Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 10-октябры № 460 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Товарлардын сүрөттөлүшүнүн жана код коюлушунун шайкеш келтирилген системасынын 4-редакциясынын негизинде Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин тышкы экономикалык ишмердигинин товардык номенклатурасын (КМШнын ТЭИ ТН), КМШнын ТЭИ ТНнын негизинде Евразия экономикалык шериктештигинин тышкы экономикалык иш- аракетинин жалпы товардык номенклатурасын (ЕврАзЭСтин ТЭИ ТН) колдонууга киргизүү жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердинбажы кызматтарынын жетекчилеринин кењешинин Товарлардын сүрөттөлүшүнүнжана код коюлушунун шайкеш келтирилген системасынын 4-редакциясынын не-гизинде Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин тышкы экономика-лык ишмердигинин товардык номенклатурасын бекиткен 2006-жылдын 7-июнун-дагы N 4/43 чечимине ылайык, тышкы экономикалык ишмердиктин бажылык-та-рифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу чараларын бир түргө келтирүү,Кыргыз Республикасынын тышкы соодасынын бажы статистикасын жүргүзүүмаксатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. 2008-жылдын 1-январынан тартып төмөнкү тиркелгендер колдонуугакиргизилсин: - Товарлардын сүрөттөлүшүнүн жана код коюлушунун шайкеш келтирил-ген системасынын 4-редакциясынын негизинде Көз карандысыз Мамлекеттер-дин Шериктештигинин тышкы экономикалык иш-аракетинин товардык номенкла-турасы (КМШнын ТЭИ ТН); - КМШнын ТЭИ ТНнын негизинде Евразия экономикалык шериктештигининтышкы экономикалык ишмердигинин жалпы товардык номенклатурасы (ЕврАзЭС-тин ТЭИ ТН). 2. Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода минис-трлиги, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети жана КыргызРеспубликасынын Соода-өнөр жай палатасы Товардык номенклатурада көрсө-түлгөн түрлөрдү алар колдонууга киргизилген күндөн тартып жетекчиликкеалышсын. 3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Атамбаев