Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 6-октябры № 451 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Алай районунун аймагында Эл аралык "Сары-Таш" чегаралык соода борборун түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын соода-экономи-калык мамилелерин андан ары өнүктүрүү, ата мекендик ишкерлердин тышкыэкономикалык ишмердиги үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кењейтүү максатында КыргызРеспубликасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун мамлекеттик администрациясыКыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлигименен бирдикте Кытай Эл Республикасынын чектеш региондорунун жергилик-түү мамлекеттик администрациялары менен макулдашуу боюнча Кыргыз Рес-публикасынын Ош облусунун Алай районунун Сары-Таш чегаралык участогундаЭл аралык "Сары-Таш" чегаралык соода борборун түзүү боюнча иш-чаралар-дын планын иштеп чыксын жана жүзөгө ашырсын. 2. Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода минис-трлиги Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен бирдикте Эларалык "Сары-Таш" чегаралык соода борборун түзүү жөнүндө Кыргыз Респуб-ликасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда Ал-кактык макулдашууну даярдоого байланыштуу маселелерди Кытай Эл Респуб-ликасынын таламдаш структуралары менен белгиленген тартипте иштеп чык-сын. 3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети Эл аралык "Са-ры-Таш" чегаралык соода борборунун курулушу бүткөрүлгөндөн кийин Эларалык "Сары-Таш" чегаралык соода борбору аркылуу товарларды импорттоо-до (экспорттоодо) бажы жол-жоболорун жүргүзүү үчүн зарыл инфраструкту-раларды түзүү жөнүндө маселени бир айлык мөөнөттө көрсөтүлгөн борбордунадминистрациясы менен бирдикте карасын. 4. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги,Кыргыз Республикасынын Стандарттар жана метрология улуттук институту(макулдашуу боюнча) сертификациялоо органдары менен бирдикте айыл чарбажана өнөр жай продукцияларын алып келүүгө (алып чыгууга) уруксат доку-менттерин берүү боюнча стационардык пункттарды Эл аралык "Сары-Таш" че-гаралык соода борборунун аймагында белгиленген тартипте түзүшсүн. 5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-мөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнөжүктөлсүн. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Атамбаев