Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 16-октябры № 468
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын
4-июлундагы "Кыргыз Республикасында
администрациялык-аймактык түзүлүш системасын кайра
уюштурууга концепциялык мамиле кылуу жөнүндө"
Жарлыгын аткаруунун жүрүшү жана администрациялык
реформаны терењдетүү боюнча чаралар тууралуу
Кыргыз Республликасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын
3-апрелиндеги №127 токтомунун редакциясында баяндалган
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү министрликтер, мамлекеттик комитет-
тер, администрациялык ведомстволор, борбордук органдар жана облустардын
мамлекеттик администрациялары тарабынан Кыргыз Республикасынын Прези-
дентинин "Кыргыз Республикасында администрациялык-аймактык түзүлүш сис-
темасын кайра уюштурууга концепциялык мамиле кылуу жөнүндө" Жарлыгын
жана "Кыргыз Республикасында администрациялык-аймактык түзүлүш система-
сын кайра уюштурууга концепциялык мамиле кылуу жөнүндө" Кыргыз Респуб-
ликасынын Президентинин 2007-жылдын 4-июлундагы Жарлыгын ишке ашыруу
тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-июлундагы №
295 токтомун аткаруу боюнча кыйла иштер жүргүзүлгөндүгүн белгилейт.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2007-жылдын 1-августун-
дагы № 345 буйругу менен түзүлгөн республикалык комиссия (мындан ары
комиссия) бардык министрликтер жана администрациялык ведомстволор, бор-
бордук жана башка органдар боюнча 2007-2008-жылдарга эсептелген адми-
нистрациялык-аймактык түзүлүштү реформа жүргүзүүнүн I этабында аныктал-
ган милдеттерди ишке ашыруу маселеси боюнча аналитикалык иштерди жүр-
гүздү.
Облустук жана аймактык дењгээлдерде мамлекеттик башкаруу органда-
рынын түзүмүн өркүндөтүүгө, кызматкерлердин оптималдуу штаттык санын
аныктоого жана бири-бирин кайталаган жана эскирген башкаруу түзүмдөрүн
жана рынок экономикасынын шарттарына жооп бербеген функцияларды табууга
жана жоюуга өзгөчө көњүл бурулган.
Башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында облустук дењ-
гээлдеги мамлекеттик органдардын аймактык түзүмдөрү аткаруучу функция-
ларды талдоо жана кайра бөлүштүрүү жүргүзүлгөн.
Иштин жүрүшүндө комиссия мамлекеттик органдардын жетекчилеринин
көњүлүн аткаруу бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары-
нын иштеринин майнаптуулугун жана натыйжалуулугун кардиналдуу жогорула-
туу аркылуу мамлекеттик башкаруу дењгээлинин жана өлкөнүн азыркы соци-
алдык-экономикалык потенциалынын ортосундагы айырмачылыкты жоюуга, мам-
лекеттик башкаруунун сапатын жогорулатууга бурган. Жарандык коомдун тү-
зүмдөрү менен аткаруу бийлик органдарынын ачык-айкын жана натыйжалуу өз
ара аракеттенүү механизмдерин колдонууга киргизүү боюнча рекомендация-
лар айтылган.
Администрациялык реформанын I этабынын милдеттерин аткаруу макса-
тында жалпы республика боюнча облустук дењгээлдеги 124 башкаруу түзүмү
жоюлат, кызматкерлердин штаттык саны 1777 бирдикке кыскарат (анын ичин-
де 1209 бирдик негизги персонал), каражаттарды шарттуу үнөмдөө 122 млн.
сомду түзөт, бир кыйла сандагы кызматтык автотранспорт, администрация-
лык имараттар жана жайлар бошотулат. Облустардын жана райондордун мам-
лекеттик администрацияларынын аппараттарын чыњдоо, социалдык-экономика-
лык милдеттерди чечүүдө алардын ролун жогорулатуу жөнүндө Кыргыз Рес-
публикасынын Президентинин Жарлыгынын талаптарына ылайык жана аларга
башкаруунун жоюлуучу түзүмдөрүнүн айрым функциялары өткөрүп бериле тур-
гандыгын эске алуу менен алардын аппараттарынын штаттык саны бир кыйла
көбөйөт.
Республиканын администрациялык-аймактык түзүлүшүн реформалоонун I
этабын ишке ашыруу боюнча иштин алдын ала жыйынтыктары реформанын II
этабынын милдеттерин ишке ашыруу үчүн бир катар даярдоо чараларын ишке
ашыруу зарылдыгын аныктады.
Атап айтканда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана мамлекеттик
башкаруунун борбордук органдарынын түзүмдөрүндө болуп өткөн өзгөрүүлөр,
министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомст-
волордун жана башка органдардын аймактык подразделениелерин жоюу жана
кайра уюштуруу жөнүндө чечим кабыл алуу менен шартталган, борбордук,
ошондой эле аймактык дењгээлдерде функционалдык талдоо жүргүзүүнү улан-
туу зарылдыгын пайда кылды. Башкаруунун облустук жана райондук дењгээл-
деринин ортосундагы функцияларды жана ыйгарым укуктарды бөлүштүрүүнүн
так критерийлерин иштеп чыгуу керек.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (айыл өкмөттөрү) рай-
ондук мамлекеттик администрациялар жана министрликтер менен ведомство-
лордун түзүмдөрү менен өз ара мамилелеринин кыйла натыйжалуу моделин
иштеп чыгуу максатында алардын функцияларына жана ыйгарым укуктарына
талдоо жүргүзүү зарыл.
Жањы маалыматтык технологияларды, электрондук өкмөт системасын
башкаруу органдарынын иштерине киргизүүнү активдештирүү талап кылынат.
Бул милдетти чечүү мамлекеттик башкаруунун борбордук жана аймактык ор-
гандарынын маалымат алмашуу системасын жакшыртууга, маселелерди кароо-
нун оперативдүүлүгүн жогорулатууга жана акыр-аягында маалымат чогултуу,
жалпылоо жана берүү менен иш жүргүзгөн башкаруунун артыкбаш звенолорун
жоюуга мүмкүндүк берет.
Администрациялык-аймактык түзүлүштү реформалоонун II этабын ишке
ашыруу үчүн администрациялык-аймактык бирдиктерди ирилештирүү бөлүгүндө
методологиялык база даярдоонун чектеринде аймактарды экономикалык рай-
ондоштуруу принциптерин жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандар-
ттарын иштеп чыгуу боюнча иштерди баштоо зарыл.
Кыргыз Республикасынын Президентинин "Кыргыз Республикасында адми-
нистрациялык-аймактык түзүлүш системасын кайра уюштурууга концепциялык
мамиле кылуу жөнүндө" Жарлыгын андан ары ишке ашыруу жана администраци-
ялык реформаны терењдетүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ток-
том кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин "Кыргыз Республикасында
администрациялык-аймактык түзүлүш системасын кайра уюштурууга концепци-
ялык мамиле кылуу жөнүндө" Жарлыгында аныкталган администрациялык-ай-
мактык түзүлүштү реформалоонун I этабын ишке ашыруу жөнүндө комиссиянын
рекомендациялары жана жыйынтыктары № 1 тиркемеге ылайык жактырылсын.
2. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын N 2 тиркемеге
ылайык жоюлууга тийиш болгон облустук (аймактык) подразделениелеринин
тизмеси;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын N 3 тиркемеге
ылайык кайра уюштурууга тийиш болгон аймактык подразделениелеринин тиз-
меси.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жергиликтүү мамле-
кеттик администрацияларга мамлекеттик органдардын жоюлуучу түзүмдөрүнүн
айрым функцияларын өткөрүп берүүнү эске алуу менен алардын аппараттарын
чыњдоо жөнүндө комиссиянын рекомендацияларынын негизинде республиканын
облустары менен райондорунун мамлекеттик администрацияларынын аппарат-
тарынын түзүмдөрүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө белгиленген тар-
типте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун киргизсин.
4. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомс-
тволор, аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү мамлекеттик ад-
министрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары админист-
рациялык-аймактык түзүлүштү реформалоонун I этабынын милдеттерин өз
убагында жана сапаттуу аткаруу максатында:
Кыргыз Республикасынын Президентинин "Кыргыз Республикасында адми-
нистрациялык-аймактык түзүлүш системасын кайра уюштурууга концепциялык
мамиле кылуу жөнүндө" Жарлыгынын жоболорун жана аймактык дењгээлдеги
мамлекеттик башкаруу түзүмдөрүнүн өзгөрүүлөрүн эске алуу менен верти-
каль жана горизонтал боюнча функционалдык талдоо жүргүзүүнү 2007-жылы
аяктоо боюнча чараларды көрүшсүн;
- бул ишке мамлекеттик башкаруу органдарында жана жергиликтүү өз
алдынча башкаруу органдарында түзүлгөн функционалдык талдоо жүргүзүү
боюнча жумушчу топторун тартышсын;
- функционалдык талдоо жүргүзүүнүн жыйынтыктарын жалпылоо үчүн
2008-жылдын 15-январына карата Кыргыз Республикасынын Экономикалык
өнүктүрүү жана соода министрлигине беришсин.
5. Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода минис-
трлиги:
- жогоруда көрсөтүлгөн жумушчу топторунун иштерин координациялоо-
ну, эл аралык долбоорлордун эксперттеринин иш тажрыйбасын, рекомендаци-
яларын жана ресурстарын колдонуу менен функционалдык талдоо жүргүзүү
методологиясын жана технологиясын аларга үйрөтүүнү камсыздасын;
- мамлекеттик органдарда функционалдык талдоо жүргүзүүнүн жыйын-
тыктарын 2008-жылдын 1-февралына карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтү-
нүн Аппаратына киргизсин;
- Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери
боюнча улуттук агенттиги жана башка тиешелүү мамлекеттик органдар менен
бирдикте аймактарды экономикалык райондоштуруу принциптерин жана мамле-
кеттик кызмат көрсөтүү стандарттарын иштеп чыгуу боюнча иштерди уюшту-
руу жөнүндө белгиленген тартипте сунуш киргизсин.
6. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери,
администрациялык ведомстволору, аткаруу бийлигинин башка органдары:
- аймактык подразделениелерди жоюуну жана кайра уюштурууну эске
алуу менен мамлекеттик органдардын башкаруу схемасын жана алар жөнүндө
жоболорду, борбордук аппараттардын, ведомстволук жана аймактык подраз-
делениелердин түзүмү жана штаттык саны боюнча сунуштарды эки айлык мөө-
нөттө иштеп чыгышсын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Админис-
трациясынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизишсин;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бошогон кызматкерлер-
ди ишке орноштуруу боюнча чараларды көрүшсүн;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгы жана Кыргыз
Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети
менен бирдикте жоюлуучу аймактык түзүмдөрдүн кызматтык автотранспортто-
руна, имараттары менен жайларына, жабдуулары менен башка негизги кара-
жаттарына инвентаризация жүргүзүшсүн жана аларды андан ары пайдалануу
боюнча маселелерди чечишсин.
7. Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери
боюнча улуттук агенттигине көз карандысыз эксперттерди тартуу менен:
- айыл өкмөттөрүнө жүктөлгөн жана иш жүзүндө аткарып жатышкан фун-
кциялар менен ыйгарым укуктарга эки айлык мөөнөттө функционалдык талдоо
жүргүзүү;
- алынган натыйжаларды эске алуу менен жергиликтүү өз алдынча баш-
каруу органдарынын иш-аракеттеринин натыйжалуулугун жогорулатуу жана
райондук дењгээлдеги мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүү,
айыл өкмөттөрүнүн аппараттарынын түзүмдөрүн жана штаттык санын оптимал-
даштыруу боюнча рекомендацияларды иштеп чыгуу сунуш кылынсын.
8. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министр-
лиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 24-апрелиндеги N 246
токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында маалыматтык-коммуника-
циялык технологияларды өнүктүрүү программасын аткарууну талдап чыксын,
мамлекеттик башкаруу тармагында, анын ичинде жергиликтүү мамлекеттик
администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабы-
нан маалыматтык-коммуникациялык технологияларды колдонуу мүмкүнчүлүктө-
рүн кењейтүү боюнча чараларды көрүүгө багытталган сунуштарды иштеп чык-
сын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизсин.
9. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги Кыргыз Республикасы-
нын мурда кабыл алынган нормативдик укуктук актыларына ушул токтомдон
келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө белги-
ленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуш киргизсин.
10. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисине жүктөлсүн.
Премьер-министри А.Атамбаев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2007-жылдын 15-октябрындагы
№ 468 токтомуна
№ 1 тиркеме
Администрациялык-аймактык түзүлүштү
реформалоонун I этабын ишке ашыруу жагынан
сунуштарды иштеп чыгуу боюнча комиссиянын
РЕКОМЕНДАЦИЯЛАРЫ
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2007-жылдын 1-августун-
дагы буйругу менен түзүлгөн республикалык комиссия Кыргыз Республикасы-
нын Президентинин 2007-жылдын 4-июлундагы "Кыргыз Республикасында адми-
нистрациялык-аймактык түзүлүш системасын кайра уюштурууга концепциялык
мамиле кылуу жөнүндө" Жарлыгында аныкталган башкаруу системасындагы тө-
мөнкүдөй проблемаларды кароого башкы көњүл бурган:
- министрликтердеги, мамлекеттик комитеттердеги, администрациялык
ведомстволордогу жана башка органдардагы башкаруу звенолорунун ашыкча
санын;
- башкаруунун эскирген технологияларын колдонуу менен функциялар-
дын кайталанышын;
- "борбор - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары" тизмеги бо-
юнча мамлекеттик башкаруу системасынын өз ара мамилелеринин, ыйгарым
укуктарынын жана функцияларынын жөнгө салынбагандыгын.
Жарлыкта аныкталган администрациялык реформанын I этабынын милдет-
терин ишке ашыруунун чектеринде комиссия төмөнкүдөй иштерди жүргүзгөн.
1. Аймактык түзүмдөрү бар министрликтердин, мамлекеттик комитет-
тердин, администрациялык ведомстволордун тизмеси аныкталган.
Республикалык дењгээлдеги 61 мамлекеттик башкаруу органынын 29 ор-
ганын кайра уюштурууга болбой тургандыгы белгиленген. Алардын 14ү Кыр-
гыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын 5-пунктуна ылайык жана 15и
- облустук дењгээлдеги башкаруу түзүмдөрүнүн жоктугунан.
Мындан тышкары аткарылуучу милдеттердин маанисин жана өзгөчөлүгүн,
ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын же-
текчилигинин рекомендацияларын эске алуу менен комиссия Кыргыз Респуб-
ликасынын Эсеп палатасынын, Кыргыз Республикасынын Шайлоолор жана рефе-
рендумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын, Кыргыз Республика-
сынын Омбудсменинин (Акыйкатчысынын) аппаратынын түзүмдөрүн караган
жок.
Ошондой эле облустук жана райондук дењгээлдерде түзүмдөрдүн жокту-
гуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык
ресурстар жана технологиялар мамлекеттик агенттигинин жана Кыргыз Рес-
публикасынын Өкмөтүнө караштуу Туризм боюнча мамлекеттик агенттиктин
түзүмдөрү каралган жок.
2. Комиссия тарабынан аныкталган мамлекеттик органдардын түзүмдө-
рү, штаттык саны жана функциялары каралып, алардын аймактык түзүмдөрүн
жоюу, кайра уюштуруу же кыскартуу боюнча рекомендациялар иштелип чыкты.
Мында финансылык түзүүчү, функционалдык жана башка төмөнкүдөй кри-
терийлери көњүлгө алынды жана каралды:
- бири-бирин кайталаган же эскирген функциялардын болушу;
- райондук же шаардык подразделениелердин болушу;
- борбордук, облустук жана райондук дењгээлдердин ортосунда функ-
циялар менен ыйгарым укуктарды бөлүштүрүү;
- облустардагы түзүмдөрдү жоюунун "наркы", райондордо подразделе-
ниелерди түзүү варианттары;
- аймактык дењгээлдеги штаттык сандарды жана түзүмдөрдү оптимал-
даштыруу;
- кайра уюштуруунун ар кандай моделдеринде функцияларды жана баш-
каруучулукту жоготуулар;
- чарбакер субъекттерге жана калкка көрсөтүлүүчү мамлекеттик кыз-
маттардын сапаты жана жеткиликтүүлүгү.
27 министрлик, мамлекеттик комитет, администрациялык ведомство,
борбордук башкаруу органдары боюнча облустук дењгээлдеги башкаруу тү-
зүмдөрүн жоюу же кайра уюштуруу жөнүндө комиссия тарабынан рекомендаци-
ялар иштелип чыкты.
Аймактык дењгээлдеги белгиленген мамлекеттик органдарда 6120 кыз-
маткердин штаттык саны менен 260 башкаруу түзүмү иштейт; аларды күтүүгө
жалпы чыгымдар 479,4 млн.сомду түзөт.
Комиссия тарабынан, ошондой эле райондук дењгээлдеги башкаруу под-
разделениелери жок 13 министрликтин жана администрациялык ведомствонун
түзүмдөрү дагы иликтөөгө алынды, натыйжада облустук дењгээлдеги азыр
иштеп жаткан 52 башкаруу түзүмүнөн 19у региондор аралык подразделение-
лерди түзүүнүн эсебинен жоюлат.
Комиссия башкаруучулукту сактоо максатында айрым борбордук аппа-
раттардын штаттык санын бир аз көбөйтүү боюнча сунуштарды иштеп чыкты,
алар: Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги
- 6 бирдикке, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө
укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик - 5 бирдикке, Кыргыз Рес-
публикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт, жаштардын иштери
жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик - 6 бирдикке, Кыргыз
Республикасынын ө караштуу Финансылык рынокту көзөмөлдөө жана жөнгө са-
луу кызматы - 4 бирдикке.
Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай
министрлигинин бассейндик суу чарба башкармалыктарын - 257 бирдикке,
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик
комитетинин мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча региондор аралык подраз-
делениелерин - 6 бирдикке кыскартуу жөнүндө сунуш киргизилет. Кыргыз
Республикасынын Мамкурулуш системасында облустук архитектура жана куру-
луш башкармалыктарынын жоюлушуна байланыштуу 33 штаттык бирдик бошойт.
Мында райондук (шаардык) бөлүмдөрдүн жана облустук башкармалыктардын
көзөмөлдөө функциялары жањыдан түзүлүүчү колдонуудагы системадагы штат-
тык сан көбөйтүлбөстөн райондор аралык түзүмдүк подразделениелерге өт-
көрүлүп берилет.
Администрациялык-аймактык түзүлүштү реформалоонун I этабынын мил-
деттерин чечүү боюнча комиссиянын рекомендацияларына ылайык жалпы рес-
публика боюнча облустук дењгээлдеги 124 башкаруу түзүмү жоюлат, кызмат-
керлердин штаттык саны 1777 бирдикке (анын ичинде 1209 бирдик негизги
персонал) кыскарат, каражаттарды шарттуу үнөмдөө 122 млн. сомду түзөт,
48 кызматтык автотранспорт, ошондой эле белгилүү сандагы администрация-
лык имараттар жана жайлар бошотулат.
Эскертүү: комиссиянын заседаниелеринин протоколдору (№ 1 - № 6)
тиркелет.
3. Министрликтердин жана ведомстволордун облустук дењгээлдеги су-
нуш кылынган аймактык түзүмдөрүн жоюуларды, алардын функцияларынын бө-
лүгүн райондук дењгээлдеги жана облустук мамлекеттик администрацияларга
өткөрүп берүүнү эске алуу менен облустардын жана райондордун мамлекет-
тик администрацияларынын аппараттарынын түзүмү изилденди.
Мында Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен облустар-
дын мамлекеттик администрация башчылары - губернаторлордун ишмердигин-
деги төмөнкүдөй негизги милдеттер жана функциялар аныкталгандыгы көњүл-
гө алынды:
- мамлекеттик саясатты ишке ашырууну контролдоо жана облустун ай-
магындагы башкаруу органдарынын иштерин координациялоо;
- облустун аймагындагы улуттук жана мамлекеттик программаларды иш-
ке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасы-
нын Президентинин жарлыктары менен буйруктарын, Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кењешинин токтомдорун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтом-
дору менен буйруктарын аткарууну контролдоо;
- ведомстволук аймактагы укук тартибин жана коопсуздукту камсыздоо
боюнча укук коргоо органдарынын иштерин, ошондой эле Кыргыз Республика-
сынын мамлекеттик чегарасын коргоо боюнча иштерди координациялоо жана
контролдоо;
- облустун экономикасына инвестицияларды тартуу, инвестициялык
программаларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу, эл аралык жана региондор
аралык кызматташтыкты өнүктүрүү;
- жарандарга мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү
стандарттарын сактоону контролдоо;
- жарандардын укуктарын коргоо, калктын даттануулары жана кайры-
луулары менен иштөө.
Мындан тышкары, Жарлыкта облустардын мамлекеттик администрация
башчылары - губернаторлору облустардын аймактарында, ал эми райондордун
мамлекеттик администрация башчылары - акимдер райондордун аймагындагы
мамлекеттик башкаруу органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу
органдарынын мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ишмердигин коорди-
нациялоочу мамлекеттик башкы кызмат адамдары болуп санала тургандыгы
белгиленген.
Облустардын мамлекеттик администрация башчылары - губернаторлор
ведомстволук аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүшү үчүн Кыргыз
Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ал-
дында, ал эми райондордун мамлекеттик администрация башчылары - акимдер
облустардын мамлекеттик администрация башчыларынын - губернаторлордун
алдында жеке жоопкерчилик тартышат.
Баяндалгандарды эске алуу менен облустук мамлекеттик администраци-
ялардын аппараттарынын подразделениелерин (бөлүмдөрүн) чыњдоо жөнүндө
рекомендациялар иштелип чыккан, аларга министрликтер менен ведомство-
лордун жоюлуучу облустук түзүмдөрүнүн функциялары өткөрүлүп берилет.
Атап айтканда, социалдык багыт боюнча эки бөлүмдү, финансы бөлүмүн, жа-
рандардын кайрылуулары менен иштөө жана коомчулук менен байланыш боюнча
секторду, экономикалык өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу боюнча бө-
лүмдү түзүү аркылуу. Жыйынтыгында облустук мамлекеттик администрацияла-
рынын аппараттарынын штаттык санын орточо 34-46дан 53-62ге чейин же
бардыгы болуп 127 штаттык бирдикке (жалпы саны - 275тен 402 бирдикке
чейин) көбөйтүү пландаштырылууда.
Ушуну менен катар облустардын мамлекеттик администрация башчылары-
нын айтылган сунуштарын эске алуу менен райондордун мамлекеттик адми-
нистрацияларынын аппараттарынын түзүмү иликтенип чыкты.
Азыркы убакта райондордун мамлекеттик администрацияларынын аппа-
раттарынын штаттык саны 12ден 22ге чейинки бирдиктин чегинде. Мында же-
текчилик курамды (башчы, башчынын орун басарлары, аппарат жетекчиси)
жана техникалык кызматкерлерди (бухгалтер, жетекчинин катчысы, кат-
чы-машинистка. чарба башчысы) кошпогондо түздөн-түз жооптуу кызматкер-
лердин (аткаруучулардын) саны орточо болгону 5-8 штаттык бирдикти тү-
зөт.
Райондордун жетекчилерин иргеп сурамжылоонун натыйжалары райондук
администрациялардын аппараттары экономика, социалдык өнүктүрүү, ишкер-
дикти колдоо жана инвестицияларды тартуу маселелери боюнча адистерди
күчөтүүгө муктаж экендигин көрсөттү.
Ушулардан улам Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына
ылайык райондук дењгээл администрациялык-аймактык реформалоонун бардык
этаптарында базалык дењгээл болуп санала тургандыгын эске алуу менен
комиссия райондук мамлекеттик администрациялардын аппараттарынын штат-
тык санын орточо 2-4 бирдикке же жалпысынан 122 бирдикке (жалпы саны
611ден 735 бирдикке чейин) көбөйтүү жөнүндө рекомендациясын иштеп чык-
кан.
Комиссия иштеп чыккан рекомендациялардын натыйжасында төмөнкүлөр
болжолдонот:
1. Штаттык санын 1777 бирдикке кыскартуу жана 122 млн. сом сумма-
сындагы каражаттарды шарттуу үнөмдөө менен облустук дењгээлдеги 124 тү-
зүмдү жоюу.
2. Облустардын жана райондордун мамлекеттик администрацияларынын
аппараттарынын штаттык санын көбөйтүү аркылуу аларды чыњдоо:
- облустук мамлекеттик администрациялардыкын - 21,5 млн. сом сум-
масында кошумча каржылоо менен 127 бирдикке;
- райондук мамлекеттик администрациялардыкын - 6,0 млн. сом сумма-
сында кошумча каржылоо менен 122 бирдикке.
Бардыгы болуп жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын штаттык
санын 249 бирдикке көбөйтүү жана аларды күтүүнү - 27,5 млн. сомго кар-
жылоо болжолдонууда.
Комиссиянын рекомендацияларынын негизинде өлкөнү администрация-
лык-аймактык кайра түзүүнүн биринчи этабынын негизги милдеттерин чечүү-
нү - мамлекеттик мекемелердин функцияларын трансформациялоо менен об-
лустук түзүмдөрдүн санын кыскартууну караган Кыргыз Республикасынын Өк-
мөтүнүн токтом долбоору даярдалды.
Ведомстволук облустук жана региондор аралык түзүмдөрдүн белгилүү
бир санын сактоо функцияларды сактап калуу талаптарына, ошондой эле
аларды райондук дењгээлге которуу үчүн чоњ финансылык сарптоолорго не-
гизденет. Бул түзүмдөрдү андан ары кыскартуу же кайра уюштуруу төмөнкү-
дөй шарттарда болушу мүмкүн:
- ведомстволордун функцияларын тактоону же кайра карап чыгууну ка-
роочу мыйзамдарга кандайдыр бир өзгөртүүлөрдү киргизүү;
- жањыдан түзүлгөн ирилештирилген аймактык бирдиктердин дењгээлине
бул түзүмдөрдү өткөрүп берүү менен экинчи этапта райондорду ирилешти-
рүү;
- электрондук өкмөт системасын киргизүү, ал маалыматты чогултуу,
жалпылоо жана берүү бөлүгүндө бул түзүмдөрдүн функцияларынан баш тар-
тууга мүмкүндүк берет.
Мындан тышкары, комиссия тарабынан төмөнкүдөй рекомендациялар кир-
гизилет:
- айыл өкмөттөрүнө жүктөлгөн жана иш жүзүндө алар аткарып жаткан
функциялар менен ыйгарым укуктардын ишке ашышына талдоо жүргүзүү;
- жањы маалыматтык технологияларды, электрондук өкмөт системаларын
колдонууга киргизүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иштерин ак-
тивдештирүү.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн М.Исмаилов
Аппаратынын жетекчиси - министр,
комиссиянын төрагасы
Кыргыз Республикасынын Президентинин А.Карашев
Администрациясынын уюштуруу иштери
жана мамлекеттик башкаруу саясаты
бөлүмүнүн башчысынын орун басары,
комиссиянын төрагасынын орун басары
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Н.Давыдов
Аппаратынын уюштуруу-инспектордук
иштер жана аймактык өнүктүрүү
бөлүмүнүн башчысынын орун басары,
комиссиянын төрагасынын орун басары
Комиссия мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын финансы А.Жапаров
министри
Кыргыз Республикасынын экономикалык С.Молдокулов
өнүктүрүү жана соода министри
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн М.Иминов
Аппаратынын укуктук камсыздоо жана
кадрдык кызмат бөлүмүнүн башчысы
Кыргыз Республикасынын Президентинин О.Тарбинский
Администрациясынын уюштуруу иштери
жана мамлекеттик башкаруу саясаты
бөлүмүнүн мамлекеттик инспектору
Чүй облусунун мамлекеттик К.Сыйданов
администрация башчысы - губернатор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2007-жылдын 16-октябрындагы
№ 468 токтомуна
№ 2 тиркеме
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик
органдарынын жоюлууга тийиш болгон облустук
(аймактык) подразделениелеринин
ТИЗМЕСИ
Кыргыз Республликасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын
3-апрелиндеги №127 токтомунун редакциясында баяндалган
-----------------------------------------------------------------------
|№№| Облустук дењгээлдеги мамлекеттик органдардын |
| | подразделениелердин аталышы |
|--|------------------------------------------------------------------|
|1 |Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин облустук финансы |
| |башкармалыктары |
|--|------------------------------------------------------------------|
|2 |Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай|
| |министрлигинин региондук (облустук) агрардык саясат кызматтары |
|--|------------------------------------------------------------------|
|3 |Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар |
| |министрлигинин "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын облустук |
| |филиалдары |
|--|------------------------------------------------------------------|
|4 |Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин |
| |облустук билим берүү башкармалыктары |
|--|------------------------------------------------------------------|
|5 |Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин облустук |
| |ден соолук чыњдоо борборлору |
|--|------------------------------------------------------------------|
|6 |Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин облустук |
| |санитардык-эпидемиологиялык кызматтары (СЭК) |
|--|------------------------------------------------------------------|
|7 |Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин облустук |
| |медициналык-маалыматтык борборлору 2011-жылдын 1-январынан баштап | | | жоюлууга тийиш |
|--|------------------------------------------------------------------|
|8 |Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин |
| |облустук маданият башкармалыктары |
|--|------------------------------------------------------------------|
|9 |Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү |
| |министрлигинин облустук социалдык коргоо башкармалыктары |
|--|------------------------------------------------------------------|
|10|Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун облустук башкармалыктары|
|--|------------------------------------------------------------------|
|11|Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш |
| |боюнча мамлекеттик агенттиктин облустук архитектуралык-курулуш |
| |көзөмөлдөө башкармалыктары |
|--|------------------------------------------------------------------|
|12|Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт, |
| |жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик |
| |агенттиктин облустук дене тарбия жана спорт боюнча башкармалыктары|
|--|------------------------------------------------------------------|
|13|Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар |
| |министрлигинин Ысыккөл облустук "Кыргызинтранс" эл аралык |
| |автомобилдик ташуулар башкармалыгы |
|--|------------------------------------------------------------------|
|14|Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө |
| |укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин региондор аралык |
| |борборлору (Баткен зоналык борборун кошпогондо) |
|--|------------------------------------------------------------------|
|15|Финансылык рынокту көзөмөлдөө жана жөнгө салуу кызматынын |
| |Түндүк-Чыгыш башкармалыгы |
-----------------------------------------------------------------------
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппарат жетекчиси - министр М.Исмаилов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2007-жылдын 15-октябрындагы
№ 468 токтомуна
№ 3 тиркеме
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик
органдарынын кайра уюштурууга тийиш
болгон аймактык подразделениелеринин
ТИЗМЕСИ
Кыргыз Республликасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын
3-апрелиндеги №127 токтомунун редакциясында баяндалган
-----------------------------------------------------------------------
|NN| Облустук дењгээлдеги |Түзүмдөрдүн| Кайра уюштуруу |
| | мамлекеттик органдардын | саны | боюнча чаралар |
| | аймактык подразделениелеринин | | |
| | аталышы | | |
|--|-----------------------------------|-----------|------------------|
|1 |Кыргыз Республикасынын | 6 |3 аскер |
| |Коргоо министрлигинин облустук | |комиссариатын |
| |аскер комиссариаттары | |калгандарына кошуу|
| | | |аркылуу |
|--|-----------------------------------|-----------|------------------|
|2 |Кыргыз Республикасынын | 7 |алардын базасында |
| |Финансы министрлигинин Экономиканы | |региондор аралык 5|
| |өнүктүрүүнүн мамлекеттик фондунун | |подразделение |
| |облустук өкүлчүлүктөрү | |түзүү аркылуу |
|--|-----------------------------------|-----------|------------------|
|3 |Кыргыз Республикасынын Экономикалык| 7 |алардын базасында |
| |өнүктүрүү жана соода министрлигинин| |региондор аралык 2|
| |облустук экономика башкармалыктары | |башкармалык |
| | | |(Түндүк жана |
| | | |Түштүк) түзүү |
| | | |аркылуу |
|--|-----------------------------------|-----------|------------------|
|4 |Кыргыз Республикасынын Транспорт | 7 |алардын базасында |
| |жана коммуникациялар | |региондор аралык 5|
| |министрлигинин Кыргыз | |инспекция түзүү |
| |транспорт инспекциясынын | |аркылуу |
| |облустук башкармалыктары | | |
|--|-----------------------------------|-----------|------------------|
|5 |Кыргыз Республликасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын |
| |3-апрелиндеги №127 токтомуна ылайык күчүн жоготту |
|--|-----------------------------------|-----------|------------------|
|6 |Кыргыз Республикасынын Салыктар | 7 |алардын базасында |
| |жана жыйымдар боюнча мамлекеттик | |региондор аралык |
| |комитетинин облустук | |3 подразделение |
| |башкармалыктары | |түзүү аркылуу |
|--|-----------------------------------|-----------|------------------|
|7 |Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө | 7 |алардын базасында |
| |караштуу Монополияга каршы саясат | |региондор аралык |
| |жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча| |4 подразделение |
| |мамлекеттик агенттиктин облустук | |түзүү аркылуу |
| |бөлүмдөрү | | |
|--|-----------------------------------|-----------|------------------|
|8 |Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө | 7 |алардын базасында |
| |караштуу Курчап турган чөйрөнү | |региондор аралык |
| |коргоо жана токой чарбасы боюнча | |4 подразделение |
| |мамлекеттик агенттиктин аймактык | |түзүү аркылуу |
| |айлана-чөйрөнү коргоо | | |
| |башкармалыктары | | |
|--|-----------------------------------|-----------|------------------|
|9 |Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө | 4 |алардын базасында |
| |караштуу Курчап турган чөйрөнү | |төмөнкүлөрдү түзүү|
| |коргоо жана токой чарбасы боюнча | |аркылуу: |
| |мамлекеттик агенттиктин токойду | |- Жалалабат |
| |өнүктүрүү жана ањчылык ресурстарын | | зонасында: |
| |жөнгө салуу боюнча аймактык | |Жањгакжемиш токой |
| |башкармалыктары | |экосистемасын |
| | | |өнүктүрүүнүн |
| | | |аймактык |
| | | |башкармалыгын; |
| | | |- борбордук |
| | | | дењгээлде: |
| | | |Токой |
| | | |экосистемасын |
| | | |өнүктүрүү |
| | | |башкармалыгын |
| | | |жана Ањчылыкты |
| | | |көзөмөлдөө жана |
| | | |ањчылык |
| | | |ресурстарынын |
| | | |санын жөнгө |
| | | |салуу |
| | | |башкармалыгын |
|--|-----------------------------------|-----------|------------------|
|10|Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө | 7 |алардын базасында |
| |караштуу Курчап турган чөйрөнү | |региондор аралык |
| |коргоо жана токой чарбасы боюнча | |4 подразделение |
| |мамлекеттик агенттиктин жаратылышты| |түзүү аркылуу |
| |коргоо жана токой тармагын | | |
| |өнүктүрүү боюнча жергиликтүү | | |
| |фонддору | | |
|--|-----------------------------------|-----------|------------------|
|11|Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө | 7 |алардын базасында |
| |караштуу Кесиптик-техникалык билим | |региондор аралык |
| |берүү боюнча мамлекеттик | |2 подразделение |
| |агенттиктин кесиптик-техникалык | |түзүү аркылуу |
| |билим берүү боюнча облустук | | |
| |бөлүмдөрү | | |
|--|-----------------------------------|-----------|------------------|
|12|Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө | 7 |алардын базасында |
| |караштуу Мамлекеттик сатып алуулар | |региондор аралык |
| |жана материалдык резервдер боюнча | |5 подразделение |
| |мамлекеттик агенттиктин аймактык | |түзүү аркылуу |
| |бөлүмдөрү | | |
-----------------------------------------------------------------------
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн