ТоктомКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-октябрындагы № 497 «Бүткүл Россиялык мамлекеттик телерадиоберүүчү компаниянын Федерациялык Мамлекеттик Унитардык Ишканасынын телерадиоберүү программаларын Кыргыз Республикасынын аймагына таратуу жөнүндө»токтому

Редакция23.10.2007 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 23-октябры № 497                КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ        Бүткүл Россиялык мамлекеттик телерадиоберүүчү компаниянын            Федерациялык Мамлекеттик Унитардык Ишканасынын         телерадиоберүү программаларын Кыргыз Республикасынын                       аймагына таратуу жөнүндө      Бүткүл Россиялык  мамлекеттик телерадиоберүүчү компаниянын Федера-циялык Мамлекеттик  Унитардык  Ишканасынын  (мындан  ары  - ФГУП ВГТРК)"РТР-Планета", "Культура" жана "Радио России" теле жана радиопрограмма-ларын Кыргыз  Республикасынын  аймагында  берүүнү камсыздоо максатында,Россия Федерациясынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ор-тосунда 1996-жылдын  28-мартында  Москва шаарында кол коюлган Россиянынтелерадиоберүүчү уюмдарынын программаларын Кыргыз Республикасынын айма-гында таратуунун  тартиби жана шарттары жөнүндө макулдашуунун 5-статья-сына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:     1. ФГУП  ВГТРКнын  россиянын мамлекеттик "РТР-Планета", "Культура"жана "Радио  России" теле жана радиопрограммаларын Кыргыз Республикасы-нын аймагында  ФГУП ВГТРКнын каржылоосунун эсебинен таратуу жөнүндө де-милгеси колдоого алынсын.     2. Кыргыз  Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мам-лекеттик комитети  ФГУП  ВГТРКнын теле жана радио программаларын КыргызРеспубликасынын аймагында  таратуу үчүн техникалык каражаттарды бир жылмөөнөткө берүү жана андан ары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн макулду-гу менен узартып туруу жөнүндө ФГУП ВГТРК менен келишим түзүү маселесин"Кыргызтелеком" ачык  акционердик коомунун башкаруу органдарынын кароо-суна аныкталган тартипте киргизсин.     3. Кыргыз  Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги Кыр-гыз Республикасынын  аймагына  таратылчу теле жана радиопрограммалардынмазмун жагын контролдоо маселесин иштеп чыксын.       Кыргыз Республикасынын Премьер-министри           А.Атамбаев