КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 22-октябры № 495 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Кыргыз Республикасынын кээ бир мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-статьясына ылайык Кыр-гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. "Кыргыз Республикасынын кээ бир мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдүжана толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооружактырылсын. 2. Көрсөтүлгөн мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Ке-њешинин кароосуна киргизилсин. 3. Кыргыз Республикасынын коргоо министри көрсөтүлгөн мыйзам дол-боорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши караган учурда Кыргыз Рес-публикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын. Премьер-министр А.Атамбаев Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын кээ бир мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө 1-статья. "Кыргыз Республикасынын Тартип уставы жөнүндө" Кыргыз Республика-сынын Мыйзамы менен кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күч-төрүнүн Тартип уставына ("Эркинтоо" гезити, 1998-жылдын 16-сентябры)төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин: 1. Уставдын бардык тексти боюнча "ст." деген сөз тийиштүү сандажана жөндөмөлөрдө "пункт"деген сөзгө алмаштырылсын. 2. 9-пункттун экинчи абзацындагы "күнөөлүүнү камакка алууга жанааны кылмыш жоопкерчилигине тартууга чейин" деген сөздөр алынып салын-сын. 3. 55-пункттун "д)" пунктчасындагы "10 суткага чейин" деген сөздөржана цифра "30 суткага чейин" деген сөздөргө жана цифраларга алмашты-рылсын. 4. 56-пункттун "г)" пунктчасындагы "10 суткага чейин" деген сөздөржана цифра "30 суткага чейин" деген сөздөргө жана цифрага алмаштырыл-сын. 5. 57-пункттун "в)" пунктчасындагы "7 суткага чейин" деген сөздөржана цифра "30 суткага чейин" деген сөздөргө жана цифрага алмаштырыл-сын. 6. 63-65-пункттардын "г)" пунктчалары төмөнкүдөй редакцияда берил-син: "г) одоно тартип бузган жоруктарды жасаган аскер кызматчыларынубактылуу кармоо (48 саатка чейинки мөөнөткө) жана гауптвахтада кармооменен камакка алуу үчүн аскер кызматчысынын тартип бузуу жоругу жөнүндөпротоколду сотко жиберүү.". 7. 67-пункттун "в)" пунктчасындагы "5 суткага чейин" деген сөздөржана цифра "20 суткага чейин" деген сөздөргө жана цифрага алмаштырыл-сын. 8. 70-пункттун "б)" пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "б) одоно тартип бузган жоруктарды жасаган прапорщиктерди убакты-луу кармоо (48 саатка чейинки мөөнөткө) жана гауптвахтада кармоо мененкамакка алуу үчүн аскер кызматчысынын тартип бузуу жоругу жөнүндө про-токолду сотко жиберүү". 9. 71, 72-пункттардын "б)" пунктчалары төмөнкүдөй редакцияда бе-рилсин: "б) одоно тартип бузган жоруктарды жасаган прапорщиктерди убакты-луу кармоо (48 саатка чейинки мөөнөткө) жана гауптвахтада кармоо мененкамакка алуу үчүн аскер кызматчысынын тартип бузуу жоругу жөнүндө про-токолду сотко жиберүү". 10. 86-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "86. Аскердик наамы боюнча улуктун көзүнчө кенжеси аскердик тар-типти же аскердик урматтоо эрежесин бузган учурда наамы боюнча улуккенжеге эскертүүгө милдеттүү, эгерде ал таасир этпесе, анда аскердикуставдар менен белгиленген башка чараларды колдоно алат. Аскердик бөлүктүн (мекеменин) же кызмат өтөө жеринин аймагынантышкары аскер кызматчысы одоно тартип бузуу жоруктарды жасаган учурлар-да гауптвахтада кармоо менен камакка алуу жөнүндө соттун чечимин атка-руу 4-тиркемеде аныкталган тартипте жүргүзүлөт.". 11. 87-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "87. Гауптвахтада кармоо менен камакка алууну аткаруу тартиби Ус-тавдын 86,104-пункттарынын 4-тиркемесинде аныкталган.". 12. 89-пункттун үчүнчү абзацындагы ", зарыл болгон учурда кылмышишин козгойт жана алгачкы текшерүүнү дайындайт" деген сөздөр "жана кыз-маттык териштирүүнү дайындайт" деген сөздөргө алмаштырылсын. 13. 91-пунктунун биринчи абзацындагы "командирге (башчыга) жасал-ган жорук жөнүндө белгилүү болгон күндөн тартып" деген сөздөр "дайын-далган кызматтык териштирүү аяктаган күндөн тартып" деген сөздөргө ал-маштырылсын. 14. 94-пункттагы "ошондой эле мөөнөтүн аныктабастан тартиптик жазаберип - камакка алууга" деген сөздөр алынып салынсын. 15. 104-пунктунда: - экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "Гауптвахтада кармоо менен камакка алуу Кыргыз Республикасынынмыйзамдарында белгиленген тартипте соттун чечими боюнча жүргүзүлөт."; - үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "Солдаттарды, сержанттарды, старшиналарды жана прапорщиктерди га-уптвахтада кармоо менен камакка алуу жөнүндө соттун чечимин аткаруу4-тиркемеде аныкталган тартипте жүргүзүлөт.". 16. Уставдын тиркемелеринин бардык тексти боюнча "ст." деген сөзтиешелүү санда жана жөндөмөлөрдө "пункт" деген сөзгө алмаштырылсын. 17. 4-тиркемеде: 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "1. Аскер кызматчыларынын одоно тартип бузуу жоруктарына төмөнкү-лөр кирет: - аскер кызматчыларынын ортосундагы өз ара мамиленин уставдык эре-желерин бузуу; - аскерге чакыруу боюнча аскер кызматын өтөп жаткан аскер кызмат-чысынын (офицерлерден тышкары) же аскердик жыйындарга чакырылган КыргызРеспубликасынын жарандарынын аскердик бөлүктү же аскер бөлүгүнүн чеги-нен сырткары аскердик кызмат ордун өз эркинче таштап кетүүсү; - аскердик бөлүктүн карамагынан бошонууда, дайындалууда, котору-лууда, ошондой эле иш сапардан, өргүүдөн же дарылоо мекемесинен чыгуудакызматка жүйөөлүү себепсиз убагында келбөө; - контракт боюнча аскер кызматын өтөп жаткан аскер кызматчысынынже чакыруу боюнча аскер кызматын өтөп жаткан офицердин аскердик бөлүктөже аскердик бөлүктүн чегинен сырткары аскердик кызмат белгиленген жердекүнүмдүк аныкталган кызматтык убакыттын ичинде 4 сааттан ашык жүйөлүүсебепсиз жок болушу; - аскер кызматынын милдеттерин аткаруудан баш тартуу; - аскердик нөөмөттү (аскердик кызматты) өтөө эрежесин бузуу; - чегара кызматын өтөө эрежесин бузуу; - кароол кызматынын уставдык эрежелерин бузуу; - ички кызматты өтөөнүн уставдык эрежелерин бузуу; - гарнизондо күзөтүүнүн уставдык эрежелерин бузуу; - коомдук тартипти сактоо жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуубоюнча кызмат өтөө эрежелерин бузуу; - аскердик мүлктү атайлап жок кылуу, зыян келтирүү, бузуу, мыйзам-сыз чыгымдоо же колдонуу; - аскердик мүлктү байкабастан жок кылуу же бузуу; - кызматтык колдонуу үчүн ишенип берилген аскердик мүлктү сактооэрежелерин бузуу, анын натыйжасында байкабастан анын жоготулушу же бу-зулушу; - курал-жарактарды, ок-дарыларды, радиоактивдүү материалдарды, жа-рылуучу заттарды же айлана-чөйрөгө коркунуч келтирүүчү башка заттардыжана предметтерди колдонуу эрежелерин же аскердик техниканы пайдаланууэрежелерин бузуу, алардын натыйжасында байкабастан адамдын ден соолугу-на зыян алып келүү, аскердик мүлктүн жоголуусу, бузулушу же жок кылыны-шы жана башка зыяндуу кесепеттердин болушу; - транспорттук каражаттарды башкаруу же аларды пайдалануу эрежеле-рин бузуу, алардын натыйжасында байкабастан адамдын ден соолугуна зыяналып келүү, аскердик мүлктүн бузулушу же башка зыяндуу кесепеттердинболушу; - аскер кызматынын милдеттерин мас абалында аткаруу, ошондой элеаскер кызматчысынын алкоголдук же башка нерсеге мас болушун аныктооүчүн анын медициналык текшертүүдөн өтүүдөн баш тартышы; - командир өзүнүн компетенциясынын чегинде кызматы боюнча өзүнөбаш ийген аскер кызматчысы же аскер жыйынына чакырылган жаран жасагантартип бузуу жоруктарына бөгөт коюу же алдын алуу боюнча, аскер кызмат-чысын же аскер жыйынына чакырылган жаранды тартип бузган жоруктары үчүнтартиптик жоопкерчиликке тартуу боюнча же тартип бузууларды жасоогомүмкүндүк берүүчү себептерди жана шарттарды жоюу боюнча, кызматы боюнчаөзүнө баш ийген аскер кызматчысы же аскер жыйынына чакырылган жаранкылмыш, административдик укук бузууларды же тартип бузуу жоруктарын жа-сагандыгы жөнүндө маалыматты командир жашырып койгон учурлар боюнча ти-ешелүү чараларды көрбөө". - 2-пункттун төртүнчү абзацындагы "ушул жазаны берген башчыны же"деген сөздөр алынып салынсын. - 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "3. Тартип жазасын аткаруу тартиптик жоопкерчиликке тартуунун эс-кирүү мөөнөтү аяктаганга чейин башталышы керек (ушул Уставдын 91- пунк-ту). Эгерде тартиптик жазаны аткаруу көрсөтүлгөн мөөнөттө башталбаса,анда ал аткарылбайт. Тартиптик жазаны аткаруу төмөнкү учурларда мөөнөтүнөн мурда токто-тулат: - тартиптик жазаны колдонуу жөнүндө чечим жокко чыгарылганда; - аскер жыйындарына чакырылган, тартиптик жоопкерчиликке тартылганжаран же аскер кызматчысы курман (каза) болгондо, ал дайынсыз жоголупкеткенде же каза болду деп табылганда; - аскер жыйындарына чакырылган, тартиптик жоопкерчиликке тартылганжаран же аскер кызматчысы аскер кызматынан бошотулгандыгына (аскер жый-ындарынан чыгарылганда же аскер жыйындары аяктаганда) байланыштуу ас-кердик бөлүктүн өздүк курамынын тизмесинен чыгарылганда.". - төмөнкү маанидеги 4-пункт менен толукталсын: "4. Аскер жыйынына чакырылган Кыргыз Республикасынын жаранына жеаскер кызматчысына тартип жазасын колдонуу тууралуу тартип бузуу жорук-тары жөнүндө протокол түзүлөт. Протоколго анын түзүлгөн күнү, убактысыжана жери; протоколду түзгөн адамдын кызмат орду, аскердик наамы,аты-жөнү; аскер жыйынына чакырылган жаран же аскер кызматчысы жөнүндөмаалыматтар, аскер жыйынына чакырылган жаранды же аскер кызматчысынтинтип текшерүүдө, аларда болгон буюмдарды текшерүүдө, транспорттук ка-ражаттарын текшерүүдө жана (же) текшерүү жана медициналык текшерүү жүр-гүзүлгөн ырааттуулукта жана текшерүү, медициналык күбөлөндүрүү учурундабайкалган түрдө медициналык күбөлөндүрүүдө жазылат; бардык алынган бу-юмдар жана документтер алардын сандарын, көлөмүн, салмагын, жеке белги-лерин так көрсөтүү менен саналат жана жазылат, ошондой эле буюм далил-дерин белгилөөдө колдонулган фото- жана кино тартуулар, видео жазууларжана (же) башка ыкмалар жөнүндө жазылат. Протоколго буюм далилдерин белгилөөдө фото- жана кино тартуулар,видео жазуулар жана (же) башка ыкмаларды колдонуу менен алынган матери-алдар, ошондой эле медициналык текшерүү жөнүндө маалымкаттар (актылар)тиркелет. Протоколго аны түзгөн адам жана аскер жыйынына чакырылган жаран жеаскер кызматчысы кол коет, ал эми калыс күбөлөр же башка адамдар катыш-кан убакта - бул адамдар да кол коет. Аскер жыйынына чакырылган жаранже аскер кызматчысы протоколго кол коюудан баш тартса, анда тиешелүүжазуу киргизилет. Протокол тартип бузуу жоруктары жөнүндө материалдаргакошулуп көктөлөт."; 4-8-пункттар иретине жараша 5-9-пункттар болуп саналсын; 6-пункттун бешинчи абзацындагы "камакка алуу жөнүндө жазуу" дегенсөздөр "аскер кызматчысынын тартип бузуу жоруктары жөнүндө протокол"деген сөздөргө алмаштырылсын; - 9-пунктта: биринчи абзац төмөнкү редакцияда берилсин: "9. Аскер кызматчысы аскер бөлүгүнүн (мекеменин) же кызмат ордунунчегинен сырткары гауптвахтада кармоо менен камакка алуу колдонулушумүмкүн болгон одоно тартип бузуу жоруктарды жасаган учурда, аскер кыз-матчысын гарнизондун аскер коменданты убактылуу (48 саатка чейинки мөө-нөткө) кармашы мүмкүн, ал мындай аскер кызматчысына тартип бузуу жорук-тары жөнүндө протокол түзөт жана камакка алуу үчүн материалдарды соткожөнөтөт."; экинчи жана үчүнчү абзацтар алынып салынсын; - "Камакка алуу жөнүндө жазуулардын" формасы төмөнкү редакциядаберилсин: "Алдыњкы бети Аскер кызматчысынын тартип бузуу жоругу жөнүндө ПРОТОКОЛ __________________________________________________________________ (күнү, убактысы, орду) (протокол түзгөн _______________________________________________________________________ адамдын кызмат орду, аскердик наамы, аты-жөнү)_______________________________________________________________________ (аскер жыйынына чакырылган жаран же аскер кызматчысы жөнүндө маалыматтар_______________________________________________________________________ аскер кызматчысы жасаган укук бузуунун күнү, убактысы, орду, кырдаалы)______________________________________________________________________________________________________________________________________________ Арткы бети ______________________________________________________________________________________________________________________________________________ (протокол түзгөн адамдын кызмат орду, аскердик наамы, колу, аты-жөнү) _______________________________________________________________________ (тартип бузуу жоругун жасаган адамдын аскердик наамы, колу, аты-жөнү) БАШКА БЕЛГИЛЕР ҮЧҮН: ______________________________________________________________________________________________________________________________________________ 2-статья. "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Гарнизондук жана каро-ол кызматынын уставы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен ка-был алынган ("Эркинтоо" гезити, 1998-жыл, 23-сентябрь) Кыргыз Республи-касынын Куралдуу Күчтөрүнүн Гарнизондук жана кароол кызматынын уставынатөмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 1. Уставдын бардык текстти боюнча "ст." деген сөздөр тиешелүү сан-да жана жөндөмөдө "пункт" деген сөздөр менен алмаштырылсын. 2. 22-пункттун экинчи абзацындагы "үч сутка" деген сөз "эки сутка"деген сөздөргө алмаштырылсын. 3. 23-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "23. Кылмыш жасаганга шектүү болуп тергөөчү же баштапкы тергөө ор-гандары тарабынан кармалган аскер кызматчылары камакка алуу протоколу-нун негизинде эки суткадан ашык эмес мөөнөткө убактылуу кармалгандардынкамерасына же гауптвахтага жиберилет. Аларды андан ары кайтарыкта кар-моо соттун чечимине ылайык гана жүргүзүлөт.". 4. 45-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "- камакка алуу жөнүндө документтерди (соттун чечими, өкүмдүн кө-чүрмөсү) сактоо жана камакка алынгандардын документтеринин жана буюмда-рынын сакталышын камсыз кылуу;". 5. 163-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "- соттун чечими боюнча камакка алынгандарды, ошондой эле кармоожөнүндө протоколдун, тергөөчүнүн же баштапкы тергөө органынын токтому-нун негизинде кылмыш жасаганга шектүү деп кармалган аскер кызматчыларынгауптвахтанын башчысынын (аскердик бөлүк боюнча нөөмөтчүнүн) көрсөтмөсүкайтарууга алуу жана камакка алынгандарды, камалгандарды тийиштүү каме-раларга жайгаштыруу;". 6. Уставдын тиркемелеринин баардык тексти боюнча "ст." деген сөзтийиштүү сандар жана жөндөмөлөрдө "пункт" деген сөзгө алмаштырылсын. 7. 14-тиркемеге төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: - 2-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "- соттун чечими боюнча камакка алынган аскер кызматчылары(шектүүлөр, күнөөлүүлөр) - 2 суткадан ашык эмес; камакка алынган аскеркызматчыларын жердин алыстыгына же тийиштүү катнаш жолдору жок болгон-дугуна байланыштуу тергөө изоляторуна алып келүү мүмкүн болбогон өзгөчөучурларда, алар гауптвахтада 30 суткага чейин кармалышы мүмкүн;"; - 6-пунктта: биринчи абзацындагы "камакка алуу жөнүндө жазуу дептери " дегенсөздөр "аскер кызматчынын тартип бузуу жоруктары жөнүндө протокол жанасоттун чечими менен" деген сөздөргө алмаштырылсын; экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "Тергөөчү же баштапкы тергөөнү жүргүзгөн адам тарабынан камаккаалынган аскер кызматчылары гауптвахтага соттун камакка алуу жөнүндө че-чими менен, соттолгондор (соттолуп жаткандар) - аскердик соттун өкүмү(аныктамасы) менен жөнөтүлөт."; - 14-пунктта: биринчи абзацындагы "камакка алуу жөнүндө жазуу дептери" дегенсөздөр "аскер кызматчынын тартип бузуу жоруктары жөнүндө протокол жанасоттун чечими" деген сөздөр менен алмаштырылсын; төртүнчү абзацындагы "камакка алуу жөнүндө жазуу дептеринде" дегенсөздөр "аскер кызматчыларынын тартип бузуу жоруктары жөнүндө протокол-до" деген сөздөр менен алмаштырылсын; жетинчи абзацындагы "камакка алуу жөнүндө жазуу дептери" дегенсөздөр "аскер кызматчыларынын тартип бузуу жоруктары жөнүндө протоколжана соттун чечими" деген сөздөр менен алмаштырылсын. сегизинчи абзацындагы "камакка алуу жөнүндө жазуу дептери" дегенсөздөр "Аскер кызматчыларынын тартип бузуу жоруктары жөнүндө протокол,соттун чечими" деген сөздөр менен алмаштырылсын; 16-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "16. Кароол башчысы камакка алынганды кабыл алып, аскер кызматчы-сынын тартип бузуу жоруктары жөнүндө протоколго кол коет жана протокол-ду гауптвахтанын башчысына (аскер бөлүгү боюнча нөөмөтчүгө) кайтарыпберет. Гауптвахтанын башчысы (аскер бөлүгү боюнча нөөмөтчү) тартип бузуужоруктары жөнүндө протоколду, камакка алуу жөнүндө соттун чечимин өзүн-дө калтырат жана конвойчуга (коштоочуга) камакка алынганды кабыл алган-дыгы тууралуу тилкат берет, ал камакка алынганды гауптвахтага жөнөткөнадамга берилет."; 18-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: "18. Камакка алынгандар гауптвахтада белгиленген эрежелерди таксактоого, гауптвахтанын башчысынын (аскер бөлүгү боюнча нөөмөтчүнүн)жана кароолдун өздүк курамынын талаптарын аткарууга милдеттүү. Гауптвахтада белгиленген ички тартип эрежелерин сактабаган же ас-кердик тартипти бузган жана ишке көњүл кош мамиле кылган тартиптикирээтте камакка алынгандарга кошумча тартиптик жаза берилиши мүмкүн,ошондой эле соттун кийинки чечими боюнча кошумча тартиптик камакка алы-нышы мүмкүн."; - 28-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "Дарылоо мекемесине жөнөтүлгөн камакка алынгандар айыккандан кийинөздөрүнүн аскердик бөлүктөрүнө келишет. Андан аркы камакта болуу жөнүн-дө чечимди камакка алган сот чыгарат."; - 29-пункттун биринчи абзацындагы "камакка алуу жөнүндө жазуу деп-терлерине" деген сөздөр "тартип бузуу жоруктары жөнүндө протоколго жанасоттун чечимине" деген сөздөр менен алмаштырылсын. - 34-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "34. Соттун чечими боюнча тартиптик ирээтте камакка алынган аскеркызматчыларын кармоо, кайтаруу жана конвоирлөө тартиби, ошондой элесоттолгондорду жазаны өтөө жерлерине чейин жеткирүү тартиби баштапкытергөө органы, аскер прокурору же аскер соту менен макулдашуу боюнчагарнизондун аскер коменданты (аскердик бөлүктүн штаб башчысы) тарабынанбелгиленет."; - 36-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "Жогорку жана жергиликтүү мамлекеттик бийлик жана башкаруу орган-дарына шайлоо күнүнүн алдында тартиптик ирээтте камакка алынгандар сот-тун чечимине ылайык гауптвахтадан бошотулат.". 3-статья. "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Ички кызматынын уставыжөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы ("Эркинтоо" гезити, 1998-жыл,16-сентябрь) менен кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтө-рүнүн Ички кызматынын уставына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 1. Уставдын бардык тексти боюнча "ст." деген сөз тийиштүү сандажана жөндөмөлөрдө "пункт" деген сөзгө алмаштырылсын. 2. 25-пункттагы "жана башка административдик жазалар" деген сөздөралынып салынсын. 3. 27-пункттагы "аскер кызматчыларынын материалдык жоопкерчилигижөнүндө жобого" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына" де-ген сөздөргө алмаштырылсын. 4. 28-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "28. Аскер кызматчылары жасаган кылмыштары үчүн Кыргыз Республика-сынын Кылмыш-жаза кодексине ылайык жазык жоопкерчилигин тартышат.". 5. 69-пункттагы "мас абалында" деген сөздөр "алкоголго, наркотиккеже ууланып мас болуу абалында" деген сөздөргө алмаштырылсын. 6. 291-пункттун он төртүнчү абзацындагы "камакка алуу жөнүндө жа-зуу дептери" деген сөздөр "аскер кызматчынын тартип бузуу жоруктары жө-нүндө протокол" деген сөздөр менен алмаштырылсын. 7. Уставдын тиркемелеринин бардык тексти боюнча "ст." деген сөзтийиштүү сандарда жана жөндөмөлөрдө "пункт" деген сөзгө алмаштырылсын. 4-статья. Бул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти