КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 5-октябры № 448 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Аштык буудайды Кыргыз Республикасынын мамлекеттик резервине коюу жөнүндө Кыргыз Республикасынын
Конституциясынын 11-статьясына жана "Мамле-кеттик материалдык резерв жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамынаылайык, азык-түлүктүк коопсуздукту камсыздоо жана мамлекеттик резервде-ги аштык буудайды номенклатурадагы нормативге жеткирүү боюнча милдет-терди аткаруу максатында, убактылуу чара катары Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатыпалуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттиктин ал-дындагы Мамлекеттик материалдык резервдер фонду республикага алып ке-лүүчү жана мамлекеттик резервге коюуга арналган 50 мињ тонна аштык буу-дайга КНСтин нөлдүк ставкасы белгиленсин. 2. Мамлекеттик резервге коюу үчүн алынып келчү аштык буудайдын са-паты ГОСТ 9353-90 "Буудай. Камдоодогу жана берүүдөгү талаптар" боюнчаүчүнчү класстан кем эмес болушу керектиги белгиленсин. 3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети Кыргыз Респуб-ликасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдыкрезервдер боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Мамлекеттик матери-алдык резервдер фонду алып келүүчү 50 мињ тонна аштык буудайды ушултоктомдун 1-пунктуна ылайык, бажылык жыйымдарды төлөөдөн бошотуу мененбажылык тариздесин. 4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине мамлекеттик резервгекоюлчу аштык буудайга КНСтин ставкасы убактылуу өзгөртүлгөнү жөнүндөмаалымдалсын. 5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатыпалуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттиктин ал-дындагы Мамлекеттик материалдык резервдер фонду аштык буудайдын жогору-да көрсөтүлгөн көлөмүн сатып алууну "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө"Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына ылайык ишке ашырсын. 6. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги аштык буудайдын жо-горуда көрсөтүлгөн көлөмүн сатып алуу үчүн 2007-жылдын бюджетинин че-гинде каражат таап жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамле-кеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттикагенттиктин алдындагы Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна бөлүпберсин жана "Кыргыз Республикасынын 2007-жылга республикалык бюджетижөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнчасунуштарды даярдоодо аны эске алсын. 7. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлиги алынып келчү аштык буудайга карантиндик кароону жанасапатына контролду тийиштүү экспертиза жүргүзүү боюнча көрсөтүлгөн кыз-маттары үчүн акы албастан белгиленген тартипте камсыздасын. 8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-мөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнөжүктөлсүн. Премьер-министр А.Атамбаев