Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 645 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 22-октябры № 487
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Сапат боюнча Кыргыз Республикасынын сыйлыктарын
уюштуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
1997-жылдын 18-августундагы № 478 токтомуна
өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
"Сапат боюнча Кыргыз Республикасынын сыйлыктарын уюштуруу жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 18-августундагы № 478 ток-
томуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- токтомдун бүткүл тексти боюнча ар кандай жөндөмөлөрдөгү "Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Стандартташтыруу жана метрология бо-
юнча мамлекеттик инспекция" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдө "Кыргыз
Республикасынын Стандарттар жана метрология улуттук институту" деген
сөздөр менен алмаштырылсын;
- көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Сапат боюнча Кыргыз Респуб-
ликасынын сыйлыктары жөнүндө жобонун 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда бе-
рилсин:
"3. Жыл сайын сапат боюнча Кыргыз Республикасынын сыйлыктарын ый-
гаруу боюнча Кењештин сунушу менен:
- сапат боюнча 3төн ашпаган сыйлыктар ыйгарылат;
- конкурстун активдүү катышуучулары Кењештин чечимине ылайык сапат
боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн дипломдору менен сыйланышат.".
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А. Атамбаев