Редакцияот 22.10.2007
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 22-октябры № 490                КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ              Ысыккөл облусу, Ысыккөл району, Кошкөл айылы            дарегинде жайгашкан санаторий-профилакторийдин            мүлктүк комплексинин курулушун бүтүрүү жөнүндө      Бүтпөгөн курулуштардын  көлөмүн  азайтуу,  темир жол транспортунункызматкерлерин социалдык коргоону камсыздоо максатында, "Кыргыз Респуб-ликасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө" Кыргыз Республи-касынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:     1. Ысыккөл облусу,  Ысыккөл району, Кошкөл айылы дарегинде жайгаш-кан  санаторий-профилакторийдин мүлктүк комплексин инвестицияларды тар-туу, чарбакер коомдор үчүн каралган уюштуруу-укуктук формалардын бирин-деги биргелешкен ишкана түзүү жолу менен бүтүрүү максатка ылайыктуу депэсептелсин.     2. "Кыргыз  темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасыначарбалык коомдун  уставдык  капиталына  салымы  катары  ушул  токтомдун1-пунктунда көрсөтүлгөн  курулушу  бүтө  элек санаторий-профилакторийдианыктоо менен  чарбалык коомдун уюштуруучусу катары чыгууга уруксат бе-рилсин.     3. "Кыргыз  темир  жолу"  улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасыКыргыз Республикасынын  Мамлекеттик  мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттиккомитетине макулдашуу  менен  аныкталган тартипте ушул токтомдун 1 жана2-пункттарынан келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.     4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-мөтүнүн Аппаратынын  курулуш,  транспорт  жана коммуникациялар бөлүмүнөжүктөлсүн.       Кыргыз Республикасынын Премьер-министри           А.Атамбаев