Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 25-сентябрындагы № 433 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын 2007-2010-жылдарга миграциялык процесстерди жөнгө салуу боюнча МАМЛЕКЕТТИК ПРОГРАММАСЫ Көз карандысыздыкка ээ болуу жана рыноктук мамилелерге өтүү мененКыргыз Республикасында жашоо-турмуштун бардык чөйрөлөрүндө социал-дык-экономикалык, саясий реформалар жана кайра түзүүлөр жүргүзүлдү.Экономиканын реалдуу секторунун өнүгүү динамикасынын туруктуу эмес мү-нөзү жана анын натыйжасында ички эмгек рыногундагы кырдаалдын татаалда-нышы калктын бир бөлүгүнүн миграциялык жүрүм-турумун жаратты. Республи-канын ичинде эмгектенүү чөйрөсүн жана кирешелерди алуу мүмкүнчүлүктөрүнжоготуу калктын чет өлкөлөргө миграциялык агымын күн мурунтан аныктады. Калктын сыртка кетишине карай түзүлгөн тенденция миграция жагынанмамлекеттин саясатын аныктайт. Миграцияны жөнгө салуу, тартипке келти-рүү жана турукташтыруу маселелери мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуубагыттары болуп саналат. Миграциялык спектрдин бардык секторлорундамыйзамдарды өркүндөтүү жүрүп жатат. Соњку жылдары мигранттардын мобил-дүүлүгүн башкаруу үчүн жөнгө салуучу потенциалды арттыруу улантылууда.Миграция трансчегаралык жана трансулуттук көрүнүш болуп санала турган-дыгын эске алып, бул процесске тартылган чет мамлекеттер менен кызмат-ташууга зор маани берилет. Миграциялык саясат республиканын демографиялык кырдаалын эскеалат. Жыл сайын эмгекке жарактуу куракка жеткен калктын саны орточо 100мињ адамды түзөт, ошол эле учурда миграциялык кетүүнүн көлөмү соњкужылдарда 20-25 мињге чейинки адамды түзөт. Ошентип, жакынкы жылдардаэмгекке жарактуу калктын ар жылдагы кошумча өсүшү 75-80 мињ адам дењ-гээлинде сакталат. Калктын көбөйүү темпи 20-кылымдын 80-жылдарына са-лыштырганда бир кыйла кыскарды, бирок али жетиштүү жогору дењгээлде ка-лууда жана жылына 65 мињден 70 мињге чейинки адамды түзөт жана ал жа-кынкы жылдарда да сакталат. Ошону менен катар, калктын миграциясын, эњ оболу тышкы эмгек миг-рация чөйрөсүндөгү миграциясын жөнгө салуунун туруктуу системасын түзүүзарылчылыгы белгиленүүдө. Ишке орношууну издөөдөгү адамдардын мобилдүү-лүгү кењири орун алды. Муну эске алып, эмгек миграциясынын оњ таасиринмаксималдуу арттыруу жана өлкөгө, ошондой эле эмгекчи-мигранттардын өз-дөрүнө жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө терс натыйжаларын минимумга жет-кирүү үчүн аны натыйжалуу жөнгө салууну камсыз кылуу зарыл. Миграциялык процесстердин өсүшү мыйзамсыз миграция, адамдарды мый-замсыз ташып чыгуу жана сатуу сыяктуу терс көрүнүштөрдүн активдешүүсүнөалып келет. Республиканын миграциялык саясаты 2007-2010-жылдары Өлкөнү өнүктү-рүү стратегиясы, Кыргыз Республикасынын 2010-жылга чейин калкты иш ме-нен камсыз кылуу улуттук саясаты, башка чөйрөлөрдөгү - билим берүү,экономика, инвестиция тармактарындагы стратегия менен шайкеш келиши ке-рек. I. Кырдаалды талдоо Соњку жылдары калктын миграциясы Кыргыз Республикасынын жашоо-тур-мушунун маанилүү чөйрөлөрүн козгоодо жана өлкөнүн социалдык-экономика-лык өнүгүшүнө кыйла таасир этүүдө. Айыл жеринде, поселоктордо жана ча-кан шаарларда жумушсуздуктун жогорку дењгээли, тиешелүү инфраструктура-нын жоктугу, медициналык жана билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнүн төмөндењгээли, социалдык жактан коргоонун жетишсиздиги калктын орун которуу-сунун көлөмдөрү көбөйүшүнүн негизги факторлору болуп саналат. Көбүнесеэмгекке жарактуу калк мурда жашаган жерин таштап жана алда канча өнүк-көн региондорго көчүүдө. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматтарыбоюнча, 1991-жылдан тартып 2005-жылга чейинки мезгилдин ичинде облустараралык орун которуунун жалпы көлөмү 889921 адамды түздү. Бирок расмийстатистика орун которгон адамдарды толук өлчөмдө эске албайт. Жер ко-торгондордун иш жүзүндөгү саны кыйла көп. Ички жана тышкы мигранттардынсаны жөнүндө так маалыматтардын жоктугу миграциялык саясатты иштеп чы-гуунун жана ишке ашыруунун жүрүшүндө туура чечим кабыл алууну татаал-дантат, буга байланыштуу калктын миграциясын эсепке алуу жана каттоосистемасын өркүндөтүү зарыл. Ички мигранттардын негизги агымы Бишкекшаарына жана Чүй облусуна багыт алууда, бул ушул региондордогу оорчу-луктун күчөшүн шарттайт. Алыскы райондордон жана айыл жеринен калктынкетиши айыл жеринин жана жаратылыш ресурстарына бай чет жакалардын өнү-гүү келечектерин татаалдантат. Республиканын ичиндеги миграция менен катар, калктын чет өлкөлөргөтуруктуу миграциясы байкалууда. Республиканын калкынын кетишинин болупөткөн интенсивдешүүсү 1993-жылы өзүнүн максимумуна жетти жана 121 мињадамды түздү. 2000-жылдан тартып эмигранттардын арасында титулдук улут-тун өкүлдөрүнүн проценти көбөйдү. Кыргыз Республикасынын Улуттук ста-тистика комитетинин маалыматтары боюнча 1991-2005-жылдардагы мезгилдиничинде миграциялык кетүүнүн жалпы көлөмү 475621 адамды түздү. Республи-канын калкынын эмиграциясы квалификациялуу адистер кетишинен улам рес-публиканын өнүгүшүнө терс таасир этүүдө, бул акыр аягында улуттук эмгекрыногунда алардын эмгек ресурстарынын азайышына алып келүүдө. Ошол эле учурда, репродуктивдүү жаштагы калктын кетип жатышы рес-публиканын демографиялык потенциалынын кыскарышына алып келүүдө. КыргызРеспубликасынын жарандарынын чет өлкөлөргө кетүү жана аймактын калксызкалышынын темптеринин сакталышы республиканын аймактарынын бир бөлүгүнөчет өлкөлүк жарандардын дээрлик мүмкүн болгон бейпил миграциялык экс-пансиясына чейин өлкө үчүн айрым тобокелдиктер менен коштолгон. Убакты-луу ишке орношуу максатында Кыргыз Республикасынын 400 мињге чейинкижараны жыл сайын республиканын чегинен тышкары жакка кетүүдө. Алардынбасымдуу бөлүгү чет өлкөлөрдө өз алдынча же расмий эмес каналдар аркы-луу ишке орношуп, уруксат берүүчү зарыл документтерди толтурбастан иш-тешет, бул болсо алардын ишке орношкон өлкөдө болушунун мыйзамсыз ста-тусун шарттайт. Миграциялык процесстерди жетишсиз мамлекеттик контролдоо шартта-рында адамдарды мыйзамсыз азгыруу жана аларды сатуу учурлары кењириорун алууда. Эмгектик жана сексуалдык эксплуатациялоо максатында адам-дардын мыйзамсыз миграциясын жана аларды сатууну уюштуруу фактылары зортынчсызданууну пайда кылат. Көрсөтүлгөн кырдаалдар калктын миграциясы менен байланышкан проб-лемаларды чечүүгө багытталган мамлекеттик саясатты күчөтүү зарылчылыгыншарттайт. Мамлекеттик органдардын миграциялык процесстерди иретке кел-тирүүгө жана жөнгө салууга багытталган күч-аракеттери активдешкендигибелгиленүүдө. Кыска мезгилдин ичинде Кыргыз Республикасы негизги эларалык документтерге кошулду, миграциялык процесстерди жөнгө салган не-гизги мыйзам актылары кабыл алынды. Негизги реципиент-өлкөлөр (эмгекмигранттарын кабыл алган өлкөлөр) менен эмгекчи-мигранттардын укуктарынжана таламдарын коргоо жөнүндө эл аралык макулдашууларга кол коюлду.Миграция проблемаларын талкуулоо жана кырдаалды турукташтырууга багыт-талган иш-чараларды иштеп чыгуу процессине коомдук институттар, өкмөт-түк эмес уюмдар кошулууда. Миграция боюнча эл аралык уюм, Эл аралык эм-гек уюму сыяктуу эл аралык уюмдар жана башка эл аралык фонддор тарабы-нан кыйла жардам көрсөтүлүүдө. Мамлекеттик чегараларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнчаиш улантылууда, бул келечекте чет өлкөлүк жарандардын, жарандыгы жокадамдардын жана Кыргыз Республикасынын жарандарынын киришин жана чыгы-шын натыйжалуу контролдоону жана эсепке алууну жүзөгө ашырууга мүмкүн-дүк берет. Мамлекеттик чегара аркылуу өтүүнүн жањы пункттарын ачуу жанааларды заманбап жабдуулар менен жабдуу маанилүү багыт бойдон калууда,бул чегара контролунун автоматташтырылган системасын түзүүгө мүмкүндүкберет. 2005-жылы Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу бо-юнча мамлекеттик комитети (мындан ары - Мамкомитет) түзүлүшү менен миг-рацияны башкаруунун натыйжалуу системасын түзүүдө оњ жылыштар белгилен-ди. Миграциялык саясатты жана анын негизинде жүзөгө ашырылып жатканиш-чараларды талдоо миграцияны жөнгө салуунун толук баалуу механизминтүзүүнү болжолдоого мүмкүндүк берет. Уюмдашкан эмгек миграциясын оптималдаштырууда айрым прогресс бай-калды. Алда канча татаал жана тез өзгөрүп жаткан процесстердин бири ка-тары, эмгек миграциясы башка миграциялык процесстердин ичинде өзгөчөорунду ээлейт. Кыргыз Республикасынын жарандарынын конституция тарабы-нан кепилдик кылынган орун которуу эркиндигин жана чет өлкөлөрдө иш из-дөө укугун эске алып, миграциялык саясат жумушчу күчүнүн агымдарын жөн-гө салууга басым жасайт. Эмгекчи-мигранттарды колдоо боюнча иш Мамкоми-теттин чет өлкөлөрдөгү эмгекчилерге колдоо жана жардам көрсөткөн четөлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөрү аркылуу маалымат, консультацияларды берүү жа-на колдоо көрсөтүүдөн тартып, алардын кечиктирилгис муктаждыктарын ка-нааттандырууга чейин дайыма кењейүүдө. Эмгекчи-мигранттардын көпчүлүгү, өзгөчө, эгерде алар чет өлкөгөбиринчи жолу чыгып жатса, мүмкүн болгон ишке орношуу жөнүндө жетиштүүмаалыматка ээ эмес. Ушундай эле түрдө кабыл алуучу өлкөлөрдөгү иш бе-рүүчүлөр эмгекчи-мигранттардын жардамы менен бош орундарды толтуруунуннатыйжалуу ыкмаларын издеп жатат жана ылайыктуу талапкерлер жөнүндөмаалыматтарга муктаж. Эмгекчи-мигранттардын мыйзамсыз азгыруучуларгакезкарандылыгын минимумга жеткирүү максатында иш менен камсыз кылуунунжеке агенттиктеринин мыйзамдуу иши үчүн жагымдуу шарттар түзүлүүдө. Эмгекчи-мигранттардын акча которуулары республикада кедейликтиндењгээлин төмөндөтүүгө көмөк болууда. Чет өлкөлүк валютанын булагы бо-луу менен, келип түшкөн акча которуулар өндүрүшкө жана социалдык өнүк-түрүүгө инвестицияланууда. Кырдаалды талдоо Кыргыз Республикасынан чет өлкөлөргө тышкы эмгекмиграциясынын өсүшү орточо мөөнөтүү келечекте сактала тургандыгын көр-сөтүп турат. Россия Федерациясынын жана Казакстан Республикасынын эмгекрынокторунда жумушчу күчүнө өсүп жаткан муктаждык, ошондой эле бул мам-лекеттерде миграциялык мыйзамдарды либералдаштыруу боюнча өзгөртүүлөр(Казакстан Республикасында 2006-жылдын 31-августунан 31-декабрына чей-инки иммиграциялык мунапыс жана 2007-жылдын 15-январынан тартып кирги-зилип жаткан Россия Федерациясындагы миграциялык эсепке алуунун жанаишке кабыл алуунун жөнөкөйлөтүлгөн тартиби) алардын жогорку миграциялыкыњгайлуулугун сактайт. Алыскы чет өлкөлөр менен эмгек ресурстарын алмашуу маселелериндеөнөктөштүк мамилелерди жөнгө салуу боюнча иш жүргүзүлүп жатат. Жакынкыкелечекте Кыргыз Республикасынын жарандары Түштүк Кореяда жана бир ка-тар араб өлкөлөрүндө мыйзамдуу иштей алышат. Канада, Европанын жанаТүштүк-Чыгыш Азиянын алда канча өнүккөн өлкөлөрү менен эмгек ресурста-рын алмашуу мүмкүнчүлүктөрү каралууда. Эл аралык эмгек рыногунун мони-торинги өнүккөн өлкөлөрдө эмгекчи-мигранттардын укуктары жакшы коргол-гондугун көрсөтүп турат, алар медициналык тейлөө жана социалдык гаран-тиялар менен камсыз кылынат, алда канча жогорку эмгек акы үчүн мүмкүн-чүлүктөр ачылат. Укук коргоо органдары жана Кыргыз Республикасынын Миграция жанаишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитети мыйзамсыз миграцияга каршыаракеттенүү боюнча айрым иштерди жүргүзүп жатат. Бирок, Кыргыз Респуб-ликасынын мыйзам ченемдери бул чөйрөдөгү укук бузуулар үчүн жоопкерчи-ликти катаалдантуу жагынан андан ары өркүндөтүүнү талап кылат. Адамдар-ды мыйзамсыз ташуу фактыларынын болушу алдын алуу ишин жүргүзүүнү талапкылат. Жөнгө салынбаган статусу бар чет өлкөлүк эмгекчи-мигранттардынсанын кыскартуу боюнча иш жүргүзүлүүдө. "Мыйзамсыз" мигранттарды табуубоюнча рейддик иш-чаралар жүргүзүлүп жатат. Укук бузуучуларга каратаадминистрациялык жазалоо жана өлкөдөн депортациялоо чаралары колдону-лууда. Эсепке алуу жана каттоо системалары өркүндөтүлүүдө. Бирдиктүү ве-домстволор аралык маалымат тармагы (БВМТ) түзүлдү. Бирок анын толук иш-теши жабдууларды жањылоону жана программалык камсыз кылууну талап кы-лат. Маалыматты чогултуу, сактоо жана талдоо процессине тартылган ми-нистрликтер жана ведомстволор үчүн жол-жоболордун мыйзамдуу түрдө анык-талган бирдиктүү стандарттары жок. Миграцияны натыйжалуу башкаруу маселелери региондук дењгээлде ка-ралат. Миграциялык агымдарды жөнгө салуу боюнча макулдашылган аракет-терди иштеп чыгууга багытталган активдүү диалог жүрүп жатат. Көз каран-дысыз Мамлекеттер Шериктештигинин өлкөлөрүндө калктын ашкере миграция-лык орун которушу салыштырмалуу жањы көрүнүш болуп саналат, буга байла-ныштуу айрым оорчулуктар бар. Башкаруунун ар кандай дењгээлдеринде мам-лекеттер аралык консультациялар жүргүзүлүп жатат. Эмгекчи-мигранттардынукуктарын коргоо маселелери, уюмдашкан эмгек миграциясынын артыкчылык-тарын оптималдаштыруу проблемалары, институттук потенциалды жана ведом-стволор аралык өзара аракеттенүүнү калыптандыруу, ошондой эле мыйзамсызмиграциянын алдын алуу маселелери алда канча актуалдуу болуп саналат. Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк жарандарды жумушка орноштурууКыргыз Республикасынын "Тышкы миграция жөнүндө", "Тышкы эмгектик мигра-ция жөнүндө", мыйзамдары менен жөнгө салынат, ал мыйзамдар мигранттар-дын эмгек ишмердигинин уруксат берүүчү тартибин аныктайт. Жыл сайынКыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилөөчү жана Кыргыз РеспубликасынынЖогорку Кењеши бекитүүчү эмгек миграциясына квота республикага келипжаткан чет өлкөлүк адистердин санын жөнгө салуунун негизги механизмиболуп саналат. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чет өлкөлүк жумушчу кү-чүн тартуу эмгек ресурстарынын ашыктыгы менен мүнөздөлгөн улуттук эмгекрыногун коргоо көз карашынан каралат. Буга байланыштуу 2006-жылдан тар-тып орто квалификациядагы чет өлкөлүк адистерди өлкөгө киргизүү боюнчачектөөлөр киргизилген. Алардын республикада жүрүшүнүн мөөнөтү эки жыл-дан ашышы мүмкүн эмес. Жүрүү мөөнөтү боюнча чектөөлөр ошондой эле четөлкөлүк жеке ишкерлерге карата белгиленген, алар өлкөдө үч жылдан ашыкжүрө албайт. Инвесторлор жана жогорку квалификациялуу чет өлкөлүк адис-тер Кыргыз Республикасында иштөөгө уруксат алуу жагынан артыкчылыктууукукка ээ. Аларга Кыргыз Республикасында иштөөгө укук берүү жөнүндө ма-селени карап чыгуу учурунда кыргызстандыктар үчүн түзүлүүчү жумуш орун-дарынын саны эске алынат. 2006-жылы чет өлкөлүк кызматкерлер тарабынанжергиликтүү калк үчүн 22 мињден ашык жумуш орду түзүлгөн. Ушуну менен катар, ишке уруксат берүү үчүн тарифтер кыйла көбөй-түлгөн. Айыл чарба тармагында, көбүнесе республиканын түштүк региондо-рунда иштеген чет өлкөлүк кызматкерлердин саны жыл сайын көбөйүүдө.Айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү менен, чет өлкөлүк кызматкерлер аграр-дык секторду өнүктүрүү үчүн зарыл болгон салыштырмалуу кымбат эмес жу-мушчу күчү болуп калууда. Бул тармакта мамлекеттин саясаты ӨзбекстанРеспубликасы жана Тажикстан Республикасы менен чегарага жакын миграцияжөнүндө мамлекеттер аралык макулдашууларды түзүү жолу менен миграциялыкпроцесстерди тартипке келтирүүгө багытталган. Чет өлкөлөрдө кыргыз жарандарын жалдоону бузуу учурлары иштин ква-лификациялуу жактарында алда канча сейрек кездешет, анткени аларда жу-мушчулардын тиешелүү квалификациясы талап кылынат жана жумуш берүүчүлөрменен контракттар түзүлөт. Региондук эмгек рыногунда квалификациялууэмес жумушчу күчү ашыкча болгон шартта, жумуш берүүчүлөр кесиптик даяр-дыктын кыйла жогорку квалификациясы бар эмгек ресурстарына артыкчылыкберет. Мындай шарттарда Кыргыз Республикасынын кесиптик техникалык би-лим берүү системасы ички жана чет өлкөлүк эмгек рыногундагы керектелгенадистерди даярдоого жана кайра даярдоого багытталуусу керек. Бул окутуужана кесиптик билим берүү саясатын жана стратегиясын өзгөртүүнү талапкылат, бирок алар квалификациялуу эмгек ресурстарына күтүлгөн суроо-та-лапка азырынча ылайык келтирилген эмес. Миграциялык саясатты ишке ашыруунун алкагында этностук кыргыздар-дын тарыхый мекенине кайра келиши жана интеграциялоо боюнча иш жүргүзү-лүп жатат. Ошону менен бирге алардын Кыргызстанда интеграциясы, аларжарандыкты жана социалдык коргоону алышы менен байланышкан бир катарпроблемалуу маселелер бар экендигин белгилей кетүү керек.2006-2008-жылдарда тарыхый мекенине кайтып жатышкан этностук кыргыздар-га көмөк көрсөтүү боюнча "Кайрылман" мамлекеттик программасы тарыхыймекенине байыр алуу учурунда көчүп келген адамдарда келип чыгуучу та-таалдыктарды чечүүгө багытталган. Башпаанек издеген адамдын статусун жана качкындын статусун берүүбоюнча чоњ иш жүргүзүлүп жатат. Качкындардын маселелерин чечүү маселе-леринде БУУнун УВКБсы тарабынан зарыл консультациялык, кыйла техникалыкжана башка практикалык жардам көрсөтүлүүдө. Кыргыз Республикасы өзүнөалган эл аралык милдеттенмелерди толук аткарат. Соњку жылдары КыргызРеспубликасында качкындардын саны кыскаргандыгы байкалууда, бул алардынКыргыз Республикасында байыр алышы, ошондой эле качкындардын бир бөлүгүчыккан өлкөсүнө кайра кайтып келиши жана үчүнчү өлкөгө жайгашуусу мененбайланышкан. Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк жарандарга иммигранттын стату-сун берүү боюнча иш жүргүзүлүп жатат. Кыргыз Республикасында туулган,ар кандай себептер боюнча жарандыкты албаган жана жарандыгы жок деп та-былган, мекенине кайта келүүнү чечкен Советтер Союзунун мурдагы жаран-дары, Кыргыз Республикасынын жарандары менен никеге катталган чет өлкө-лүк жарандар жана башкалар аны алууда артыкчылык укукка ээ болот. Им-мигранттардын саны аз бойдон калууда жана республиканын миграциялыктерс сальдосунун ордун толтурууга кыйла таасир эткен фактор болуп са-налбайт. II. Проблемалар 2.1. Ченемдик жана укуктук базаны өркүндөтүү Адамдарды мыйзамсыз алып чыгуу жана сатуу, ички жана тышкы мигра-цияны турукташтыруу жана башка миграция маселелерин жөнгө салуу боюнчаКыргыз Республикасында 50 ашык ченемдик укуктук актылар кабыл алынган.Ошону менен бирге, калктын миграциясынын багыты жана агымы тынымсыз өз-гөрүлүп тургандыктан, мыйзамдарды ар дайым өркүндөтүү талап кылынат.Тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын колдонулуудагы мыйзамдарынаталдоо жүргүзүү жана аны кабыл алынган эл аралык келишимдер менен шай-кеш келтирүү, Кыргыз Республикасынын эмгек мигранттарына кыйла ыњгайлуушарт түзүү максатында эл аралык келишимдерди түзүү боюнча иштерди ак-тивдештирүү зарыл. 2.2. Тышкы эмгек миграция процесстерин жөнгө салуу 2.2.1. Тышкы эмгек миграциясынын чаржайыт мүнөзү Миграция процесстери чаржайыт мүнөзгө ээ. Чет өлкөдө мыйзамсыз эм-гектенгендердин саны жалпы эмгек мигранттардын 90 процентке жакынын тү-зөт. Бул жумушка орношуп жаткан өлкөдөгү мыйзамдуу түрдө эмгектенүүүчүн иштөөгө уруксат алуунун татаал системасына, эмгек мигранттарынынукуктук сабатынын төмөндүгүнө жана алардын келген өлкөсүнүн ички мый-замдарын сактабагандыгына, ошондой эле Кыргыз Республикасында миграцияагымдарын жөнгө салуу боюнча институттук системанын жакшы өнүкпөгөндү-гүнө байланыштуу. Чет өлкөдө жумушка орноштуруу боюнча кызмат көрсөтүүчөйрөсү тийиштүү дењгээлде өнүккөн эмес. 2.2.2. Квалификациялуу эмгек ресурстарын жоготуу Республикада иш ордун табуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болбогондуктан улам,алда канча квалификациялуу адистер жана жумушчулар кетип жатат, бул эм-гек ресурстарынын интеллектуалдык жана кесиптик потенциалы кыйла төмөн-дөшүнө алып келүүдө. Жањыдан түзүлүп жаткан өндүрүштөр көп учурда жер-гиликтүү квалификациялуу жумушчу күчү менен топтолбой калышы мүмкүн.Социалдык чөйрөдөгү эмгек акынын төмөндүгү врачтардын жана мугалимдер-дин, башка кесиптердин өкүлдөрүнүн кетишине алып келүүдө. 2.2.3. Эмгек мигранттарынын негизги бөлүгүнүн квалификациясынын төмөн дењгээли Кыргыз Республикасынын жарандарынын басымдуу көпчүлүгү жогоркуквалификацияны талап кылбаган, кызыктуу эмес жана акы аз төлөнүүчү ре-ципиент-өлкөлөрдө иштейт. Кыргыз эмгекчи-мигранттардын арасында чаканшаарлардан жана айылдардан чыккандардын саны көптүк кылууда, алардынбилимдери төмөнүрөөк жана кесипке ээ эмес. Алар көбүнчө мектеп бүтүрүү-чүлөрү, республикадан жумуш таппаган соњ анын чегинен тышкары жөнөшүү-дө. Алар адистикке ээ эмес жана ошондуктан квалификациялык көндүмдөрдүталап кылбаган жумуштарга орношушат. Билиминин жана квалификациялыкдењгээлинин төмөндүгү алар жасаган жумуштардын аз акы төлөгөн мүнөзүнда аныктайт (короо шыпыргычтар, жүк ташуучулар, кара жумушта иштеген-дер, базарлардагы жалданып сатуучулар. 2.2.4. Кесиптик-техникалык билим берүү системасынын азыркы эмгек рыногунун талаптарына ылайык эместиги Өлкөнүн рыноктук экономикага өтүшү өндүрүштүн төмөндөшү, жумушорундарынын кыскарышы, жумушсуздуктун өсүшү сыяктуу көрүнүштөр мененкоштолгон. Ушундан улам кесиптик-техникалык билим берүү системасы рес-публиканын кесиптик лицейлеринде, окуу жайларында окутулган кадрлар та-лап кылынбай калышы сыяктуу проблемага дуушарланды. Каржылоонун кескинкыскарышынан улам кесиптик-техникалык билим берүү системасынын окуужайлары окуу жабдууларын, техниканы жањылоо, зарыл окуу китептерин жанаокуу-усулдук адабиятты чыгаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болбой калды, ал эмижањы технологияларды өздөштүрүү үчүн материалдык базанын жоктугу эмгекрыногунун талаптарына ылайык квалификациялуу кадрларды даярдоону жанакайра даярдоону кыйла татаалдантты. Өндүрүштүк окутуу, окуучулардынпрактикасы жана жумушка орношууга негиз болуп келген базалык ишканалар-дын статусу жоюлду. 2.3. Калктын ички миграциясын турукташтыруу Ички миграциянын багыты жана көлөмү чаржайыт мүнөзгө ээ жана реги-ондордун социалдык экономикалык өнүгүү дењгээли менен аныкталып, алар-дагы терс өзгөрүлүүлөр миграция агымдарынын чукул өсүшүнө алып келди.Айыл жерлериндеги эмгекке жарактуу калктын көптүгү менен катар жумушорундардын кыскарышы адамдарды шаарларга (өзгөчө чоњ шаарларга) жолтартууга мажбурлайт, ал жерлерде ансыз да эмгек рыногундагы абал оор. 2.4. Миграциялык процессти жөнгө салуунун институттук базасын чыњдоо Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамле-кеттик комитетин түзүү миграциялык процесстерди жөнгө салуу боюнча иштибир кыйла активдештирүүгө мүмкүндүк берди. Ошону менен катар эле мынданары анын потенциалын өстүрүү: миграциялык контролдоо башкармалыгын,аналитикалык борборду түзүү жана Мамкомитеттин чет өлкөлөрдөгү өкүлчү-лүктөрүн көбөйтүү керек. 2.5. Калктын миграциясын эсепке алууну жана каттоону өркүндөтүү Миграциялык агымдын структурасынын жана мигранттардын санынын то-лук жана так эсебинин жоктугу миграциялык агымдарды тартипке салуу бо-юнча оптималдуу чечимдерди иштеп чыгууну кыйындатат. Ага байланыштуумигранттарды эсепке алуунун жана каттоонун кыйла алдыњкы ыкмаларын пай-далануу жана кызыкдар кызматтарды техникалык жабдуу менен ведомстволораралык өз ара аракеттенүүнү күчөтүү зарыл. 2.6. Качкындарга жана башпаанек издеген адамдарга карата Кыргыз Республикасы кабыл алган эл аралык милдеттенмелерди аткаруу Качкын статусун аныктоонун жол-жобосун өркүндөтүүнү камсыз кылуу,качкындардын ашыкча келиши мүмкүн болгон учурларда алдын ала иш-чара-ларды иштеп чыгуу, ошондой эле качкындардын проблемаларын алдынкы ыкма-лар менен чечүү тажрыйбасын улантуу керек. 2.7. Коомдук институттардын мамлекеттик миграциялык саясатты иштеп чыгуу процессинде катышуусун камсыз кылуу Жогоруда аталган проблемаларды чечүүнүн татаалдыгы жана көп кыр-дуулугу миграция чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу бо-юнча мамлекеттик башкаруу органдары, өкмөттүк эмес жана эл аралык уюм-дардын ортосунда өз ара аракеттенүүнү талап кылат, бул болсо мигрант-тардын ар кандай категориялары менен толук иштөөнү камсыз кылууга мүм-күндүк берет. III. Программанын максаты Миграциялык агымдардын жөнгө салынышына мамлекеттик позициядан ал-ганда максатка ылайыктуу көлөмдөрдө жана багыттарда жетишүү. IV. Артыкчылыктар 4.1. Миграциялык процесстерди мамлекеттик жөнгө салуунун натыйжа-луу системасын түзүү: - ченемдик укуктук камсыздоо; - миграциялык процесстерди жөнгө салуу институттарын чыњдоо; - маалыматтык-билим берүү жагынан камсыздоо. 4.2. Миграциялык процесстердин терс залалдарын азайтуу: - миграциялык контролду күчөтүү; - калкты каттоо системасын өркүндөтүү үчүн концепциялык жана укук-тук негиздерди иштеп чыгуу; - реципиент-өлкөлөрдүн жооптуу органдары жана мигранттарга колдоокөрсөтүп жаткан коомдук уюмдар менен кызматташууну жана өнөктүк мамиле-лерди өнүктүрүү. 4.3. Тышкы миграцияда: - чет өлкөлөрдө убактылуу болгон жана эмгектенген Кыргыз Республи-касынын жарандарын укуктук жана социалдык жактан коргоону камсыз кылуу; - 2010-жылга карата: - чет өлкөлөрдө мыйзамсыз жүрүшкөн Кыргыз Республикасынын жаранда-рынын санын эки эсе кыскартуу; - 2010-жылга карата Кыргыз Республикасындагы квалификациясы төмөнчет өлкөлүк жумушчу күчүнүн үлүшүн эки эсе кыскартуу. 4.4. Ички миграцияда: - Кыргыз Республикасынын аймагында жарандардын жумушка орношуусунакөмөк көрсөтүү; - жумушчу кесиптеги квалификациялуу кадрларды даярдоо. V. Милдеттер 1. Ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү. 2. Тышкы эмгек миграция процесстерин жөнгө салуу: - мамлекеттер аралык кызматташтык; - Кыргыз Республикасынын жарандарынын маалымдар болуу дењгээлинжогорулатуу; - Кыргыз Республикасынын жарандарынын кесиптик жана билим дењгээ-лин жогорулатуу; - Кыргыз Республикасынын чет өлкөдө жүрүшкөн эмгекчи мигранттарынасоциалдык кепилдиктерди камсыз кылуу. 3. Калктын ички миграциясын турукташтыруу. 4. Миграциялык процесстерди жөнгө салуунун институттук базасынчыњдоо. 5. Калктын миграциясын эсепке алууну жана каттоону өркүндөтүү. 6. Качкындарга жана башпаанек издеген адамдарга карата Кыргыз Рес-публикасынын кабыл алган эл аралык милдеттенмелерин аткаруу. 7. Мамлекеттик миграциялык саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруупроцесстерине коомдук институттардын катышуусун камсыз кылуу. VI. Саясат жана чаралар Ички жана тышкы миграция маселелерин жөнгө салуучу, аны КыргызРеспубликасы менен түзүлгөн эл аралык келишимдердин ченемдерине жанажоболоруна ылайык шайкеш келтирүүчү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарыназарыл өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү аркылуу укуктук ченем-дик базаны өркүндөтүү. Ушул Программаны таламдаш мамлекеттик башкаруу органдары, жерги-ликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башка-руу органдары, эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдар менен бирдикте ишкеашыруу. Миграциялык процесстердин кыймылдуу мүнөзүн эске алып, бул Прог-рамма өзгөрүлүп жаткан кырдаалга шашылыш жана сапаттуу мамиле жасоонунмеханизмин иштеп чыгуу боюнча, анын ичинде иштелип чыккан чечимдердинсапаттуулугун жогорулатуу, коомчулукка өз убагында маалымдоо жана кабылалынган чечимдерди колдоо максатында мамлекеттик эмес институттар мененконсультацияларды системалуу өткөрүү практикасы аркылуу негиз түптөйт. Миграциялык мыйзамдарды актуалдуулук, натыйжалуулук жана алардынКыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына карама-каршы-лыктарынын жоктугуна жана аларды ылайык келтирүү жагында инвентаризаци-ялоону туруктуу жүргүзүп туруу өзгөчө көњүл бурууну талап кылат. Тышкы эмгек миграциясы чөйрөсүндөгү маселелерди чечүү үчүн мамле-кеттер аралык диалогду жөнгө салуу жана эмгек миграциясы процесстеринжөнгө салуучу эл аралык келишимдерди түзүү зарыл. Кол коюлган келишим-дер Кыргыз Республикасы менен реципиент өлкөнүн өз ара аракеттенүү,кыргызстандык эмгекчи-мигранттарды укуктук коргоо жана мыйзамдаштыруу,алардын социалдык абалын жакшыртуу, улуттук маданиятты сактоо тартибинаныктайт. Эњ оболу Кыргыз Республикасынын эмгекчи-мигранттарынын кыйла саныбар өлкөлөр менен эки тараптуу жана көп тараптуу форматта эл аралык ке-лишимдерге демилгечи болуу жана кол коюу үчүн болгон потенциалды жумшоокерек. Атап айтканда, реципиент-өлкөлөрдүн субъекттери менен эки тарап-туу эл аралык келишимдерди, ошондой эле КМШ, ЕврАзЭС жана ЖККУ форма-тында көп тараптуу келишимдерди түзүү натыйжалуудай көрүнөт. Түзүлүпжаткан эл аралык келишимдердин мазмунун жакшыртуу, аларды жүзөгө ашыруубоюнча чараларды жана жол-жоболук маселелерди чечүүнү тездетүү зарыл.Эл аралык келишимдер кыргыз эмгек ресурстарын тартууга квотаны, ки-рип-чыгуу маселелерин жөнгө салууну, каттоого туруу жана иштөөгө урук-сат, ишке жалдануу шарттары менен контракт түзүү, социалдык камсыздан-дыруу жана медициналык камсыздоону карашы керек. Мыйзамсыз миграциянын алдын алуу жана болтурбоого, миграциялык жа-на визалык режимди сактоого багытталган иммиграциялык контроль жана четөлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасы-нын аймагына келишин каттоо системасын өркүндөтүү, ошондой эле алардынКыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эмгек ишмердигин ишке ашыруумаксатында компетенттүү мамлекеттик кызматтардын тыгыз өз ара аракетинкамсыз кылуу зарыл. Республикада чет өлкөлүк жумушчу күчтөрдүн эмгек ишмердигин тар-типке салуу боюнча чараларды өркүндөтүү керек, анткени көптөгөн чет өл-көлүк кызматкерлерге Мамкомитет иштөөгө уруксат берүүдөн баш тартат. Ишжүзүндө чет өлкөлүк кызматкерлер Кыргыз Республикасында мыйзамсыз иштепжатышат, бул жергиликтүү калктын нааразылыгын пайда кылууда. Жакынкыжылдары чет өлкөлүк эмгек мигранттарынын санын турукташтыруу зарыл.Алардын ишмердигине контролдукту күчөтүү үчүн бул чөйрөдөгү саясат Мам-комитет жана республиканын укук коргоо органдары тарабынан так талап-тарды жана критерийлерди иштеп чыгуу болууга тийиш. Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандардын жана жа-рандыгы жок адамдардын мыйзамсыз эмгек ишмердигин жүргүзүү фактыларын,Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөлөрдө мыйзамсыз топтоону жанаишке орноштурууну болтурбоо максатында, ошондой эле адамдарды сатуугакаршы аракеттенүү үчүн Мамкомитеттин түзүмүндө миграциялык контролдообашкармалыгын түзүү зарыл. Эмгекчи-мигранттарды кесиптик даярдоо системасын калыбына келтирүүжана өнүктүрүү талап кылынат. Мигранттардын билими жана көндүмдөрүаларга эмгек рыногунда атаандашууга мүмкүндүк берүүгө тийиш. Мамлекет-тин саясаты жогору квалификациялуу кызматкерлерди даярдоого жана калктыазыркы учурдун талаптарына ылайык келген зарыл эмгектик, социалдык жанапсихологиялык көндүмдөргө окутуу системасын колдоого алууда турат. Ички миграцияда республиканын аймагы боюнча калктын рационалдуутүрдө эмес жайгашкандыгы байкалат. Облустар аралык миграцияда калкынтуруктуу түрдө жоготуп жаткан регионго калк көп келип жаткан Чүй облусужана Бишкек шаарынан сырткары бардык облустарды атаса болот. Чаржайыт ички миграция шаарлардагы социалдык абалды курчутуу мененөзүнүн кыйла эмгекке жарамдуу жана активдүү бөлүгүн жоготуп жатканайылдык калктын социалдык-экономикалык абалына таасирин тийгизди. Рес-публиканын алыскы айылдык жана тоолуу райондорунда иштеген жалпы билимберүүчү орто мектептердин мугалимдери жана врачтар үчүн ыњгайлуу шарт-тарды түзүү зарыл. Андай шарттар төмөнкүлөрдү камтууга тийиш: туракжай, эмгек акысына үстөк берүү, республиканын куралдуу күчтөрүндө кыз-мат кылуу мөөнөтүн кийинкиге калтыруу, чакан кредиттерди алууда артык-чылыктар. Өлкөнүн калкы реципиент-өлкөлөрдүн эмгек рыногундагы кырдаал, эм-гек мигранттарына коюлган талаптар, алардын укуктары жана милдеттерижөнүндө кењири маалымдар болууга тийиш. Чет өлкөлөрдө иштөөнүн оњ жанатерс жактары жөнүндө маалымдар болуу - Мамкомитеттин маалыматтык-түшүн-дүрүү иштеринин маанилүү бөлүгү. Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн ушул эта-бында чет өлкөлүк инвесторлордун жана иш берүүчүлөрдүн иши өлкөнүн кал-кын ишке орноштурууну камсыз кылат. Ушуга байланыштуу мамлекеттин сая-саты республикада жергиликтүү калк үчүн жањы жумуш орундарын түзүп жат-кан чет өлкөлүк инвесторлор үчүн иштөөгө уруксат алууга артыкчылыктууукук берүүгө багытталат. VII. Ресурстар Бул Программаны ишке ашырууда ар түрдүү ресурстар колдонулат. Кад-рдык: Мамкомитеттин, Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамле-кеттик комитеттеринин, администрациялык ведомстволорунун, жергиликтүүмамлекеттик администрацияларынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу ор-гандарынын жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын кызматкерлери,мамлекеттик миграциялык саясаттын иш-чараларын жүзөгө ашырууга катышуу-га таламдаш эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү. Техника-лык: компьютердик жана башка офистик техника, аткаруу бийлик органдары-нын транспорт каражаттары. Финансылык: бюджеттик каражаттар, эл аралыкдонорлордун жана эл аралык уюмдардын каражаттары, гранттык жардам. Не-гизги финансылык булактардын бири өлкөнүн мамлекеттик бюджетинин кара-жаттары болуп саналат. Иш-чараларды жүзөгө ашыруунун башка бир маанилүүбулактарынын бири Миграция боюнча эл аралык уюмдун, "Кыргызстан-Сорос"фондунун жана "Борбордук Азиядагы ЕврАзия" фондунун гранттык колдоокөрсөтүүлөрү болуп саналат. Эл аралык донордук уюмдардын каражаттарыжана алардын техникалык жардамы да тартылат. Программаны жүзөгө ашырууга каражаттарга жалпы керектөөлөр болжолменен 1162,2 сомду, анын ичинде мамлекеттик бюджеттин каражаттарынынэсебинен 460,5 сомду же жалпы суммадан 40 процентти жана каржылоонунбюджеттен сырткары булактарынын эсебинен 701,8 сомду(60%) түзөт. VIII. Мониторинг жана баалоо Программанын иш-чараларынын аткарылышына дайыма мониторинг жүргү-зүү жана баалоо аны жүзөгө ашыруу стадиясында маанилүү компонент болупкалат, анткени Программанын акыркы натыйжалары жыйынтыктын индикаторло-ру аркылуу байкалат. Программага мониторинг жүргүзүү жана баалоо систе-масы маалыматтын эки: мамлекеттик (расмий) жана мамлекеттик эмес (коом-дук) альтернативдүү маалымат каналын түзүү аркылуу куруу белгиленген. Мониторингдин маалыматтарынын негизинде мезгил-мезгили менен Прог-рамманын иш-чараларын ишке ашыруунун натыйжалуулугу бааланат. Бул баа-лоонун жүрүшүндө "алсыз жерлери" жана кемчиликтери аныкталат. Алынганжыйынтыктардын негизинде аракеттердин натыйжалуулугун жогорулатуу, ре-сурстарды кайра бөлүштүрүү жана аларды оптималдуу пайдалануу, кызыкдараткаруучулар менен координациялоону жакшыртуу боюнча тез чечимдер кабылалынат. Мамлекеттик түзүмдөрдүн, жарандык сектордун жана донордук жа-мааттын биргелешкен күч-аракеттери Программанын мониторингинин жанабаалоонун натыйжалуу системасын түзүүнүн жана бекемдөөнүн ийгилигининнегизи болуп саналат. IX. Күтүлгөн натыйжалар 1. Кыргыз Республикасынын эмгек мигранттарынын укуктарын жана та-ламдарын коргоо, жарандардын чет өлкөлөрдө ишке орношуусун уюштуруу,Кыргыз Республикасына чет өлкөлүк жумушчу күчтөрдү тартуу, жөнгө салын-баган миграцияны кыскартуу жана алдын алуу, чет өлкөлүк жарандардын жа-на Кыргыз Республикасынын жарандарынын миграциялык эсебин алуу боюнчаКыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана эл аралык келишимдик базагаөзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү. 2. Тышкы эмгек миграциясын жөнгө салуу механизмдерин жакшыртуу: - мамлекеттик түзүмдөр жана реципиент өлкөлөрдүн жумуш берүүчүлөрүменен өнөктөштүк мамилелерди орнотуу, чет өлкөлүк эмгек рынокторунункеректөөлөрүн иликтөө жана кыргызстандыктарды чет өлкөлөрдө уюшкандыктаишке орноштуруу системасын түзүү; - миграциялык процесстер, анын оњ жана терс натыйжалары жөнүндөкалктын маалымдуулугун жана укуктук сабаттуулугун жакшыртуу боюнча ке-њири масштабдуу маалыматтык компанияларды жүргүзүү; - эмгек рыногунун талаптарынын өзгөрүшүн тез баамдоочу эмгек миг-ранттарын кесиптик техникалык даярдоо системасына реформа жүргүзүү; - эмгек мигранттарынын өмүрүн жана ден соолугун камсыздандыруу,пенсиялык камсыздоо жана эмгек ишмердигин жүргүзүү мезгилинде чет өлкө-дө каза болгон Кыргыз Республикасынын жарандарынын сөөгүн мекенине жет-кирүүгө байланышкан чыгымдарды компенсациялоо механизмдерин иштеп чыгуужана иштеши. 3. Республиканын чегарага жакын, айыл жана тоолуу райондорун соци-алдык-экономикалык өнүктүрүү жолу менен ички миграция процесстерин ту-рукташтыруу. 4. Техникалык жабдуу жолу менен миграциялык процесстерди жөнгө са-луунун институттук базасын чыњдоо, консультациялык борборлорду түзүү,чет өлкөлөрдө Мамкомитеттин өкүлчүлүктөрүн көбөйтүү. 5. Кыргыз Республикасынын калкынын миграциясын эсепке алуу жанакаттоонун ведомстволор аралык системасын иштеп чыгуу жана ишке кирги-зүү. 6. Качкын статусун берүү жол-жобосун өркүндөтүү, качкындарды ин-теграциялоо, алардын мекенине ыктыярдуу кайтышы жана үчүнчү өлкөгө кө-чүрүү боюнча иш-чараларды жүргүзүү. 7. Мамлекеттик миграциялык саясаттын иш-чараларын жүзөгө ашыруубоюнча аткаруу бийлиги органдарынын, эл аралык жана өкмөттүк эмес уюм-дардын биргелешип иштөөсү.