ашырылат. 5.1.4. Кутурма жугуу коркунучунда калкка антирабикалык жардам көр-сөтүү Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги аныктагантартипте эпидемиологиялык көрсөткүчтөр боюнча, республикалык бюджеттинжана милдеттүү медициналык камсыздандыруунун каражаттарынын эсебиненишке ашырылат. 5.1.5. Кыргыз Республикасынын жарандарын стационардык дењгээлдедары менен камсыздоо мамлекеттик бюджеттин, милдеттүү медициналык кам-сыздандыруунун, атайын каражаттардын, кошо төлөөнүн, ошондой эле гума-нитардык жардамдын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу са-лынбаган башка каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт. 5.2. Иммунопрофилактика Иммунопрофилактикалык иш-чаралар: - Алдын алуучу эмдөөлөрдүн улуттук календарынын алкагында; - эпидемиологиялык көрсөткүчтөр боюнча жүргүзүлөт. Алдын алуучу эмдөөлөрдүн улуттук календарынын жана эпидемиология-лык көрсөткүчтөр боюнча вакцинациянын алкагында эмдөө акысыз жүргүзү-лөт. Вакциналар менен Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министр-лиги борборлошкон тартипте республикалык бюджеттин каражаттарынын эсе-бинен камсыздайт. III. Мамлекеттик гарантиялар программасын ишке ашырууну монито- рингдөө Мамлекеттик гарантиялар программасына мониторинг калктын ден соо-лугун, көрсөтүлүүчү медициналык кызматтын натыйжалуулугун жана сапатын,медициналык кызматтын сапаты жана жеткиликтүүлүгү жөнүндө пациенттердинпикирин билүүнү чагылдырган индикаторлордун негизинде жүргүзүлөт. (1) Калкты үй-бүлөлүк дарыгерлерге жазуу жүргүзүлбөгөн региондордо.