КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 23-октябры № 508 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын
Конституциясынын 64-статьясына ылайык Кыр-гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. "Муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамынаөзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз РеспубликасынынМыйзам долбоору жактырылсын. 2. Көрсөтүлгөн мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Ке-њешинин кароосуна киргизилсин. 3. Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштерибоюнча улуттук агенттигинин директору (макулдашуу боюнча) аталган мый-зам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши караган учурда Кыр-гыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Атамбаев Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуу 1-статья "Муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына("Эркинтоо" газетасы, 2004-жылдын 31-августу, № 75) төмөнкүдөй өзгөр-түүлөр жана толуктоо киргизилсин: 1. 12-статьяда: - төртүнчү жана бешинчи абзацтар алып салынсын; - төмөнкү мазмундагы бөлүк менен толукталсын: "Администрациялык муниципалдык кызматты ээлеген муниципалдык кыз-матчыларга класстык чендерди берүү тартиби Кыргыз Республикасынын Пре-зиденти бекиткен укуктук ченемдик актылар менен аныкталат.". 2. 28-статьяда: - биринчи бөлүктүн экинчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Өк-мөтү" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Президенти" деген сөздөр ме-нен алмаштырылсын; - үчүнчү бөлүк алып салынсын. 2-статья Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти